ЖЕННИФЕР ЛОУРЕНС

Миллиондордун көңүлүнө толгон «Ачкачылык оюндары» ("Голодные игры") тасмасынын 3-бөлүгү көрүүчүлөргө тартууланды. Тасмадагы Китнисс Эвердиндин образын жараткан актриса Женнифер Лоуренс тууралуу баян кызыктуу гана эмес, жагымдуу да болсо керек. Анда жаш актрисанын чыгармачылыгына, жеке жашоосуна көңүлүңүздөрдү бурабыз.

«ӨЗ ТАГДЫРЫМДЫ ӨЗҮМ ЧЕЧЕМ»
Актриса Женнифер Лоуренс 1990-жылы АКШнын Кентукки штатындагы Луисвилле шаарында жарыкка келген. Болочоктогу жылдыз карапайым үй-бүлөдөн чыккан.Өзүнөн улуу Бэн жана Блэйн аттуу агалары бар. Анын атасы үй куруучу болсо, апасы жаш балдар эс алуучу лагерде иштеген. Кызынын шыгын байкаган менен, ата-энеси ага эч кандай жардам бере алышкан эмес. Тырышчаак Женни 14 жашында үй-бүлөсүнүн каршылыгына карабай «өз тагдырымды өзүм чечем» деп Нью-Йоркко жалгыз барып, ар кайсы киностудиялардын эшигин каккылай баштайт. Айтканынан кайтпаган таланттуу кыз мектепти эки жылга эрте аяктап, келечегине билек түрө киришет. Женнифер «Монк детектив» аттуу сериалга тартылганда 16 жашка толо элек болчу. Эки жыл өтпөй «Жалындаган түзөң» ("Пылающая равнина") аттуу көркөм тасмага тартылган соң элге келечеги бар актриса катары таанылган. Ал тартылган кандай гана тасма болбосун киносынчылар анын ишинен кынтык таба алышкан эмес.

АТААНДАШТЫКТАН ЧЫЙРАЛАТ
Жаштайынан Женни мырзалардыкындай күчтүү, алдыга койгон максатынан тайбаган, атаандаштыктан сынбаган мүнөзгө ээ. Ага атактуулуктун өзгөчө даамын таттырган «Ачкачылык оюндары» тасмасындагы баш каармандын ролун алуу үчүн актриса атаандаштарын басып өткөн. Аталган романдын автору Женниферди көргөн соң анын өзүнө ишенген көз карашын, дене түзүлүшүн жактырып, "башка эч бир актрисанын тартылышын каалабайм" деген пикирин билгизген. Себеби актриса чыгармадагы Китнисс Эвердинге өтө окшош эле. Тасма үчүн актриса бир нече ай машыгуучу залдан чыккан эмес, бирок эң чоң курмандыгы деп сары чачын кара түскө боёгонун айтат.
2004-жылы "Женнифер Лоуренс ким?" деген суроого америкалыктар ийинин куушурушса, азыр Женни дүйнөдөгү эң көп маяна төлөнчү актрисалардын катарында. Тагыраак айтканда, Анжелина Жолиден кийинки 2-орунду ээлейт. Анын талантына таң берген киносынчылардын айтымында, Женнифер жашоосунун жарымына чейин жумушсуз калам деп кабатырланбай эле койсо болот.

СҮЙҮҮДӨ ТУРУКТУУ...
Женнифер кино дүйнөсүнө келгенден бери анын бир гана жигит менен болгон мамилеси белгилүү. Актёр Николас Холтту эл бир нече жылдан бери Женнинин сүйүктүүсү катары билишет. Экөөнүн сүйүү мамилеси 2011-жылы «Икс адамдар. Биринчи класс» ("Люди Икс. Первый класс") тасмасы тартылып жаткан учурда башталган. Анда Женнифер дайыма кубулуп турчу Мистик аттуу кыздын образында болсо, жигити Хэнк Маккой аттуу жырткычтын ролун жараткан. 2013-жылдын башында экөө эки ажырым жолго түшүшөт. Мындан кийин эле актрисанын актёр Брэдли Купер менен мамилеси бар экен деген ушактар тарайт. Бул алардын чогуу «Менин жигитим жинди» ("Мой парень псих") аттуу бир тасмада сүйүшкөндөрдүн образын жаратышканынан улам келип чыккан. Бирок Брэдли: «Женнифер менин оюмдагыдай айым. Бирок ал менин кызымдай куракта. Мендей карыган мырза ага түгөй эмес» деп болгон ушактарга чекит койгон. Ошол эле жылдын этегинде Женнифер жигити Николас менен мамилесин түзөп, «мен сүйүүдө туруктуумун жана аны далилдедим» деген.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР:

  • Сологойлугунан улам тасмага тартылуу учурунда көп кыйналат.
  • «People» журналы 2013-жылдын эсебинен актрисага дүйнөдөгү эң сулуу адамдардын тизмесинен 6-орунду ыйгарышса, ошол эле жылы эркектер арасындагы сурамжылоонун жыйынтыгында эркектердин табитиндеги №1-айым аталган.
  • "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземинде актриса сахнага чыкканча бир нече ирет кулаган, айрымдар аны мас деп ойлошкон. Ал эми Женни көйнөгү ыңгайсыз болуп жана сүрдөнгөнүнөн улам да кулаганын айтат.
  • "Голливудда чырсыз жашоо мүмкүн эмес" демекчи, актрисанын компьютериндеги жылаңач сүрөттөрү элге тарап кетип, анын айынан талкууга алынган.
«Икс адамдар. Биринчи класс» тасмасындагы Мистиктин образы үчүн «2011-жылдын мыкты өзгөрүүсү» деген сыйлыкка татыган.

Женни «Алтын глобус” жана «Оскар” сыйлыктарынын эң жаш ээлеринин бири.

Женнифер жигити Николас менен.

Брэдли Купер менен сүйүү мамилесинде деген ушактар акыры четке кагылган.

«Ачкачылык оюндары” («Голодные игры») тасмасындагы баш каармандардын үңкүрдө өбүшкөн эпизоду «2013-жылдын эң назик өбүшүүсү» деп аталган.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Feijipiao
2014-12-01 15:40:24
Ох суйомго ушул тасманы.
0
askar92
2014-12-02 01:37:39
Ким горо элек болсо сунуштайм
0
№ 630, 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан