ИЗДЕЙМ СЕНИ

«ВЕНЕРА, КАЙДАСЫҢ?»
– Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун тургуну, курбум Венера Ниязбекованы издейм. Эгер окуп калсаң байланышып кой.

Ош шаарынан Бактайым
Камбарова, тел.: 0773 41 99 31

«ТАЙПАЛАШТАРДЫ ТАПСАМ ДЕЙМ»
– Мен мурдагы Фрунзе политехникалык институтунун ПГС-5-78 группасында окуп кеткен жана жатаканада чогуу жашаган Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунан Жылдыз Алсеитованы, Челпек айылынан Кубаныч Токтоевди, Оштун Кара-Суусунан Кубаныч Машраповду издейм. Эгер окуп калсаңар кабарлашкыла.

Таластан тайпалашыңар
Кубат Ибрагимов,
Тел.: 0778 99 63 70, 0559 18 73 18

«НАЗИРАНЫ ТАПКЫМ КЕЛЕТ»
– Урматтуу окурмандар! Мен нарындык 1977-жылы туулган Назира Касмалиева аттуу курбумду издеп жүрөм. Таанып-билгендер болсо жардам сурайм. Жолдошунун аты Муктар, 1972-жылы төрөлгөн болсо керек эле. Элнура, Кайрат аттуу балдары бар болчу, азыр эми көбөйгөндүр.

Курбусу Махабат, тел.: 0708 24 86 72

«ЗАМИР, МЕНИ ЭСТЕСЕҢ КАБАРЛАШ»
– 1990-жылкы Замир аттуу баланы көптөн бери издеп келем. Ал Баткендин Кызыл-Белинен же Кара-Бактан болсо керек эле. Биз Бишкектен таанышып, сүйлөшүп жүрчүбүз. Ал «Ош базарда» иштечү. Тааныгандар болсо кабарлап койсоңуздар. Замир, эгер мени унутпасаң байланышалы.

Мээрим, тел.: +89232738923

«ГҮЛЗИНАНЫ ТААНЫГАНДАРДАН ЖАРДАМ СУРАЙМ»
– Саламатсыздарбы, «Супер-Инфонун» жалпы жамааты. Мен Нарын районунун тургуну, 1978-жылкы курбум Гүлзина Койчуманованы издейм. Эгер аны таанып-билгендер болсо жардам катары кабарлап коюусун өтүнөм.

Роза, тел.: 0777 34 46 84

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону:(0312) 32-33-28

«СУПЕР-ИНФО» АРКЫЛУУ КУРБУМДУ ТАПТЫМ»
Гезитибиздин өткөн сандарында Гүлмира Сагыналиева аттуу окурманыбыз классташы жана тайпалаш курбусу Шайыр Биримкулованы издеп жатканын жарыялаганбыз. Гезит аркылуу курбусун тапкан окурманыбыз редакцияга байланышып, жалпы жамаатка ыраазычылыгын айтты:
– Гезитке жарыялангандын эртеси эле «издеп жаткан курбуңуздун жээни болом» деп Сымбат аттуу кыз чалды. Ал гезиттен таенесинин сүрөтүн көрүп тааныптыр. Андан кийин курбумдун телефонун берип, анын балдары байланыш түзүп беришти. Ушул тапта Каракол шаарында турат экен. Жети-Өгүзгө турмушка чыкканын туура эле божомолдоптурмун. Мен болсо Таласта жашайм. Жакын арада Бишкектен жолугалы деп жатабыз. Курбумду тапканыма кубанып жатам. Сиздерге чоң ыраазычылык билдирем.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
kubzero
2014-12-01 14:31:22
Kandai keremet izdegen adamyndy tappkan super.kg yraazy4ylyk sizderge
0
№ 630, 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан