Алданып чет өлкөгө сатылып жаткан кыздар өлкөбүздө көп экенин кулагыбыз чалып эле келет. Бирок алар кантип, ким аркылуу сатылып, кандай күндөрдү көрүп жатканы туурасында көпчүлүгүбүздүн маалыматыбыз жок. Жакында эле Ош шаарында «33 жаштагы келинди алдап, Түркияга сексуалдык кулчулукка 5000 долларга саткан» деген шек менен 41 жаштагы Айнура аттуу аял колго түштү.
«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ АРЫЗ ТҮШКӨН КҮНҮ ЭЛЕ КАРМАЛДЫ»
Ош ШИИБинин кызматкерлери тарабынан бети ачылган бул окуя боюнча аталган мекеменин басма сөз кызматкери ЗАМИР СЫДЫКОВ төмөнкүлөрдү билдирди:
– Ош шаарында белгисиз атуулдар кыз-келиндерди алдоо жолу менен сойкулук кылуу үчүн чет өлкөлөргө саткан учурлары боюнча келип түшкөн маалыматтардын негизинде Ош шаардык ШИИБинин кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп жаткан. Анын негизинде иликтөө тобуна ушул жылдын 22-ноябрында Кара-Суу районунун 33 жаштагы Г.П. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымына караганда, 2014-жылдын август айында Айнура аттуу аял «кафеде тейлөөчү болуп же карыган адамдарды багуучу болуп иштейсиң» деп Түркияга алып кеткен. Баргандан кийин келиндин эркине каршы мыйзамсыз сойкулук кызматына тартып, Түркиянын атуулдарына акчага сатып жиберген экен.
Жабырлануучунун арызынын негизинде Ош ШИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 124-беренеси (адам сатуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында ошол эле күнү түнкү саат 23:00дөр чамасында бул кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 1973-жылы туулган Айнура Мамытова аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда шектүүнүн мындан башка да кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо үчүн тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат.
«БААРЫН ИШЕНИЧТҮҮ АЙТКАН»
Жүзүн жашырып, бетин жашка жууган жабырлануучу Түркияга кантип барып, ал жакта кандай кордуктарды көргөнү туурасында айтып берди:
– Айнура эже менен кокусунан таанышып калгам. Ал ишеничтүү аялдай эле көрүнгөн. Оор турмушта жашагандыктан жакшыраак жумуш издеп жүргөм. Ага жумуш караштырып жүргөндүгүмдү айтсам, «Түркияга барып иштебейсиңби?» деп калды. Кызыгып эмне жумуш экенин сурадым. «Кааласаң бала багасың, кааласаң бир кафеге киргизип коём, же багам десең кемпир бар, акысы жакшы төлөнөт» деп мени ишендирип салды. Мен ага, чет жакка чыгууга документтерим толук эместигин, акчам да жок экенин айттым. Ал колума 10 миң сом карматып, «документтериңди толукта, баары даяр болгондо айтсаң, мен сени Түркиядан тосуп алам» деди. Менин документтерим бүткөнчө бир ай өттү. Ал күндө телефон чалып сурап турчу. Ушул жылдын август айында баарын бүтүргөндөн кийин ага кабарласам, аты-жөнүңдү толук СМС кылып жазып жибер деди. Көп убакыт өтпөй эле «үч күндөн кийин жолго чыга бер, мен сага электрондук билет алып койдум» деп айтты.
«АЛ ЖАКТА ДАГЫ МЕНДЕЙ БОЛУП САТЫЛЫП КЕТКЕН 7 КЫРГЫЗ КЫЗЫ КАЛДЫ»
– Биринчи жолу ошондо узак жолго чыктым. Барарым менен эле тосуп алып, Трабзон шаарындагы эки кабаттуу имаратка алып барды. Биринчи кабаты ресторан, экинчи кабаты мейманкана экен. «Ушул жерде иштейсиң» деди. Ошондон кийин эч жакка чыгарган жок. Эркектердин жанына коюп койчу. Кийин билсем, мени Мустафа аттуу адамга сатып жибериптир. Бир жарым ай сойку катары мажбурлап иштетишти. Ал жерде мага окшогон көп кыздар бар болчу. Ачкабыз, тамак, суу беришпейт. Крандан аккан хлордуу сууну ичип жүрдүк. Айнура эже эки күндүн биринде келип Мустафа менен келишкен акчасын алып кетип турду. Анын ал жактагы аты Азиза болчу.
Түркиядан эмне деген гана күндү көрбөдүм. Ар бир улутта жаман да, жакшы да адамдар болот тура. Ошол жерде иштеген бир түрк кишиден жардам сурадым, ал менин абалымды көрүп, качып чыгышыма жардам берди. Бул аял менден башка да көп кыздарды саткан экен. Ал жакта мен билгенден 7 кыргыз кызы калды. Алардын экөөсүн ушул Айнура эже алып барыптыр. Калганы кантип барганы тууралуу маалыматым жок. Баргандан кийин башка аттарды коюп коюшат, ошондуктан калган кыздардын эч кимисинин атын билбейм. Кете алышпай ыйлап жүрүшөт. Бул жакка келгенден кийин Айнура эжеге жолуксам эч нерсе болбогондой шылдыңдагансып мага күлүп отурат.