КОРТЕЖДЕГИ УНААЛАРДЫН БИРИ ЭКИ АЯЛДЫ СҮЗҮП ӨЛТҮРДҮ

КЫРСЫК КАШ-КАБАКТЫН ОРТОСУНДА
Азыркы жаштар үйлөнүү тоюнда унааларын зуулдата айдап жарышканды «мода» көрүшөбү же дагы башка себептери барбы, айтор, акыркы учурларда так ушул үйлөнүү тою үчүн даярдалган кортеждеги унаалар кырсыкка кабылган учурлар көбөйүүдө. Ал тургай ушундай жол эрежесин бузгандарды токтоткон МАИ кызматкерлерин сабап койгон учурлар да көп.
Эсиңиздерде болсо, буга чейин гезитибизге «Тойго жайган дасторкон аза менен аяктады» аттуу макала жарыяланган эле. Анда 2012-жылдын 5-октябрынан 6-октябрга караган түнү Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн тургундары үйлөнүү-үлпөт тоюн Жалал-Абад шаарындагы бир кафеде өткөрүп, кайтып бара жатканда кырсыкка дуушар болушканы баяндалган. Кырсыктын кесепетинен той ээси Руслан жана анын досу Нургазы каза болушкан эле. Мындай кырсыктарды санай келсек көп. Мисалга, 2013-жылдын 10-августунда Ысык-Көлдөгү Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунда үйлөнүү-үлпөтүндөгү кортежде жогорку ылдамдыкта келе жаткан унаалардын бири жол четинде турган журналисттер тобун сүзүп кеткен. Жабыркагандар аталган жерде «Ысык-Көл Гран-при» веложүрүшүнүн катышуучуларын марада күтүп жатышкан. Кырсыктан 7 адам (5 журналист жана 2 жергиликтүү тургун) жаракат алышкан.

ДАГЫ 2 АЯЛ КАЗА ТАПТЫ
Үлпөт кортежиндеги унаанын катышуусундагы кандуу окуя Кара-Балта шаарында да катталды. Үстүбүздөгү жылдын 25-октябрь күнү кечки саат 19:00 чамасында Чүй облусунун Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Балта шаарындагы Фрунзе көчөсүндө үлпөт тойдогу кортеждин автоунааларынын бири эки аялды сүзүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери Хонда CR-V үлгүсүндөгү унааны 20 жаштагы Мунарбек (белгилүү себептерден улам аты өзгөртүлдү) аттуу жаран катуу ылдамдыкта башкарып бара жатып каршы жолго чыгып, жөө кишилер өтүүчү жерден өтүп бара жаткан 2 аялды сүзүп кеткенин аныкташкан. Алган оор жаракаттардан улам жабырлануучулардын бири 70 жаштагы Р.А. окуя болгон жерде, ал эми экинчиси 59 жаштагы Д.Т. ооруканада каза табышкан. Кырсыктан көз жумган аялдар Панфилов районунун Панфилов айылынын жашоочулары болушкан.

«КОКУСТУК БОЛУП КЕТТИ»
Мунарбек тергөө учурунда жолдун каршы багытына өтүп кеткенин моюнуна алган эмес. Окуя тууралуу төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– Менин алдымда лимузин унаасы бар болчу. Анын артынан болжол менен 4-5 метр аралыкта саатына 60 чакырым ылдамдыкта айдап келе жаткам. Аңгыча эле алдымдагы лимузин дароо оңго бурула бергенде мен жолдон өтүп бараткан эки аялды көрүп тормозду бастым эле, тилекке каршы жетишпей калып, унаанын сол капталы менен аларды сүзүп алдым. Андан соң түшө калып «Тез жардам» кызматын чакырдык. Алкоголь ичимдиктерин ичкен эмесмин, кокустук болуп кетти.

«ЖАБЫРЛАНУУЧУЛАР ТОСМО АРЫЗ ЖАЗЫП БЕРИШТИ»
Окуя тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн окуя болгон жерге бет алдык. Алгач маркумдардын туугандарына жолуксак, алар окуя тууралуу айтуудан караманча баш тартышты. Көрсө, анын себеби бар экен. Аны Жайыл РИИБинин башчысы РААТ МЫРЗАКАНОВГО жолукканыбызда айтып өттү:
– Азыр үйлөнүү тойдо көпчүлүк жаштар көчөнү менчиктеп алгансып жол эрежесин одоно бузушат. Мындай учурларды мен деле көрүп калам. Ошондуктан ушуга окшогон киши өмүрүн алып кеткен кайгылуу окуялар катталып отурат. Жогорудагы окуя боюнча айтсам, биз өзүбүзгө тиешелүү кызматтык милдетибизди аткардык. Айдоочуга карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголуп, унаа айып аянтчасына токтотулган. Тергөө иштеринин натыйжасында айдоочунун соо экени аныкталган. Бирок азыркы тапта маркумдардын туугандары кайра айдоочуга тосмо арыз жазып беришти. Сыягы, өз алдынча тынышты окшойт. Мындай учурда биз эч нерсе кыла албайбыз.

АЙДООЧУЛАРГА ООР ЖАЗА КЕРЕКПИ?
Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында Жогорку Кеңештин жыйынында «КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланды. Ал мыйзам долбоорунун биринде мас абалында унаа башкарып, адам сүзүп алып, ал адам өмүрүн алып кетсе же ден соолугуна оор жаракат алып келсе, 3 жылга чейинки мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу менен 8 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган. Мындан сырткары жарандардын саламаттыгына залал келтирилип же адам өлүмү менен коштолгон кырсык болгон жерди таштап кеткендерге 3 жылдык мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу менен 3 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу сунушталган. Ошондой эле үлпөт тоюнда бештен ашык автоунаа болбошу керектиги белгиленген.
Балким, жогорудагы мыйзам долбоору ишке ашса, азыркыдай жол эрежесин бузгандар азаймак. Же «алдыңа келсе атаңдын кунун кеч» болуп каныбызга сиңген тууганчылык, кыргызчылык сапаттарыбыз буга каршы чыгабы? Себеби жол эрежесин бузган айдоочулар жазадан оңой кутулуп, башкаларга сабак болбой жаткансыйт.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
sladkaja_konfetka
2014-12-01 10:29:27
Жайыл району эмес, Панфилов районунун Панфиловка айылында болгон...
0
suiuktuujar
2014-12-01 11:19:07
айдоочулук куболукту сатып алгандар жол эрежесин билишпейт жаш балдар айдап журушот анан кырсык кобойотда
0
sabyr86
2014-12-01 12:11:56
ушундай нерселер болбош учун,жаштар кичине озуңорду кармасаңар Болот го.машинанын эшигиндеги айнектен белиңерге чейин чыгып алганды токтоткулачы башканы койдум.
0
kubzero
2014-12-01 14:50:15
Ошол 2 айымдын ичээр суусу 20 жаштагы баланын машинесине жазылган экен да
0
ZANIA-92
2014-12-04 23:01:19
Биздин айылда болгон окуя турбайбы. Мен уккан эмес болчум
0
Boldukan86
2015-02-08 08:22:27
Чын эле кээ биркилерди корсон алардан башканын тою болбогонсуп таза озгочо болуп кетишет машинадан жарым чыгышып кыйкырып катуу айдап. Этият болгон жакшы кандай болсо да.
0
№ 630, 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан