КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛГОН ДЕПУТАТТАРДЫН САНЫ 13кө ЖЕТТИ

Депутат Каныбек Осмоналиевге карата кылмыш ишинин козголушу менен 5-чакырылыштын 13-депутатына мыйзамды бузуу боюнча айып тагылып отурат. Алардын айрымдары темир тор артында болсо, айрымдары жазасын өтөп бүтүп, кээ бирлери оорусуна шылтап чет жерге кетип, кээ бири болсо сот иштери менен алпурушуп жаткан кези. Төмөндө мына ушул 13 эл өкүлүнүн кылмыш иши качан жана эмненин негизинде козголуп, иликтөө, тергөө учурунда кандай окуяларга туш болгонун баяндап өттүк.

КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ
«АТА ЖУРТ» ПАРТИЯСЫ
Адегенде 2011-жылы 11-апрелде Ташиевге «депутат Бахадыр Сулеймановду сабаган» деген шек менен «бейбаштык» беренеси боюнча иш козголгон. Кийин Талант Мамытов, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров 2012-жылдын 3-октябрында Бишкекте «Кумтөрдү» улутташтыруу боюнча митинг учурунда Ак үйдүн тосмосунан ашып өтүү менен кирүүгө аракет жасашкан. Мунун негизинде ага «бийликти күч менен тартып алуу же кармап туруу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Аз өтпөй Ташиевдин жактоочусу анын ден соолугу кескин начарлап кеткенин, ашказан жарасы бар экенин айтып чыккан.
Биринчи козголгон кылмыш иши боюнча Сулейманов менен Ташиев тил табышып алышкан. Экинчи иши боюнча Камчыбек Ташиев 1,5 жылга эркинен ажыратылган.

ИСХАК ПИРМАТОВ
«РЕСПУБЛИКА» ПАРТИЯСЫ
2011-жылдын 30-декабрында Башкы прокуратура «Кыргызнефтегазды» жетектеп турганда коррупциялык жол менен мамлекетке 258 миллион сом зыян келтирген» деген шек менен Исхак Пирматовго иш козгогон. Ага «алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу мүлктүк зыян келтирүү», «коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча айып тагылган. Башкы прокуратура Пирматовду депутаттык кол тийбестигинен ажыратууну өтүнгөн, бирок парламент бул өтүнүчтү канааттандырган эмес.

 


НАРИМАН ТҮЛЕЕВ
«АТА ЖУРТ» ПАРТИЯСЫ
Нариман Түлеев 2012-жылы 22-июнда «Бишкектин мэри болуп турган кезде Кытайдан автобустарды алып келүүдө мамлекеттик бюджетке зыян келтирген жана таштанды тазалоочу техникаларды сатып келүүдө коррупциялык иштерге жол берген» деп шектелип, камакка алынган. Аз өтпөй депутаттын дарыгери «Түлеев рак оорусу менен ооруйт» деп билдирген.
2013-жылы экс-мэр 11 жылга эркинен ажыратылган. Учурда Түлеевдин иши экинчи инстанцияда каралып жатат.

 

 

НУРЛАН СУЛАЙМАНОВ
«АТА ЖУРТ» ПАРТИЯСЫ
2012-жылы 21-июлда Нурлан Сулаймановго «транспорт жана коммуникация министри болуп турган кезде кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу менен өлкөгө 41 миллион сом зыян келтирген» деген күнөө коюлуп, иш козголгон. Кылмыш иши козголгондон аз өтпөй Сулайманов өлкөдөн дарылануу үчүн чыгып кетип, кайтып келе элек. Анын жүрөгүнө операция жасалганы айтылган. Учурда ал издөөдө болгондуктан кылмыш иши токтоп турат.

 

 

САДЫР ЖАПАРОВ
«АТА ЖУРТ» ПАРТИЯСЫ
2012-жылы 17-сентябрда Башкы прокуратура Садыр Жапаровго карата «алдамчылыкка катыштыгы бар» деген берене менен кылмыш ишин козгогон. Анда депутат «мамлекеттик имаратты мыйзамсыз менчиктештирүүгө катышкан» деп шектелген болчу.
2012-жылдын 3-октябрындагы «Кумтөрдү» улутташтыруу боюнча митингдин айынан Садыр Жапаров «бийликти күч менен тартып алуу же кармап туруу» беренеси боюнча айыпталып, сот аны 1,5 жылга эркинен ажыраткан.

 

 

ТАЛАНТ МАМЫТОВ
«АТА ЖУРТ» ПАРТИЯСЫ
Талант Мамытов, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаровдор 2012-жылдын 3-октябрында «Кумтөрдү» улутташтыруу боюнча митинг учурунда Ак үйгө кирүүгө аракет жасашкан. Мунун негизинде алар камакка алынышкан. Аз өтпөй Мамытовдун көңүлү айнып, башы ооруп жатканы айтылып, жактоочулары депутатты УКМКнын ооруканасына которбой жатышканын билдиришкен.
Мамытов «бийликти күч менен тартып алуу же кармап туруу» беренеси боюнча айыпталып, сот аны 1 жылга эркинен ажыраткан.

 

 

ЭЛМУРАТ ОБДУНОВ
«РЕСПУБЛИКА» ПАРТИЯСЫ
2012-жылы 15-ноябрда Элмурат Обдуновго «2009-2010-жылдар аралыгында ОшМУда иштеп турганда анын мыйзамсыз иштеринен улам мамлекет
401 миң 341 сом зыян тарткан» деген шек менен иш козголгон. Эл өкүлүнө «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу», «кызматтык жасалмачылык» беренелери боюнча айып тагылган. Обдуновду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия «депутатка карата кылмыш ишин ачуу мыйзам бузуулар менен коштолгон. Жоопко тартууга негиз жок» деген тыянакка келген. Мунун негизинде аны кол тийбестигинен ажыратпоо чечими чыгарылган.

 

КУРМАНБЕК ОСМОНОВ
«АТА ЖУРТ» ПАРТИЯСЫ
2013-жылы «Кумтөр боюнча өлкө кызыкчылыгына каршы келген келишим түзүүгө тиешеси бар» деп «коррупция» беренеси менен Курманбек Осмоновго кылмыш иши козголгон. 2013-жылдын 24-октябрында иш козголсо, 25-октябрда анын ооруканада экени белгилүү болуп, тергөө иштери ооруканадан чыккандан кийин улантылмай болгон. 2014-жылы кылмыш мөөнөтүнүн өтүп кеткендигине байланыштуу иш токтотулган.

 

 

АХМАТБЕК КЕЛДИБЕКОВ
«АТА ЖУРТ» ПАРТИЯСЫ
Ахматбек Келдибековго 2013-жылы 19-ноябрда «2005-жылы Социалдык фонддун 21 миллион сомун ыксыз сарптаган, 2003-2004-жылдары кызмат абалынан пайдаланып, мамлекеттик бюджеттен 10 миллион сомдук каражатты талап кылган мыйзамсыз кызмат ордун түзгөн жана салык кызматынын функцияларын жеке фирмага мыйзамсыз өткөрүп берген» деген шек менен иш козголгон. Экс-спикер «коррупция», «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча айыпталууда. Ахматбек Келдибеков 2013-жылдын ноябрында камакка алынса, декабрь айынан тарта анын ден соолугу начарлап жатканы айтылып, тизе муунуна бир нече ирет операция жасалганы белгилүү болду. 2014-жылы Биринчи Май райондук сотунда Келдибеков үй камагына чыгарылып, ал дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кетти.

 

НУРБЕК МУРАШЕВ
«РЕСПУБЛИКА» ПАРТИЯСЫ
2014-жылы Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы Жамалбек Тургумбаев «мени ур-токмокко алды» деп Мурашевге каршы арыз жазган. Мунун негизинде депутатка ушул жылдын 26-февралында «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

 

 

 

НУРЛАН ТӨРӨБЕКОВ
«АР-НАМЫС» ПАРТИЯСЫ
2013-жылы Нурлан Төрөбеков президенттин аппаратына ЖОЖдордун биринин дипломунун көчүрмөсүн берген. 2014-жылдын 24-сентябрында депутатка берилген диплом тастыкталбагандыгы айтылып, «алдамчылык», «документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, ж.б. колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу» беренелери менен кылмыш иши козголгон. Аз өтпөй эле депутат кант диабети жана жүрөк оорусуна байланыштуу бейтапканага жатып калды.

 

 

УРМАТ АМАНБАЕВА
«РЕСПУБЛИКА» ПАРТИЯСЫ
2014-жылы Урмат Аманбаевага «Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турган убагында мыйзамсыз иштерге барган, анын айынан мамлекет 17 миллион сомдон ашык зыян тарткан» деген шек менен «коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бул депутат дагы ооруканага жатып, азыр дарылануусун улантып жаткандыктан, тергөө токтоп турат.

 

 

КАНЫБЕК ОСМОНАЛИЕВ
«АР-НАМЫС » ПАРТИЯСЫ
2014-жылы 25-ноябрда Каныбек Осмоналиевге «Кыргыз-Орус Славян университетине 24 абитуриентти өткөрүү үчүн ортомчулар аркылуу айрым ата-энелерден 14 миң доллар алган» деген шек менен кылмыш иши козголгон. Ага «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «пара талап кылуу» беренелеринин негизинде айып тагылды. «Мага карата козголгон кылмыш иши негизсиз. Бул ишти аягына чыгуу үчүн тергөө менен кызматташам» деп билдирүүдө эл өкүлү.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (48)
Lega_kg
2014-12-03 13:49:04
Нариман Тулеевди деле актап чыгарып койсо болмок байкушду аябай эле кыйнап коюшту рак оорусу менен дагы ооруп калыптыр кийинки мерди актап алышты го ал деле жеп ичкен просто ал АША нын санаалаш досу болгон учунбу???
+2
jaazira13
2014-12-03 17:19:46
ата-журттун пацандары кумтор деп баш аламандыкты которуп канча деген каражатты жоготтук, мы на анан соттук система дегенди тушундукко пара берип туруп бошонуп кетишти
0
minchynar
2014-12-03 20:41:20
Е булар бүүт кыргызстанды тоноп жеп бүтүрдү дагы деле отурушат ач уйалбай
0
Gil
2014-12-04 11:36:08
Кобу туштуктон го
0
arzumat
2014-12-04 14:07:08
кун ото берет.кербен журо берет.мындай нерсе атам заманда болгон. азыр да болуп жатат.дагы да далай болот дейт беле.ким ажо болсо ошол адамга карашту адамдарга кун тийет.ажо кеткенден кийин ошол адамдар кор болот да.жаны келген ажоонун адамдары чоп жеп баштайт.
0
kama_future_millioner
2014-12-04 17:10:09
Бардыгы эле Ата Журт мн Ресбупликаагоо))
0
bopos
2014-12-05 13:02:18
kama_future_millioner,даа мен да ошентип ойлоп жатам.башка партиялар суттон ак го э.
0
aza.bek
2014-12-05 16:07:25
Ahmatbek Keldibekovdu- prezident, Nariman Tyuleevdi -premer, Ismail Isakovdu- korgoo ministiri, Sabyr Jumabekovdu- minzdrav,Myktybek Abdyldaedi-gen.prokuror,Marat Sultanovdu-fin.min,komisar katani-GKNB,Moldomusa Kongantiev-ministr MVD,Babanov- biwkektin meri, Myrzakmatov-owtun meri,Tawiev- jalal abad,Aybalaev -batken,Kanat Isaev- Chuy,Bakyt Torobaev- Ow,Sadyr Japarov- Isykkol,Kanat Muratbekov-Naryn,Jyldyz Joldoweva-talaska. Uwulardy iwtetip korsok jok degende azyrkydan 4 ese jakwy jawamakbyz.
0
benjamin.31
2014-12-06 08:32:40
Ушунча жаным кейит бул айбандар миллиондоп урдашат ,жонокой карапайым эл жумуш жок аялдар пирожки сатып :Аламедин базарында кундун суугуна карабай кенедей болсо да акча табабыз деп суукта ушуп,шишип ден-соолугун жоготуп отурушат
0
nurlan.gaipov.com
2014-12-06 15:18:52
Бардыгы эле оорукчандарго. Негодныйлардан качан кутулабыз?-ошондо биз онугобуз
0
rus9203
2014-12-06 19:44:40
4yndygynda bizdin deputattar.iw bawkarywyny biliwpeit.ak4any jegendi jakwy biliwet.karapaiym kalka 1000뫚 bergendi.bilet.deputat bolgondon kiiin unutuwat.biri birini 4ukulap,kamatat.
0
Kalysbek19812009
2014-12-07 00:17:03
Уяат эле кыргыздын чондорунун баары оорулу экен оорулу адамдар башкарып жатышса кайдан онолот кыргызым
+1
temirtank
2014-12-07 01:36:34
Чондор бирин бири чукушуп места талашып жеп калайлы деп жатышат Элди ойлобой чонтокту ойлошуп элдер озун озу эле багып жатышат чет жактарга барышып кор болуп,элди ойлосо чет жака барып иштегендерге шарт тузуп берсен болмок кара тизмеге киргизбей.
0
sezim1111
2014-12-07 12:20:04
башка жеп жутарларга турмодон места калбай калыппы
токтоп калышыптырлар чукулай беришсе бири биринин артын баары эле окшошкон жеп жутарлар АША озу баш болуп
0
nukesh
2014-12-07 17:07:59
СДПКда жалан белоснежкалар иштейби Элдин каргышына калсын ошолор
0
azella
2014-12-07 21:52:50
Кызыгы АШАнын ашмалтайын жандаган СДПКчылар менен Текенин "Ата Мекенчил" улактары эле эч нерсе жеп-ичпей, басып албай, мам. Мулкту ыйгарып албагандай бири жок го... Эгер бийлик чын эле жегичтерди таап, иш козгогусу келсе "киттерден" баштабайбы калп эле "чабактар" менен элге оюн коргозбой...
0
№ 630, 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан