ЭРИНЧЭЭК КАРГА

Бир күнү карга кумурска менен достошкону келди. Жаңы досу кучак жайып тосуп алды. Дасторкон жайылды. Түркүн чөптүн жыттуу бүрү менен жемиши, ширин даны коюлду. Карганын шилекейи чууруду. Мээнеткеч досу коногунан эч нерсе аяган жок, болгон сый-урматын көрсөттү. Жеп-ичкени келген карга болсо көз ирмемге тынбады, оозун жыйбады.
– Урматтуу каргатай, сен ичип-жеп отур, эч тартынба. Кечээ баштаган ишим аягына чыкпай турат. Ошону бүтүрө салайын,- деди бир оокумда кумурска кабатырлана.
Карга эмне демек, дасторкон четинде өзү жалгыз калды. Курсагы челкейип тойду. Кечке отурду, уйку басты. Үргүлөп, көзү араң эле ачылып-жумулуп жатты. А кумурсканын иши бүтпөй койду, бирде күрөгүн ала чуркаса, бирде дан-чөптүн бүрүн ташыйт. Буту-бутуна тийбей чуркайт. Акыбети кайтып көптөгөн кампа толду. Ошондо да тыным албаган кумурсканы карап отуруп чарчаган карга керилип-чоюлуп, боюн түзөп:
– Ээ, кукентай, биртке эс алчы! Белиң кылдай болуп үзүлгөнү калыптыр,- деп челкейген курсагын сылап койду карга.
Мээнеткеч кумурска какылдак досу бир жылдык азыгын жеп койгонун көңүлүнө албады.
– Макул, эс алса алайынчы,- деп коюп күрөгүн таштап, шыпырынып кирди. Чөп-чардын кашегин чыгарды. Каптардын оозун бууду.
– Ыя, досум, качан жаныма келесиң? Качан чер жаза сүйлөшөбүз? Качан эс аласың? Сени күтө берип чарчадым. Сүйлөшкөнгө бирөө табылбай аябай эриктим.
– Сабыр кыл, каргатай, аз калды. Балта көтөргөнчө дөңгөч эс алат. Күрөктү таштап шыпырынып киргеним, же шыпыргыны коюп кап-кап толтура дан ташый баштаганым – менин эс алганым. Биз ошентип иш арасында иш алмаштырып эс алабыз, сен ага таарынба!- деди кумурска досу мурутун жанып.
Карга оорутпай башты:
– Кайда барсам да менин ырыскым жолдо тура! Кумурска менен достошуп эригип өлүп кетпейин. Анан анын сөзгө сараңдыгын кантесиң! Шаан-шөкөттү сүйгөн жаным коколой
калбасын! Кукентай, жумушуң бүткөндө дагы бир кайрылып өтөрмүн. Ошого дейре кош бол!- деп караанын үзгөнчө шашты.
Балдар, силерге кайсы дос жакты?

Жапарали Осмонкулов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Bodibilding
2014-12-01 14:12:21
кумурска
0
kubzero
2014-12-04 10:42:49
Кумурскадай иштеп каргадай эс ал
0
№ 630, 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан