Ангина – латын сөзү. Бизче которгондо “кысуу, муунтуу” деген түшүнүктү берет. Аталган ооруга көбүнчө 30 жашка чейинкилер чалдыгат. Оору жазында, күзүндө жана кышында күч алат.
Ооруну стрептококк бактериялары козгойт
Ангина сасык тумоо сымал эле жугуштуу оору. Ооруну стрептококк бактериялары козгойт. Аталган бактерияларды кир идиш-аяктар жана жуулбаган жемиштерди колдонгондо, ангинага чалдыккан адам менен байланышканда жуктуруп алууга болот. Кир аба менен дем алуу, күн суукта катуу үшүү ооруну күчөтүп жиберет.
Бактерия соо адамга оорулуунун жөтөлү, чүчкүрүгү, колдонгон сүлгүсү, идиши аркылуу жугат. Ошондой эле өбүшүү, кол менен учурашуудан да жугары маалым.
Бүт организмди жабыркатат
Ооз көңдөйүндө алкым бездери (миндалиналар) жайгашкан. Алар коргоочу кызматты аткарышат. Кабыл алган тамак-аш жана дем алган аба аркылуу организмге микробдордун кирип кетпөөсүн көзөмөлдөйт. Эгер ал бездер болбосо, организмибизге түркүн бактериялар түз эле өтүп кетмек. Алкым бездери кан жана зат алмашуу процессине да катышат. Андыктан тамак ооруганда батыраак айыгууга шашылуу кажет. Болбосо, сезгенген жердеги ириңдер канга өтүп, организмди ууландырат.
Оору тереңдеп кетсе...
Оору тереңдеп кетсе (тонзиллит), башкача айтканда, жылына 3-4 жолу кармаса, анда ангина жүрөктүн жана муундардын оорусуна, бөйрөктүн пиелонефрит оорусуна, аллергиялык оорулардын курчуп кетишине, өпкөнүн сезгенүүсүнө жеткирет. Буга кошо кулак да сезгенип, угуунун начарлайт.
Ангина 3 түргө бөлүнөт:
Иммунитет төмөндөп кеткенде майда козу карын сымал организмдер ангинаны козгойт.
Оорунун белгилери
Диагноз жана дарылоо
Диагноз үчүн оорулуунун алкым бездеринин үстүнөн акырындык менен кырынды (мазок) алынып, текшерүүдөн өткөрүлөт. Текшерүүнүн жыйынтыгына карап дарылоо сунушталат. Ангинаны антибиотиксиз дарылоо мүмкүн эмес. Буга кошумча, өз алдынча дарыланууга болбойт. Анткени кээ бир антибиотиктер ангинаны козгоочу бактерияларга таасир этпейт. Андыктан врач-отоларинголог жазып берген дары-дармекти гана колдонуу кажет. Айыккан соң 1-2 айдан кийин кайра анализ тапшыруу кажет. Анткени оору кабылдап, кайра кармашы мүмкүн.
Эгерде ангина менен ооругандан кийин муундар ооруй баштаса, анда сөзсүз түрдө ревматологго кайрылуу зарыл.
Негизи, адам жылына 1-2 жолу ангина менен ооруса, бул норма катары кабыл алынат. Эгер оору жылына 4 же андан да көп жолу кармаса, анда оору өтүшүп баратат деп түшүнсөк болот. Андыктан мындай учурда операция жасатып, алкым бездерин алдырып салууга туура келет.
Спирт менен компресс жасоого болбойт!
Спирттен жасалган компресс алкым бездерин ысып чыгууга жеткирет. Натыйжада алкым бездерге кан көп келип, инфекциянын канга өтүп, бүт организмге тарап кетишин шарттайт. Андыктан компрессти колдонбоо керек.
Дарыланууда моюнду жылуу жоолук же шарф менен ороп, төшөктө жатуу зарыл. Эгер үйдө дарыланууга туура келсе, анда оору жугуштуу экенин эске алып, оорулуунун идиш-аягын, сүлгүсүн бөлүп коюу керек.
Тамакты чайкоо үчүн...
1 күндө тамакты 3-4 жолу чайкоо кажет. Чайкоо үчүн аш тузу (1 стакан жылуу сууга 1 чай кашык), аш содасы (1 стакан жылуу сууга 1-2 чай кашык), шалфейдин же ромашканын кайнатмасы (1 чай кашык чөптү 1стакан сууга салып кайнатуу) керектелет.
Суусундукту көп ичүү кажет. Мисалы, лимон кошулган чай, сүт, компот, ширелер, чөп чай, газдалбаган минералдык суу. Булар тамактагы оорутууну басаңдатып, организмден уулуу заттардын чыгышына жардам берет. Ал эми туздалган жана кычкыл тамак-аштарды колдонууга болбойт. Булар тамакты дүүлүктүрөт.
Силер билесиңерби?
КУЛАКТЫН КУЛКУСУ ТУУРАЛУУ
Кулку – жабышкак зат экени баарыбызга маалым. Ага кулак аркылуу кирген чаң, ылай, бактериялар, козу карын сымал майда организмдер (грибок) жабышып, кулактын тереңине кирбей калат. Кулкуда өзгөчө фермент-лизозималар бар. Аталган клеткалар чоочун бактерияларды өзүнө жабыштырып алып, анан аларды эритет.
Кулакты тазалаганда чеги менен тазалоо керек. Анткени кулкуну канчалык чукуп алып чыга берсе, организм “кулкуну аз чыгарып жатыптырмын” деп ойлоп, көп иштеп чыгарууга аргасыз болот.
АДАМ ЭМНЕ ҮЧҮН КӨЗҮН ИРМЕЙТ?
Орточо эсеп менен адам 2-10 секунд аралыгында 1 жолу көзүн ирмейт. Көздүн сурмалары көрүү органын сырткы чөйрөнүн терс таасирлеринен сактай тургандыктан, адам автоматтык түрдө көз ирмейт.
Көз ары-бери кыймылдап турушу үчүн сурманын ич жагын жана дегеле көздү каптап турган түссүз мембрана (коньюктив) атайын суюктук бөлүп чыгарып турат. Көзүбүздү ирмегенде, сурма ошол суюктукту көздүн кычыктарына чейин таратат.
ТЫРМАК КАНТИП ӨСӨТ?
Чач сымал эле тырмактар да өлгөн ткандардан жаралат. Андыктан тырмак алганда оорубайт. Колдогу тырмактар буттукуна караганда 3 эсе бат өсөт. Ошондо бир жылда тырмак 4 сантиметрге чейин өсө алат. Негизи, тырмак күн жылуу мезгилде, демек, жайкысын жакшы өсөт. Анткени ысыкта зат алмашуу бат жүрөт.
Элдик медицинадан
АНГИНА КАРМАСА...
Жогоруда берилген ыкмаларды колдонуудан мурда дарыгерге кайрылып, анын кеңеши менен гана пайдалануу кажет.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg