ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (1-декабрдан 7-декабрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Терс энергия жашооңузда баш аламандык жаратып, белгиленген пландарды өзгөртүүгө мажбур болосуз. Чатакташуулар орун алат. Баарын тоң моюндукка салып чечем десеңиз, жаңыласыз. Эпчилдик менен эбин табууга аракет кылыңыз. Аптанын соңунда айрымдар каржылык кыйынчылыкка тушукса, айрымдарды романтикалуу жолугушуу күтөт.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптанын алгачкы күнү жакындар менен пикир келишпестик жаралып, кийинки күндөрү ушактар коштойт. Абалдан чыгуунун айласы – тилиңизди тишиңизге катып, сабырдуу болуу. Буга улай көзүңүз жетпеген иш болсо, аны аткарууга убада бербеңиз. Болбосо «баягынын кылганы да» деген сөзгө каласыз. Дем алышта кылган жакшылыгыңыздын сыйына татыйсыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Бул апта сизге көптөгөн жагымдуу окуяларды тартуулайт. Кыска мөөнөттөгү сапарлар, бакытка балкыган сезимдер, сиз каалаган кызыктардын күбөсү болосуз. Жаңы иштерди баштап, жаңы максаттарга карай жол ачылат. Бирок апта аягында денеңизге залал келтирип алуу коркунучу чоң. Андыктан этияттап кыймылдаңыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Дүйшөмбүдө чоң суммадагы акча сарптайсыз. Апта ортосунда кутула албай жүргөн нерселерден кутуласыз. Жаңы иш баштоого да киришесиз. Жума күнү сырттагы тааныштарыңыз менен пикир келишпестиктер жаралышы мүмкүн. Ишемби жолугушууларга бай болсо, жекшембиде эс алууга убакыт кенен болот.


АРСТАН (23.07-23.08)
Бир катар иш-чараларга чакыруулар түшөт. Мында жигердүүлүгүңүздү көрсөтүүгө жетише алсаңыз, келечекте анын үзүрүн көрөсүз. Аптанын экинчи жарымында жолуңузда бир аз тоскоолдуктарга туш болосуз. Бирок «пара бергенче бара бер» дегендей, алдыга кадам шилтей бериңиз. Дем алыш күндөрү таарынышып кеткендердин тил табышуусу күтүлөт.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Кер-мур айтышуу көп болот. Бирок агымга каршы сүзсөңүз, кайыгыңыз ала салып кетиши мүмкүн. Ошондой эле кумар оюндарына азгырылбаңыз. Ал эми аптада белгиленген маанилүү ишиңизди соңуна чыгарууга күч жумшап, башка иштерди коё турганыңыз оң. Апта соңунда алдамчылардын тузагына илинип калуу коркунучу бар, андыктан акча иштеринде так болуңуз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Айрымдар кызматынан жогорулоого жетишсе, айрымдар көптөн күткөн ишинин жемишин татышат. Ошондой эле «жамандын жолдошу көп, жанына бир пайдасы жок» дегендей, жашоого реалдуу карап, айрым тааныштардан кол үзүңүз. Аптанын экинчи жарымында кээ бирөөлөр алыс сапарга аттанса, кээ бирлеринин үйүндө той дасторкону жайылат.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Көздөгөн буюмуңузду сатып алууга шашылбаңыз. Себеби оюңуздагыдай болбой, убара тартып же чыгымга дуушар болуп калууңуз мүмкүн. Ал эми түгөйлүү болууну самаган бойдоктордун кыялы орундалышы күтүлүүдө. Бейшембиде саламаттыгыңыздын начарлоосу мүмкүн. Жума каржылык иштерде ийгилик алып келе турган күн. Дем алышта ырды чырга айланткандар чыгат.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Таарынышып кеткендер ымалага келишсе, ишин илгерилетүүнү самагандар туруктуу өнөктөштөрдү табышат. Бирок «алма быш, оозума түш» деп чалкалабай, биринчи кадам сиз тараптан шилтениши керектигин эске алыңыз. Айрымдардын иш сапарына аттанышы күтүлүүдө. Жекшембиде бардык иштерди жыйыштырып, жылуу бөлмөдө жатканыңыз сиз үчүн пайдалуу.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптаны өзүңүзгө буюм сатып алуудан баштап, жалаң гана жакшы окуялардын күбөсү болосуз. Мурда кылган жакшылыктарыңыздын ыраазычылыгына ээ болуп, көңүлүңүз көтөрүлөт. Аптанын соңун утурлай айрымдар үйүндө конок күтсө, айрымдар конокко барышат. Ал эми кээ бирлер жүрөктөгү сезимин козгой турган эски таанышына кезигет.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Алдыдагы пландарыңыз, идеяларыңыз тууралуу ачыкка чыгарбай туруңуз. Башкалар илип кетиши мүмкүн. Ишиңизде чечим кабыл алууга ашыкпай, күнгөй-тескейин толук карап чыгыңыз. Бейшембиден тарта көңүл кубанткан кабарлар биринин артынан бири ээрчип келет. Апта аягында аласаңыз болсо, кайтарышат. Ал эми жалгыздык аралындагы бойдоктор үмүтүн жандырган адамына кезигет.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптанын алгачкы күндөрү кабатыр кылган маселеге кептелип, түпөйүл кылган ойлор курчайт. Бул учурда кимдир бирөөдөн кеңеш сурабай, ички туюмуңузга баш ийиңиз. Шейшембиде буюм сатып аласыз. Аптанын калган күндөрү колго алган ишиңиз сыйкырчынын таягы менен көз ачып-жумгуча бүтүргөндөй тез бүтөт. Жекшемби туугандардын коломтосунда кобурашчу күн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 630, 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан