12 ЖАШ БАЛАНЫН ЖҮРӨГҮНӨ БЕКЕР ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛДЫ

«Кумтөр» компаниясынын каржылоосу менен чет өлкөлүк кардиохирургдар тубаса жүрөк кемтиги бар 18 жаш баланын 12сине операция жасашты. Бул тууралуу 21-ноябрь күнү басма сөз жыйынында белгилүү болду. Маалымдалгандай, операция жасалгандар тубаса жүрөк кемтигинин эң оор делген 7 категориясындагы жашы 2 айдан 7 жашка чейинки балдар.

«КУМТӨР» КОМПАНИЯСЫ 12 БАЛАНЫН ӨМҮРҮН САКТАП КАЛГАНГА ЖАРДАМЫН ТИЙГИЗДИ
– Азыркы тапта операция жасалган наристелердин 4өөсү жандандыруу бөлүмүндө, калгандары жөнөкөй палаталарга которулушкан, абалдары жакшы. Айта кетсек, мындай операциялар Москвада 20 миң долларга, Европада 30-40 миң еврого, ал эми Америкада андан да кымбат баага жасалат. «Кумтөр» компаниясынын жардамы менен наристелерге бул операциялар бекер жасалды, абдан ыраазыбыз.
Мындан тышкары оор делген жүрөк операцияларын чет өлкөлүк хирургдар жергиликтүү дарыгерлер менен бирге тажрыйба алмашуу иретинде жасашты,- дейт Жүрөк хирургиясы жана органдардын трансплантациясы илимий-изилдөө институтунун балдар кардиологиясы бөлүмүнүн башчысы Самидин Шабыралиев.
Айта кетсек, медицина илимдеринин доктору, америкалык Уильям Новиктин кардиохирургдар тобу ноябрь айынын башында Кыргызстанга учуп келишкен. Алар «Байгерлик.kg» («Благо.kg») коомдук фондунун чакыруусу жана «Кумтөр» компаниясынын каржылоосу менен «Наристенин жүрөгү» программасынын алкагында 18 жаш балага бекер операция жасашмак. Бирок хирургдар белгиленген убакытта планды ишке ашыра албай калышкан. «Байгерлик.kg» коомдук фондунун жетекчиси Лейла Назгүл Сейитбек бул тууралуу: «Биринчи себеп, чет өлкөлүк хирургдар 3 күндөй медициналык жабдыктарын «Манас» аэропортунун бажы күзөтүнөн өткөрө албай жатышты. Натыйжада белгиленген операциялардын жасалуу мөөнөтү кечеңдеген. Экинчиден, биздин Жүрөк хирургиясы жана органдардын трансплантациясы илимий-изилдөө институтунда операциядан кийинки интенсивдүү кароо орундарынын аздыгына байланыштуу 18 баланын 12сине гана операция жасалган»,- дейт.

ООР ДЕЛГЕН ЖҮРӨК ОПЕРАЦИЯЛАРЫН ЭМИ БИЗДИН ДАРЫГЕРЛЕР ЖАСАЙ АЛЫШАТ
Жүрөк хирургиясы жана органдардын трансплантациясы илимий-изилдөө институтунун башкы дарыгери Артур Жуманазаровдун айтымында, дүйнөлүк стандарттарга ылайык, бир миллион калкы бар аймакта бир кардио борбору болушу зарыл. Алар бир жылда миңге чукул жүрөк операцияларын жасашы керек. Ал эми бизде шарт таптакыр эле башкача түзүлгөн. Операциядан кийинки интенсивдүү кароо орундарынын жетишсиздигинен көптөгөн операциялар кечеңдетилет, башкача айтканда, операциядан кийин бейтап атайын шарттарда каралышы керек, аны жөнөкөй палатага чыгаруу мүмкүн эмес.
«Бирок баары бүттү дегенден алыспыз» дешет дарыгерлер. Уильям Новиктин кардиохирургдар тобу ала келген Кыргызстанда жок жабдыктардын, аспаптардын бир бөлүгү биздин өлкөгө калтырылды. Кыргызстандык хирургдар алардын жардамы жана тажрыйба алмашуусу менен оор деп саналган операцияларды жасоону уланта беришерин айтышты. «Кумтөр Голд компанинин» туруктуу өнүгүү боюнча директору Дуглас Гриер: «Бул ирет Уильям Новиктин кардиохирургдар тобунун Кыргызстандагы эки жумалык миссиясына 90 миң доллар сарпталган»,- деди.
Белгилей кетсек, аталган каражат дарыгерлердин жол киреси, жашаган жерине жана керектүү делген дары-дармек, медициналык аппараттарына жумшалган. Ал эми профессор Уильям Новик жана анын 16 адистен турган тобу операцияларды толугу менен акысыз жасашты. Алар бул үчүн жумуштарын эки аптага токтотуп, өз ыктыярлары менен кайрымдуулук иши үчүн келишкен. Чет өлкөлүк кардиологдор мындан ары Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө бөбөктөрдүн жүрөктөрүн акысыз дарылоого аттанышарын жана келерки жазда кайрадан Кыргызстанга келишерин билдиришти. Ал эми «Кумтөр» компаниясы керектүү учурда колдон келген жардамын аябай тургандыгын маалымдады.

Наргиза Бекжанова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Aysuluuwa
2014-12-01 11:46:38
Кудай ушундай адамдардын омурун узун кылса экен.Кылган жакшылыктар жараткандан кайтсын.
0
№ 630, 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан