Тилек Мамутов, «Google» компаниясынын кызматкери: «КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ДЕЛЕ ГАРВАРД, ОКСФОРДДУ БҮТКӨНДӨРДӨН ИЙГИЛИКТҮҮ БОЛО АЛЫШАТ»

«Кыргыздар жалкоо эл, жылына мынча майрам бар, баланча жолу эс алабыз» деп эле наалый беребиз. Ошентсе да аракети менен чоң ийгиликтерге жетишкендер жок эмес. Алардын бири – атактуу «Google» компаниясында жети жылдан бери эмгектенген кыргыз жигити Тилек Мамутов. Анда кепти Борбордук Азиядагы программисттердин ичинен биринчи болуп иштеп баштаган каарманыма берели.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы, күнү – 1985-жыл, 9-июнь
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – Борбордук Азиядагы Америка университетин аяктаган.
Эмгек жолу – 2005-жылдан 2007-жылга чейин БААУда мугалим болуп иштеген. Ошол эле учурда ар түрдүү ишканалардын сайтын, мобилдик операторлордун заказын аткарып кошумча акча тапкан. 2007-жылдан тарта «Google» компаниясында долбоордун менеджери болуп эмгектенип келет.
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү

– Салам, Тилек, учурда «Google» компаниясынын кайсы бөлүмүндө, кайсы жерде иштейсиң?
– Саламатсызбы, мен учурда Сан-Франциско шаарында жашап, «Google`дун» башкы кеңсесинде иштейм. Мен иштеген тармак Google[x] деп аталат. Тагыраак айтканда, компаниянын жашыруун лабораториясы. Бул жерде жаңы технологияларды колдонуп, глобалдуу маселелер чечилет. Мисалы, өзү жүргөн унаалар, акылдуу көз айнектерди ойлоп табышат. Ал эми биздин бөлүмдүн негизги кызматы – интернет жетпеген жайларга оңой жол менен интернет жеткирүү. Учурда дүйнө жүзү боюнча бир нече миллиард киши интернети жок отурат.
Биздин план – жер планетасын аба шарлары менен курчоо. Алар жерден 20 чакырым бийиктикте учуп жүрүшөт. Антенна коюлган аба шарлары күндүн нурунан кубат алышат. Жыйынтыгында интернетти ошол шарлар аркылуу алууга болот. Биз муну быйыл текшерип көрдүк. Бир нече жылда Кыргызстанга да учуп келебиз деген ишеним бар.

– Ал жакта иш тартиби кандай? Бир күндүк жумуш учуруңду айтып берсең.
– Иш график эркин. Үйдө отуруп же башка шаарда туруп деле иштесем болот. Анан саат мынчадан мынчага чейин иштейсиң деп убакыт белгиленген эмес. Биздин иште эң башкысы – жыйынтык. Ал жыйынтыкка кандай жагдайда, кантип, саат канчада жеткениң маанилүү эмес.

– «Google» компаниясында кандайча иштеп калдың?
– Мен жумушумду интернет аркылуу тапкам. Эмнени каалап жаткандыгым, кандай иш мага жагарын так билгендигим бул жумушту тапканга жардам берди. Ошол каалоомдун үстүндө изденүү, билимимди жогорулатуу боюнча күнүгө аракет кылып, 2006-жылы «Google» компаниясына резюмемди жибергем. Резюмемди тез-тезден жаңылап, олимпиадалардагы, ар түрдүү сынактардагы жеңиштеримди, үйрөнгөн тилдеримди, жаңы тажрыйбаларымды кошуп турчумун. Мындай көп ийгиликтерди багындырууга – Борбордук Азиядагы Америка университетинен алган билимим жардам берди.
Мени сүйлөшүүгө чакырган кат алганымда такыр ишенген жокмун. Интернеттеги алдамчылык го деп ойлодум. Акыры чындык экенин билгенимде жумушка орношууга аракеттерди жасай баштадым. Алгач оозеки сынактар болду, ал бир нече жолу Москвада өттү. Анда деле дароо ала коюшкан жок. Бирок мен сынып калган жокмун. Тескерисинче, тажрыйба топтоп, тил үйрөнүп, билбеген нерселеримди үйрөнө бердим да, экинчи жолу дагы аракет кылууну чечтим. Экинчиси мага сүйүнүч алып келди. Ошондуктан окурмандарга айтарым, кыялдарга ишенүүгө болот, дайыма изденүүнүн, алдыга умтулуунун жолунда болгула.

– Кыргызстанда алган билим менен эле ошондой компанияда иштесе болот экен да...
– Чет өлкөгө барып ал жактын окуу жайына тапшырбай эле канааттандырарлык ийгиликтерге жетиштим. Бирок аны менен эле токтоп калбастан, интернеттеги ар түрдүү видеокурстардан көп нерсе үйрөнүп турам.

–Кыргызстанда алган билим менен чет өлкөдө чоӊ ийгиликтерди багындырууга болобу?

– Бишкек шаарындагы №70-мектепте, Борбордук Азияд агы Америка университетинде алган билимим башка мамлекеттин жарандарыныкына караганда чын эле күчтүү болушу мүмкүн. Оксфорд, Гарвард өңдүү атактуу окуу жайларын бүткөндөрдүн канчасы «Google» компаниясына кире албай жүрүшөт. Компаниянын кызматкери болсоң да Google[x] деп аталган лабораторияга которулуш кыйын. Буга чейин мыкты иштерим үчүн көптөгөн сыйлыктарды алдым.
Мектепте, университетте «2», «3» деген бааларды деле алып турчумун. Начар окуган окуучуну эле «сенин колуңдан келбейт, эч кимге пайдаң жок» деп четке сүрүү туура эмес. Ал окуучу «2ге» окуп, бирок жашоодо эмне иш менен алектенүү жагарын так билсе, ошол багыт менен кетсе ийгиликтин даамын тата алат.

– Мекендештериңди да жаныңа чакырсаң болобу? Канча кыргыз иштейсиңер?
– Жети жыл мурун Кыргызстандан жалгыз мен элем, азыр онго жеттик. Мекендештеримден «кандай жол менен «Google`да» иштесем болот?» деген кат көп алам. Мен аларга кеңеш жазылган тизмени жөнөтүп турам.

– Бош убактыңды кандай өткөрөсүң?
– Кышкысын лыжа, сноуборд тээп эс алам. Мындай күндөрү футбол ойнойм. Кээде сёрфинг менен машыгам.

– Канча тил билесиң?
– «5ке» билем деп бир да тилди көрсөтө албайм. Бирок ар түрдүү деңгээлде орус, кыргыз, англис, итальян, япон тилдерин билем.

– Мекениңе канча убакытта бир келип турасың, сагынасыңбы?
– Ата-энем, иним, жакын досторумдун баары Кыргызстанда. Аларды сагынам, өлкөм да көздөн учат. Жыл сайын барып турам, акырындык менен мекенимде биротоло калууну пландаштырып жатам. Келип «Google» компаниясынын кеңсесин же өзүмдүн компаниямды ачсам, же болбосо билим берүү багытындагы коммерциялык эмес уюм ачып, өлкөмдүн өнүгүшүнө салым кошсом дейм. Канчалык өлкөңдөн алыс болсоң, ошончолук баасы чексиз экенин түшүнөт экенсиң. Кабинетте дайыма Кыргызстандын желеги илинип турат. Кимге болбосун өлкөмдү жарнама кыла берем. Чогуу иштеген досторум ар улуттун өкүлдөрү, Кыргызстанга менин үйлөнүү тоюма келип кетишкен. Мен аларга Ысык-Көлдү, тоолорду көрсөттүм. Кесиптештериме улуттук даамдарыбыз абдан жакты.

– Компаниянын негиздөөчүлөрүн жакындан тааныйсыңбы?
– Албетте тааныйм, бир жолу негиздөөчүлөрдүн бири Ларри Пейдж келип, биздин желекти жактырып, Кыргызстан жөнүндө кызыгып сураган. Негизи эле мен «Google’дун» негиздөөчүлөрү Сергей Брин менен Ларри Пейджди абдан сыйлайм. Алар дүйнөдөгү эң бай адамдардан болгонуна карабастан абдан жөнөкөй.

– Кыргызстандагылардын көпчүлүгү 15 000 сомдун тегерегинде айлык алышат, силер канча аласыңар?
– Айлыгым 15 000 сомго салыштырмалуу 30-50 эсе көп. Эгер мага «Apple» же «Facebook» сыяктуу компаниялардан чакыруу түшүп, алган айлыгымдан бир канча чоң сумманы сунуштай турган болсо да барбайм. Мен үчүн дүйнө эли муктаж болгон нерсени камсыздоо маанилүү.

– Алдыга койгон ой-тилектериң менен бөлүшө кетсең...
– Менин эң негизги тилегим – жакындарымдын амандыгы. Карьерадагы максатым – дүйнө жүзүндөгү 7 миллиарддан ашык элдин акысыз мыкты билим алышына көмөктөшүү.

– Рахмат маегиңе, Кыргызстан үчүн көп иштерди жаса.

«Иш ордумда Кыргызстандын желеги илинип турат».

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
gulia90
2014-12-01 10:03:36
Молодчик.
+4
jamri
2014-12-01 10:25:01
Азаматсын кайда журсон да аман бол сендей уулдарыбыз коп болушун каалайм
+5
ROZI
2014-12-01 11:12:24
АЛЛАХ ТААЛАМ жаштарга ыйман, акыл-эс берсин! Мамлекетибиз билимдуу жаштарга бай болуп, олкобуз онугуп, Кыргызстандын ар бир жараны иш оорун менен камсызданып, ар бир уй-булоодо тынчтык, ырыс-кешик жана ынтымак болсун!
+7
narjan
2014-12-01 12:16:50
ROZI, айтканыңыз келсин...
+3
aruuzat88
2014-12-01 12:50:44
Иштерине ийгилик каалап,ойлогон ой максатына жетсин.
+4
Jamalym
2014-12-01 13:47:25
Азамат!Улгу алчу жигиттерден экен!Ийгилик!
+5
restreppo
2014-12-02 01:27:18
бул кыргыз эмес монгол го,,,
-5
Aimirakan
2014-12-02 04:55:58
restreppo,
Кыргыздар- монголоиддер да. Эх чиркин, ушул жерден да жагымсыз комментарийлерди жазасынар!
Азаматсын, Тилек!
+5
sezimay
2014-12-03 00:04:23
азаматсын! ушул жерди да булгагысы келгендер терс комент калтырып жатышат мындай иш колунардан келбегенден кийин унчукпай ийгилик каалап чыгып кеткиле.
+4
snegurochka11
2014-12-03 06:37:24
Молодец!
+3
chubi
2014-12-05 17:23:26
Азаматсын, дагы-дагы ийгилик!!!
+3
benjamin.31
2014-12-05 21:32:24
Тилек сиз башкаларга жакшы улгу болгон жигит экенсиз!Жыл сайын осуп Гуглдун ген.директордун орун басары болунузду каалайм
0
benjamin.31
2014-12-05 21:32:24
Тилек сиз башкаларга жакшы улгу болгон жигит экенсиз!Жыл сайын осуп Гуглдун ген.директордун орун басары болунузду каалайм
0
benjamin.31
2014-12-05 21:32:24
Тилек сиз башкаларга жакшы улгу болгон жигит экенсиз!Жыл сайын осуп Гуглдун ген.директордун орун басары болунузду каалайм
+1
raxelya
2014-12-06 14:31:34
Азамат!!!Кандай сонун кыргыздын жигиттери,оркундоп осушуно жардам кошом деген соз кандай сонун...
+1
anila
2014-12-21 04:15:49
Азамат...абдан кубантты)
0
№ 630, 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан