ӨЗҮҢДҮ БААЛАГАНДЫ ҮЙРӨН

Өзүнө-өзү ишенүү, өзүн-өзү баалай билүү – ийгиликтүү адамдардын эң жөнөкөй куралы. Ал эми ушул куралды колдоно албагандар бардык нерсени өзүнөн жогору коюшат. Адам өз баасын көтөрүү үчүн эмне кылуусу керек? Сереп салып көрөлү.

ЖЕҢИШ ТОБОКЕЛЧИЛИКТИН АРТЫНДА
Оюндан жеңишке жетишүү үчүн, ал оюнду ойноп көрүш керек. Алдыга койгон максатка жетиш үчүн тобокелчилик жардамга келет. Муну менен сен коркпостон, өзүңө ишенүүнү үйрөнөсүң.

ЭЧ КИМГЕ АКТАНБА!
Эч качан актанба. Туура эмес кылган нерсеңдин ката экенин биринчи өзүң моюнуңа ал, анан башкаларга жөн гана түшүндүрүп кой. Кечке эле кайталап, кырдаалды түшүндүрөм деп чалына берүүнүн кажети жок.

ӨЗҮҢДҮ МАКТАГАНГА КӨН!
Кыргызда «өзүңдү өзүң сыйлабасаң, өңгө да сени сыйлабайт» деген учкул сөз бар. Баасын төмөн түшүрүп алган адам дайыма өзүнө «мен толуп кеттим», «боюм кыска», «бетимде кемчиликтер көп, мурдум бучук», «өтө эле арыктап кеттим, балким, кыздар көңүл бурбай жатканы ушундан болбосун?» деген сыяктуу жемелерди көп айтат. Мындай тескери баа адамды алдыга жылдыргандын ордуна артка тартары бышык. Андыктан өзүңдүн артыкчылыктарыңды көбүрөөк көргөнгө аракет кыл жана айта жүр. Ал сенин мактанчаактыгың эмес, өзүңдү баалай билгениң.

ЖЫЛМАЮУ – КҮЧТҮҮ КУРАЛ
Душманыңдын деңгээлине түшүп калбас үчүн абдан эффективдүү курал – бул жылмаюу. Ал канчалык сага ор казган сайын сен жөн гана жылмайып койсоң, кызаргыча ачууланып кетери бышык. Ар дайым жылмайып, көтөрүңкү маанайда жүргөнүң, негативдүү көз караштардан калканч болот. Анан калса жылмаюуга жылмаюу менен жооп берген адамдардан оң энергия алып, жан дүйнөң тазарарына кепилдик бар.

АЙЛАНАДАГЫЛАРДЫН КӨҢҮЛҮН АЛ
Мүмкүнчүлүгүңө жараша адамдарга жакшылык кылууга умтул. Эң жөнөкөй мисал, кары адамдардын баштыгын көтөрүшүп кой, коомдук транспортто орун бер, мырзалар айымдарды сыйлап жол берип койгон элпектик сага пайда алып келет. Алардын сага ыраазы боло жылмайып караганы, кары адамдардын батасы, айткан ыраазычылыктарынын баары сага канат болот, өзүңө ишеним тартуулайт. Бирок эсиңе тут, өзүн-өзү баалай билүү менен өзүн-өзү жарнамалоо эки башка нерсе.

«КАН СОРГУЧТАРДАН» АРЫЛ!
Айланаңдагы сенин «каныңды соргон» адамдардан арыл. Алар кимдер? Пайдасы жок достор. «Сен такыр мени менен кабарлашпай калдың», «Мен азыр жардамга муктаж болуп турам, сенин колдооң керек», «Кыйын болуп кеттиң да эми, сага жетиш кайдан?», «Көйгөйлөрүмдү кимге айтам билбейм? Балким, жардамга келерсиң?» дей бергендердин баары эле сага чыныгы достук менен жооп кайтаргандардан эмес. Аларды сен да кыйынчылыкта жардамга чакырып сынап, иргеп ал. Болбосо ар түрдүү негативдери менен сенин убактыңды, көп нервиңди алып, баркыңды түшүрүп коюшат.

ЖАЛКООЛУК МЕНЕН КҮРӨШ!
Жалкоо адамда өзүн-өзү баалоо эмес, өзүн ашыкча сүйүү мүнөзү басымдуу десек болот. Жалкоолук – бул алсыздыктын белгиси. Андыктан бул сапаттан арылууга болгон күчтү жумшоо зарыл.

ЖАШООГО БОЛГОН НААРАЗЫЧЫЛЫКТЫ АЗАЙТ
Айланада качан болсо наалып жүргөн адамдарды байкайсыңбы? Эгер сен да ошондой адамдардын арасында болсоң, тезинен жашоого болгон нааразычылыктарыңды азайт. Кылган ишиңдеги ийгиликсиз кырдаалдарды айланадагылар менен бөлүшүп, кайталап айта берсең, алар сени байкуш катары таанып калышат.

ЖАҢЫЛЫП КАЛУУ КОРКУНУЧТУУ ЭМЕС
Адам болгондон кийин ар бирибизде эле жаңылыштык болот. Сенин жаңылганың –жашоодо жаңы баракчаны ачканың деп эсептей бер. Адам алдындагы тамакты ооз тийип көрмөйүн даамын сезбейт. Ошондуктан жаңылып калам же туура эмес болуп калат деп күмөн санай бербей, алдыга кадам таштап, сага керектүү иштин башын баштай бер. Эгер жаңылып калсаң, ал нерсени кийин кайталабаганга үйрөнөсүң.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Өзүн өзү баалай билүүнүн сырлары
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (39)
ArietAli
2014-12-02 19:15:32
Ooba myndan kiyin daayima jylmayip, ozumdu suluu sezip jurom. Sonnun maalymattar eken.
+1
Misi
2014-12-02 19:18:15
туптуура айтылган.
0
madamx
2014-12-02 22:41:59
Тескерисинче,озун озу ото ашыра баалаган адамдарга кандай мамиле жасаш керек.Мисалы жеке озун ойлоп,жанындагылардан ашыкча нерселерди талап кылса.Кенеш бергилечи.
+1
GULZAT.83
2014-12-03 00:18:03
жакшы кенеш екен
0
Er-jigit
2014-12-03 06:44:17
Жакшы кенеш экен!
0
muradil1987
2014-12-03 16:00:18
супер инфо салам ушул сыяктуу кенештерди кобурок корсотуго арекет кылыныздар бул кенештерге жалпы эле адамдардын койголу маселеси десем адашпайм себеби бурого айткандан уялат же башкача кабыл алабы деп кыжалат болот ар бир адамдын озу сыякту проблемасы бар бундай кенештер ди кобурокуп же укса жакшы жакка кыргыз эле бурулат деп ойлом тушунбосчулуктор жоюлат ажырашкандарда азаят уй булодо бактылулуктун жолу ачылып бир бириге болгон мамиле озгорот ыразычылык билдирем конул бурганынар учун рахмат
+2
jipara86
2014-12-03 16:54:24
Rahmat Super info.Bul keneshter maga kop paidasy tiet.
0
kunduz.aza
2014-12-03 23:58:27
rahmat.jakshy kenesh eken
0
Асылжан
2014-12-04 17:55:58
"Кан соргучтардан арыл" деген жери аябай жакты. Чындап айланаңда бир эле "кан соргуч" болсо, жашооңдү тозокко айлантып жиберет. Андыктан вампирлерден арылалы көздү жумуп туруп)))
+2
gul91
2014-12-04 23:25:45
Ооба, чындыгында жакшы нерселерди жазыпсыздар! негизи жашоодо активдуу жана позитивдуу жашап отуу гана жетиштуу го деп ойлойм
+1
momuntay
2014-12-06 23:35:22
Мыкты кенештер го. Кобун эле карманат экенмин.
0
zamko
2014-12-07 06:40:59
Сонун Жакты ❤️
0
ShumkarSamara
2014-12-07 15:55:37
super maalymat
0
omurbek312
2014-12-07 22:41:46
мага жакты
0
kut.9494
2015-03-02 14:51:57
Соонун кенештер экен.Чоон рахмат кеп кенешинизге
0
№ 630, 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан