ҮЧ КУРБУ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Аманат жашоом, менин уулум, аны эч качан башка деп айтканга оозум барбайт. Төрт баламдын ичинен күйүмдүү болуп чоңойгону ушул болду. Бирок аны күнүнө жүз жолу карасам, жүз жолу Назиктин жүзүн көрөр элем. Анын жылмайганы, анын көздөрү, анын келбети... Жүзүн тиктеп туруп көрбөйүн да күйбөйүн деп терс бурула бергенимде «апа» деп келип, быйтыйган алакандары менен бетимди сылап, бетиме бетин тийгизип туруп калса, жүрөгүм суурулуп кете жаздайт. «Наристем, сенде эмне күнөө?» деп кайра боорума кысам, ал көз жашымды аарчып, көкүрөгүмө башын катып, чоң адамдай улутунуп коёт. Мени азапка салган да, чексиз бакыт тартуулаган да Аманат эле. Анткени каны башканыкы болгону менен дили, жүрөгү, дүйнө таанымы меники болчу. Ал тургай мүнөзү апасына жана атасына караганда мага көбүрөөк окшош эле. Аманат Дастандын күнөөсү болчу, аны тиктеген сайын экөөбүз тең Назикти унута алчу эмеспиз. Балким, Назик атайын өзүн унуттурбаш үчүн Аманатты таштап кеткендир. Ал эми Адам таптакыр башкача, оңой менен көп нерсеге капа боло бербеген, өзүнө өзү ишенимдүү, кичинесинен тентек бала болуп чоңойду.
Жашоо өтүп жатты, биздин ортобуздагы жарака бүтөлгөн жок. Ошентип ажырашууга арыз бердим. Жашообуздагы эң жаман тилке Дастандын ичкиликке берилип кеткени болду. Расмий түрдө ажырашканыбыз менен бир үйдө эле жашап жаттык. Анткени өзү салган үйдөн кет дегенге дитим барбады. Бирок балдарым да анын ичкенинен жадап, кыйналып кетишти. Акылдуу жан өзү деле түшүндү окшойт, акыры бир сумка кийимин алып чыгып кете берди.
Ошентип менин жашоомдогу Дастан деген барак жабылды. Мен белди бекем бууп, эми калган жолду өзүм басышым керек эле. Бирок андай болбойт экен. Төрт баласы бар, ортосунда эчен жылдык нике бар адамдар минтип оңой ажырай алышпайт экен. Эми балдарым үчүн гана жашайм деп жүргөн убакта кайрадан тагдыр сыноосуна туш келдим.
Алмаз... Анын мага чын дилден кылган мамилеси, чексиз сыйлоосу, сүйүүсү кайра менин аял экенимди эстетти. Мени аяп да, сүйүп да жүргөн адамдан баш буруп басып кете албадым.
– Баян, сен мени жакшы билесиң. Төрт жылдан бери экөөбүз бири-бирибизди билип бүттүк. Алгач жолукканыбызда жаның жаралуу экенин билдим, анткени мен да айрылуунун азабын тартып жүргөм. Менин аялым менен уулум жол кырсыктан каза болуп калышкандан кийин өмүр бою жалгыз калам деп ойлогом. Айланамды кыш каптап калганда жан дүйнөмө жаз чакырдың. Шаштырбайм, өмүр бою күткөнгө даярмын. Бирок жалгыздык жаныма батып жүрөт. Балдарыңды бала кылып алайын, кааласаң таптакыр башка жакка барып, жаңы турмуш баштайлы.
– Сиз жакшылап ойлондуңузбу? Менин төрт балам бар.
– Мен баарын ойлондум, төрт жыл жүрөгүм каалап турса да, бул тууралуу ооз ачкан жокмун. Анткени өзүң бул нерсеге даяр болушуң керек эле. Эми сенин колуңду сурап турам. Жок дебе, ойлонуп көр.
Алмаздын үмүттүү каректерин көрүп коркуп кеттим. Мен бул адамдын сүйүүсүнө жооп бере аламбы? Деги эле кайрадан кимдир бирөөнү сүйө аламбы? Суроолор өтө эле көп болчу, анын бирине да азыр даяр эмес элем. Үн катпадым, Алмаз кандай түшүндү билбейм, ал дагы оор үшкүрүп коюп жанымда кетип бара жатты.
Тагдырымдын оор учурларында ар дайым Жанара жолугат. Эгерде ошол күнү жолукпаса, балким, башкача болот беле...
Жумушка келе жаткам, кабинетиме келе жатып анын турганын байкап калдым. Көздөрүбүз чагылыша түштү, көрмөксөн болуп өтүп да кете албадым. Назик каза болгондон бери 4 жыл өтүптүр, ошондон бери көрө элек болчумун.
– Салам,- деди ал.
– Экөөбүздүн сөзүбүз бүткөн деп ойлодум эле.
– Баян, кирип сүйлөшөлү...
Мындайда күч кайда кетет билбейм, колдорумду майда калтырак басып, үнүм дирилдеп бара жаттым. Бир топтон кийин өзүмө келип, көзүмдү өйдө көтөрдүм. Жанара мени армандуу тиктеп турган экен.
– Эмнеге келдиң?
– Эмир...
– Ал эмне болуптур?
– Эмирди жайына кой деп айтайын деп келдим. Эми Эмирди илештиргениңди кой.
Мына сага тамаша, мен муну кеч болсо да эсине келди, жок дегенде адамча кечирим сурайт деп ойлогон элем, доосу бар адамдай демитип турганын көрүп таң калдым.
– Мен аны илештиргеним жок,- дедим дагы да болсо сабырымды сактап.
– Анда эмнеге ар дайым ал сенин жаныңда? Эмнеге мага абадай, суудай керек адам ар дайым сенин жаныңда? Болду, Баян, эми бактыма көз артпа.
– Мен сенин бактыңа көз артып жатамбы? Сен эмес, менби? Кызык, мен тескерисинче ойлодум эле. Назикти Дастандын койнуна салып берген сенсиң. Бир эмес, эчен адамдын тагдырын талкаладың. Анан менби сенин бактыңа көз арткан?
– Ооба, мен баарын уюштургам. Сенде эмнеге баары бар болуш керек, а менде эч нерсе болбошу керек? Эсиңдеби, өгөй энем сенин кийилбей калган кийимдериңди алып келип мага кийгизчү. «Кийбейм» десем, көк чыбык менен сабап кийгизер эле. Ошондо таяктан эмес, намысыман ыйлачумун. Канчалык аракет кылсам да, ар дайым экинчи орунда калчумун. Баян дайыма сулуу, акылдуу, аны элдин баары жакшы көрөт, а Жанара экинчи орунда калчу. Эмнеге өмүр бою сүйгөн Эмирим эбак алмаштырып, башканы сүйүп кеткен сенин артыңдан дагы деле чуркап жүрөт?
Жанара сүйлөп жатты, кулагым чуулдап, алдымдан жер көчүп бара жатты. Мынчалык жек көрүүнү кайдан алган? Кантип ушундай жек көрүү менен адам жашай алат? Мен буга эмне кылдым мынчалык?
– Эмир сенден үмүтү өчсө эле мага келет, ал меники, мен аны эч кимге бере албайм. Эгерде андай кылбайт экенсиң, мен башкача жолго барам. Мени билесиң, ал үчүн өлүмдөн да кайра тартпайм.
– Кет!- дедим калчылдай.
– Эгерде Эмирден өз эркиң менен баш тартпасаң, Аманатка кимдин баласы экенин айтам.
Таң калганымдан оозум ачылып калды. Эмне деп дөөрүп жатат? Ушул учурда эшик шарт ачылып, Эмир кирип келди. Өңү купкуу, жини келип титиреп алган.
– Жанара, чыгып кет бул жерден!
Жанара үн ката албай чыгып кетти. Шалдайып отурган мени Эмир көпкө тиктеп турду да, акырын өйдө турду.
– Баян, сен коркпо, ал эч нерсе кыла албайт.
Ал көп нерсени айткысы келди окшойт, бирок айта албады, бир топ туруп чыгып кетти. Ушул окуя мени көпкө ойлонтту. Жанаранын уулума болгон чындыкты айтып салышынан корктум. Мен бойдок болсом, Эмир баары бир жанымдан кете албай жүрө берерин да түшүндүм. Ошондуктан Алмаздын үйлөнүү тууралуу сунушун кабыл алганга аргасыз болдум...

(Уландысы кийинки санда)

Асия Алиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
jasi
2014-12-01 09:30:58
Ушунчалык да мерез болобу адам
0
Ainura_kg85
2014-12-01 09:48:31
Жанара таш боор, озумчул... Дос деген наамга да татыбайт. Баян Алмаз менен бактылуу бол! Турмушка ийгилик!!!
+2
Emu-Janyl
2014-12-01 09:48:53
Катуу,катуу эле айтып салбайбы Баян да,ошончо создон кийин бетин тытып,чачын жулуп,бир тээп эшиктен чыгарып жибербейби деймда.
+2
Aysuluuwa
2014-12-01 11:25:19
Супер инфо сураныч крптон эле жазгылачы же китебин кайдан таап окусам болот айтыныздарчы????
0
guliza8990
2014-12-01 14:17:25
коп коптон жазгылачы супер инфо сураныч
0
guliza8990
2014-12-01 14:18:28
уч курбуну чыдамсыздык менен кутобуз
0
aikayo
2014-12-01 14:46:15
Мен ойлогом Назиктин баласын Жанара багып алат деп
0
Aksy-13
2014-12-01 16:28:20
Баян Алмаз менен бактылуу болот. Эмир бактылуу кыла албайт. Себеби ортодон Жанара чыга берет.
0
bayas.07
2014-12-01 18:44:26
Жанара азамат ха ха ха...
-1
nargiz-94kg
2014-12-01 19:18:14
Сабыр кылыныздар тугандар, китеби жок.
0
Ayperi94
2014-12-01 19:41:50
Ушу Жанарадай адамдарга тан калам да, айбан сыяктуу. Ушунтип жамандык кылып журуп кайсыл жерге чейин барат...
0
bazi83kg
2014-12-01 19:54:22
жанарадай достордон кудай сактасын
0
sezim1111
2014-12-01 23:39:29
тообо...
0
angelo4ka_96
2014-12-02 01:20:55
Көрө албас, ичи таар, бузуку деп Жанараны айтса болчудай! Акмак! Эмирди түрмөгө отургузган да ушул, Дастан мн ажыраштырган да ушул кара мышык! Жазасын качаан алар экен эк...
0
azizka94
2014-12-02 02:33:33
Ошо Жанара качан жазасын алаар экен байкуш Эмирди жайына койбойт го бул
0
№ 630, 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан