Айнура Токтошева, Жогорку Соттун басма сөз катчысы: «СОТТУН ӨКҮМҮН УГУЗУУ ЖАМАН КАБАРДЫ УГУЗГАНГА БАРАБАР»

Турмушта бир кылмыш туурасында сөз угуп калсаң, көпкө чейин ошол окуяны унута албай, бирде кыжырың келип, бирде бооруң ооруйт. Эми элестетиңиз, сиздин жумуш күн сайын ушундай чуулгандуу иштер жөнүндө маалымат берүү болсо, эмне кылат элеңиз? Кыйын эле дешиңиз мүмкүн. Биз бүгүн дал ушундай адам менен маек курууну чечтик. Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева кесибинин көшөгө артындагы оош-кыйыштары менен бөлүшөт.

– Жакын арада мамлекеттик органдарда иштеген басма сөз кызматкерлеринин арасында «эң мыкты» болуп аталдыңыз. Маалымат катчылыкты аркалап жатканыңызга 2 жылдан ашуун убакыт өттү. Бул кызматка кантип келип калдыңыз эле?
– Жогорку Соттун басма сөз катчылыгына 2012-жылы сынак жарыяланган. Документтеримди алып барып тапшырдым. Сынак эки тур менен өттү, биринчиси өлкөбүздүн мыйзамдары жана мамлекеттик кызматкерге тиешелүү суроолор боюнча Мамлекеттик кадр кызматында тестирлөө болду. Андан керектүү делген баллдарды алып, өттүм. Экинчи тур Жогорку Сотто оозеки түрдө болуп, 10го жакын комиссия мүчөлөрү кеңешип, бир чечим менен мени иш ордуна алышып, Жогорку Сотко келип калгам.

– Жогорку Сот дегендин өзү эле катуу угулат, анда иштеп кетүү ар бир эле адистин колунан келе бербечүдөй сезилет... Ошондой эле сиздин кызмат башка басма сөз кызматтарынан айырмаланат деп ойлойсузбу?
– Айырмачылык болушу мүмкүн. Себеби Жогорку Сот, аты айтып тургандай, сот системинин эң чокусунда турган көзөмөлдөөчү орган. Анын басма сөз катчысы да органдын деңгээлинде мыкты болушу керек, ал органдын жүзү болуп эсептелинет. Күнүгө биздин имаратта миңдеген адамдардын тагдыры чечилет. Биздеги оорчулук, мисалы, бүгүн сот чечими чыкса, ал оозеки эле уктурулат, бирок акыркы өкүм коомчулукка өтө кызык, ошол үчүн маалыматты кабарчыларга дароо жеткирүү керек болот. Ал эми соттун чечиминин жазуу түрүндөгү үлгүсүн алуу үчүн 10 күн күтүү керек. Биз айтылган маалыматты коомчулукка туура жана оперативдүү түрдө, башкача айтканда, ысык кезинде жеткиребиз.
Мындан тышкары сотто сөзсүз бир тарап нааразы болот. Сот процессине ыраазы болуп кеткен учурлар өтө аз. Нааразы тарап көбүнчө маалымат жыйын берип, митингге чыгышып, ушундай жолдор менен сотторду жаманатты кылууга аракет жасайт. Мындан улам биздин жумуш дагы көбөйөт.
Мен ишимди өтө жооптуу деп эсептейм. Соттун өкүмүн угузуу бир тарапка жаман кабарды угузганга барабар. Ар бир маалыматты кылдаттык менен таркатыш керек. Ким болбосун соттолгон адамдын аркасында ата-энеси, туугандары, балдары, жакындары бар. Өкүм чыккан маал алар үчүн өтө трагедиялуу күн да. Анан көп учурда кесиптештер келип сурашат «бүгүн же жакын арада кызыктуу сот процесси барбы?» деп. Мен ошондо журналисттерге «ар бир сот процесси – адамдын тагдыры, анын баары маанилүү» деп айтып калам.

– Жетекчилигиңиз өзүн-өзү актоо максатында «чындыкка дал келбеген эле материалды таркат» десе эмне кылмаксыз?
– Мындай ыкма биздин тармакка такыр дал келбейт, соттун чыгарган чечими боюнча гана комментарий беребиз. Ал чечим калп же чын деп бөлүнбөйт, мыйзамдуу анан мыйзамсыз чечим болуп калышы мүмкүн. Бирок аны мезгил таразалайт, ким болбосун, кайсы соттун чечими болбосун, ал барак бетинде калып жаткандан кийин тарых бетинде да калып жатат. Ага чечимди чыгарган сот жооп берет. Буга чейин тажрыйбамда бир да жолу «чындыкка дал келбеген маалыматты таркат» деп жетекчилик жактан сөздөр болгон жок.

Коомчулукка басма сөз катчынын иш графиги кызыгууну жаратат, бир күндүк жумуш убактыңыз кандай өтөт?
– Бул жерде бир күнүң экинчисине окшошпойт. Сөзсүз түрдө күнүнө бир резонанстуу иш каралат, бир күндө кээде журналисттерге 3-4 жолу комментарий берем. Жалпыга маалымдоо каражаттары чалбай койгон күндөр болбойт. Анан чыгармачыл адам болгондон кийин баары бир өзүмдүн кесиптештерим менен көп мамиле-алакада болом. Алар ар кандай маданий иш-чараларды өткөрүшсө чакырышат. Эгер мен эч жакка барбай түз сотко барып, кайра ошол жерден иш кабинетине келип отурсам, анда чүнчүп кетишим мүмкүн.

– Жумушуңузга байланыштуу кызыктуу окуялар да болсо керек...
– Менин Жогорку Сотко жаңы келген учурум. Бир сот процессине кирдим, ал боюнча кесиптештерим «айтып бериңизчи» деп суранышты. Анда бир жаш баланын өлүмү каралып жаткан. Түнкү клубда балдар уруша кетип, бир бала экинчи баланы колу менен катуу урган экен, ошондон тиги бала каза болуп калган. Анан ушундай соттук иш Жогорку Сотко чейин келиптир. Каза болгон баланын апасынын ошондо айткан сөзү мага катуу таасир бериптир. Ал «Адам өлтүргөндөн кийин кунун деле төлөйт, баланын алдынан деле өтүп койсоңор арбак ыраазы болот беле?..» деп айтты. Сот процессинде отуруп ыйладым. Көпкө чейин жумуштагылар «бизге жаңы басма сөз катчы келип, сот процессинде ыйлады» деп күлүп жүрүштү. Мен ошондо соттордун жумушу ушунчалык оор экенин билдим.

– Өзүңүздү оор жумуштан кантип эс алдырасыз, терс көрүнүштөрдү ойлобогонго кантип аракет кыласыз?
– Үйгө барганда жумушта болгон кайгы-капанын баарын унутканга, ишти үйгө алып кетпегенге аракет кылам. Бирок ошондо дагы журналисттер мага чалып, жумушумду эстетип турушат. Кээде дем алыш күндөрү да бир резонанстуу иштер боюнча баш коргоо чарасы кандайдыр бир сотто каралып жатса сурашат. Анан алаксыганга аракет кылам, көбүнчө руханий байлык алыш үчүн чыгармачыл досторум, маданият жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү менен көбүрөөк жолугушуп турам. Алардан жакшы жаңылык угуп, жан дүйнөмдү жагымдуу окуяларга байытпасам, руханий жактан арыктап жок болуп кетем деп корком. Анын үстүнө көп отуруп, көп жазган жумушта иштегендиктен ден соолугумду, келбетимди ойлоп, чыгыш бий курсуна жазылып алгам. Мындан тышкары үй-бүлөбүз менен күн алыс бассейнге барып турабыз, тоого чыгып келебиз.

– Өзүңүздү бактылуу адаммын деп эсептейсизби же бактылуу болуш үчүн дагы көп нерселерге жетиш керек деп ойлойсузбу?
– Мен өзүмдү бактылуу адаммын деп эсептейм, Жаратканым эмнени сурасам ошону берип келе жатат. Айымдарга керектүү нерселерден мени Кудай куру калтырбаптыр. Бирок «алма быш, оозума түш» деп отура берген болбойт, баарына адам өзү аракеттене берсе, эмгек эч качан жерде калбайт, акыбети сөзсүз кайтат.

– Жакынкы жылдарга планыңыз кандай? Эмдиги жылы өтүүчү парламенттик шайлоодо 2010-жылдагыдай КСДПнын медиа тармагын жетектөө сунушу боло элекпи?
– Негизи алдыга койгон жакшы максаттарым бар, аларды убагы келгенде айтып берейин. Жашыруун деле эмес, чындыгында, жалгыз эле КСДП эмес, башка партиялардан дагы «биз менен иштебейсиңби?..» деген сыяктуу сунуштар болуп жатат. Бирок мен азыр ал жөнүндө ойлонгон жокмун. Азыр мамлекеттик кызматта иштеп жаткандыктан, башка жумуштар менен алек болбошум керек.

ТАБИТИҢИЗ КАНДАЙ?
Автоунаа – Тойота
Телефон – Самсунг, Нокиа
Кийинүү стили – Классикалык
Тасма – Француз киносу «1+1»
Китеп – Чыңгыз Айтматовдун бардык чыгармалары, ошондой эле маркетингге байланыштуу илимий китептер
Актёр – Сүймөнкул Чокморов, Таттыбүбү Турсунбаева
Көп айткан сөзү – Кудай буюрса

Наргиза Бекжанова,
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Deniza88
2014-12-01 17:42:46
Карт бойдок кинодогу агент 007 аялга окшош экен
+1
restreppo
2014-12-02 01:24:31
сулуу аял экен кыздары барбы ким билет7
+1
narjan
2014-12-03 12:30:06
restreppo, ,бир уулдун апасы
0
erikkarakulja
2014-12-02 13:00:12
Ыя кыйынчылык болсо ордунузду откоруп берсениз деле болот кыйналбай иштей тургандар бар.
0
erikkarakulja
2014-12-02 13:04:55
Албете тоого,басейинге,бийге сиз барбасаныз болбой калбайбы,(каяка батырабыз$)
0
№ 630, 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан