АКЫЛДУУ СААТТАР ЖАНА БИЛЕРИКТЕР

Алгач бул эки акылдуунун айырмасын билип алалы. Сыртынан караганда экөө окшош жана аткара турган иши деле бири-биринен көп айырмаланбайт. Экөөнүн жардамы менен коомдук унаадабы, жумуштабы, айтор, телефон чалууларды же билдирүүлөрдү кабыл алууга болот. Бирок мында акылдуу сааттардын батареясы орто эсеп менен 5 саатка чейин жетсе, акылдуу билериктер 7 күнгө чейин жетет. Бул акылдуулар смартфондорго блютуз аркылуу туташат.

АКЫЛДУУ БИЛЕРИКТЕР
Негизинен спорт менен машыгып, ден соолугуна өзгөчө көңүл бурган адамдарга ылайыкталып чыгарылган. Алар адамдын активдүүлүгүнө баам салып турат. Мисалы, саатты, сиз канча убакытта канча кадам шилтегениңизди, канча калорий сарптаганыңызды көрсөтөт. Телефондун жардамы менен азык-түлүктүн штрих-кодун сүрөткө тартып алсаңыз, билерик анда канча калорий бар экенин эсептеп чыгат.
Мыкты машыктыруучу. Спорттук көнүгүүлөрдү жасап жатканда анын мөөнөтүн, күчүңүздү текшерип айтып турат. Чарчап кеттим деп көпкө эс алып калсаңыз «тур, дагы машыгышың керек» деген белги берип тынчыңызды алат.
Дарыгер. Билерик уйкуңузду көзөмөлгө алып, жүрөктүн согушун санайт. Бул аркылуу ал сиздин уйкуңуз кангандыгын же ашыкча уктап койгонуңузду көрсөтүп, сизге кандай режим зарылдыгын маалымдап, дарыгерлик милдетти да аткарат. Бир гана талап: туура формуланы алуу үчүн билерикти дайыма тагынып жүрүшүңүз керек.
Жардамчы. Машыгуу же дагы башка учурда жаракат алып өз алдыңызча ооруканага жете албай турсаңыз, куткаруучуларды же жакындарыңызды жардамга чакыруу үчүн бир гана кнопканы басуу менен дарегиңизди кошо көрсөткөн билдирүү жөнөтүүгө болот. Ошондой эле балдарынын кайда жүргөнүн билип туруу үчүн ата-энелерге арналып чыгарылган билериктер да бар. Анын жардамы менен балаңыздын кайда жүргөнүн байкап турасыз жана керектүү учурда балаңыз сизге жалгыз кнопканы басуу менен байланышка чыга алат.
Байланыш. Кирген чалууларды жана СМС-билдирүүлөрдү маалымдап турат.
Бишкектеги баасы 300 доллардын тегерегинде.

АКЫЛДУУ СААТТАР
Акылдуу сааттарда жогорудагы мээси иштеген билериктердеги кызматтардын баары камтылган жана андан башка дагы көптөгөн кызматтар бар. Алсак, электрондук почтага келген каттар, кабыл алынбай калган чалуулар, СМС-билдирүүлөрдөн кабардар кылат жана чөнтөктөгү же алыс жакта турган телефонду башкарууга да болот. Мындан сырткары видеого жана сүрөткө тартуу үчүн камера орнотулган.
Бишкектеги баасы 200 доллардын тегерегинде.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Сууга түшүп кеткен телефонго биринчи жардам
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
kubzero
2014-12-01 15:23:46
Мына сага жакшы маалымат!
0
Zamknutaya92
2014-12-02 01:50:55
Мынча сонун! Жалал Абадда сатылабы билгендер барбы?
0
zzz---zzz
2014-12-03 01:56:33
Кайсы дареке кайрылсак болот жасалмасы жокбу?
0
guju_90
2014-12-05 01:23:57
кайдан алса болот? адреси барбы?
0
№ 630, 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан