Атай Өмүрбеков, актёр: «КИНОГО КӨЧӨДӨН КЕЛИП ЭЛЕ ТАРТЫЛЫП КАЛГАН ЖОКМУН»

«Ээнсиреген үй» тасмасында Мараттын ролун жаратып таанылган актёр Атай Өмүрбеков фильмдеги өнөктөшү актриса Марал Койчукараевага үйлөнүп, экөө уулду болушканын билсеңиз керек. Өзү айткандай ачуусу чукул, жаап-жашырганды билбеген Атай бүгүн да бизге ачык маек куруп берди.

– Салам, Атай. Бул жыл сен үчүн жемиштүү жылдардан болду окшойт, үйлөндүң, ата статусуна ээ болдуң, чыгармачылыкта кино жарнактардан жүзүңдү тынбай көрүп жатабыз...
– Ооба, бул жыл мен үчүн ийгиликтүү жылдардан болду. Жогоруда аталган жакшылыктардын баары ушул жылга туш келиптир. Бардык тилектер өз убактысы менен орундалууда.

– Марал экөөңөр ата-энелик милдетти кандай аткарып жатасыңар?
– Уулубуз Искендердин жакында эле кыркы чыкты. Бир аз торолуп, көзгө көрүнүп калган убагы. Негизи эле наристенин жыты бейиштин жытындай эмеспи. Кээде уулумду тиктеп отуруп «ушул чүрпө чын эле менин баламбы?» деп ишене албай кетем. Үй-бүлөлүү болгондо, айрыкча балалуу болгондон кийин үйдү көздөй эле шашып калат экенсиң. Марал кош бойлуу кезинде наристелер тууралуу түрдүү маалыматтарды чогултуп интернетте эле отурчу. Көрсө, анын деле пайдасы бар экен. Азыр апасын даана тааныйт, мени тааныйын деп калды. Кичинекей балдарга анча жакын эмес болчумун, бирок өзүңдүн балаңа болгон сүйүү, мээрим такыр башкача экен. Тажрыйбасы бар досторум «балаң тай-тай басып, ата-апа деп тили чыгып калганда кылык-жоруктарына суктанасың» деп жатышат.

– Балалуу болгондон кийин Марал экөөңөрдүн бири-бириңерге болгон мамилеңер өзгөрдүбү?
– Ооба, Марал мага мурункудай көп чалбай калды (күлүп). Бала карап, чалганга убактысы деле жок да. Кыз-жигит болуп жүргөн кезде көйгөйлөрүбүздү өз алдынча чеччүбүз. Азыр бир үй-бүлө болуп бардык маселени чогуу чечебиз. Балабызды чогуу киринтебиз, баарын чогуу кылабыз.

– Үйлөнгөндөн кийин токтолуп, кыздарды көргөндө кызарып-татарбай калсаң керек?
– Жок, кайдан, азыр кыздар мени көргөндө кызарып-татарып кетишет. Театрда чогуу иштеген улуу аксакал артисттин «балам, акылың болсо аял албай эле кой, балээнин баары аял алгандан кийин башталат» деген сөзүн эстеп кеттим. Мен үйлөндүм деп өзүмө чектөө койбойм, кыздар тийишсе тийишип, таанышкысы келсе таанышып коём. Бул жерде трагедиялуу эч нерсе деле жок го дейм. Марал мурун кызганчу, азыр баарын түшүнүү менен кабыл алып калган.

– Кинодогу ролдоруңдан да, өзүң да керсейген, менменсинген мырзадай көрүнөсүң, жашоодо кандай адамсың?
– Силер көрүп тургандай элемин. Ооба, аябай кызуу кандуумун, эмоцияга бат алдырып, жарылып кетем. Бирок жиним бат тарайт. Мисалы, репетиция учурунда өзүмдүн аткарганым жакпай калса өзүмө жиним келип жатып, аны башкадан чыгарып алган күндөр болот.

– Бул мүнөзүңдү үйдө кантип тизгиндейсиң анан?
– Бойдок кезде Марал да көк бет, өзүнүкүн такыр бербеген кыз болчу. Кийинчерээк эле жумшарды окшойт. Үйдө тынч элебиз, кыз-жигит болуп жүргөндө мүнөзүбүз окшошуп чарт-чурт болуп кетчүбүз. Азыр урушканга деле каалоо жок, балабыз турса кантип урушасың. Жыл өткөн сайын адам жумшарат, мен деле 60 жаштарга барганда жумшарып калаттырмын.

– Үй жумуштарына кандайсың, чарбачылсыңбы?
– Жалкоомун. Көпчүлүк үй жумуштарын үйдөгүлөр кылгангабы, аларды жасаганга моюнум жар бербейт. Бир иштесем катуу иштеп коём, бирок андай учур кээде эле болот. Абдан унутчаакмын, байпагымды кайда чечкенимди унутуп коюп Маралдан сурай берем. Жаман адатым бар, чылым чегем, муну таштасам чоң эрдик жасаган болот элем.

– Кеп нугун чыгармачылыгыңа бурсак, сендеги актёрлук таланттын эпкиндери бала чакта эле билингенби?
– Актёр же ырчы болом деп кыялданчу эмесмин. Бирок сүрөтчүлүк жайым ошондо эле болсо керек эле. Кичинемде манас айтчумун. Ата-энем экөө тең актёр болууну кичинесинде каалашкан экен. Алардын ой-кыялдары мага өтүп кеткен окшойт деп калам. Мектепте режиссёр Жаныш Кулманбетовдун жубайы Махабат эже сабак берчү, ошол эже «искусство жаатына тапшырып көрбөйсүңбү?» деп сунуштап калды. Искусство институтуна тапшырып өтүп кеттим. Ал убакта Туризм академиясына тапшырып андан да өтүп кеткен элем. Эки окуу жайда тең окусам такыр жетишмек эмесмин. Соңунда актёрлукту тандадым.

– Актёрдук дареметиңе кандай баа бересиң?
– Жакшы ойнойм же начар ойнойм деп айта албайм. Өзүмдүн аткарган ролдорума алымсынбай, көңүлүм толбой калган учурлар болот. Анткени өзүмдү катуу сындаган адаммын. Бирок өзүмдү профессионал, кесипкөй актёрлордун катарына кошом. Мен киного көчөдөн келип эле тартылып калган жокмун, беш жыл билим алдым. СССРдин убагында күчтүү мектеп болгон, ошол мектепте окуган акыркы дөө-шаалардан сабак алып калганыма сыймыктанам. Ал эми менин кандай актёр экениме эл баа берип, эл айтса туура болот го.

– Актёрлорго роль сунушталбай калса кадимкидей депрессияга кабылган учурлар болот экен, сага мындай жагдайлар таанышпы?
– Мен азырынча атактуулуктун туу чокусун багындырып, апогейине жете элекмин. Баш-аягы ондой тасмага тартылдым, бирок ал ролдор да андай атактуулукту алып келе элек. Өзүмдүн ролумду күтүп жатсам керек. Ал эми роль сунуштабай калышса эч нерсе болбойм. Депрессияга ошол апогейине жетип, анан унутта калган актёрлор кабылса керек. Кыргызстанда бир долбоордон башыңды чыгарып койсоң эле кайра экинчисин сунуштай беришет. Башкысы, ролдор сунушталып эле турсун.

– Анда сенин кыялыңдагы роль кандай болду экен?
– Алымбек датка, Ак Балбан, Жантай хан, Чыңгыз хан, Шабдан баатыр өңдүү тарыхый каармандардын образын жараткым келет. Буюрса, ал күндөр да алыс эместир.

– Ролду жеткире аткарыш үчүн актёр анын кайгы-капасын өзү аркылуу өткөрүш керек дешет, каармандын терс образы актёрдун жашоосуна таасирин тийгизиши мүмкүнбү?
– Кээ бир техникага салып ойногон актёрлор бар. Алар тасма талаасында ыйлашып, тасма сыртында кадимки өзүнүн жашоосу менен алек. Ал эми каармандын абалын өзү аркылуу өткөрүп, кошо ыйлап, кошо жыргаган мына ушул искусствонун бийик деңгээли деп эсептейм. Бирок кечке эле өзүң аркылуу өткөрүп ойной берсең ден соолугуңа, психикаңа доо кетиши мүмкүн. Кээде техникага салып деле ойноп коюш керек.

– Кызыктуу маегиңе рахмат.

«Марал экөөбүздүн мүнөзүбүз окшош».

«Уулум Искендер төрөлгөндө башкача толкундандым».

Лунара Бекиева

Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Мага бандиттин ролун көп сунушташат" дейт Атай Өмүрбеков
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
suiuktuujar
2014-12-01 10:40:43
уулунардын омурун берсин акылдуу ыймандуу жигит болсун
+1
Jamalym
2014-12-01 18:27:59
Иииий азаматтар!Бактылуу болгула!
+1
Aksy-13
2014-12-01 19:16:12
бактылуу болгула. Искендер деп атын тим эле сонун койупсунар. Омурлуу болсун.
+2
Mamalak89
2014-12-01 19:16:14
Марал экоо мага аябай жагат позитивдуу,ачык орус муноз адамдар....бактылуу жашагыла;;;;
+3
zaika.tvo9.1990
2014-12-01 23:22:16
Mamalak89, мен да сизге кошулам.
+1
Key-KO
2014-12-01 22:41:02
супер
+1
restreppo
2014-12-02 01:18:58
кореецтерге окшош го,кыргызбы бул озу?
0
azizka94
2014-12-02 02:22:14
Чындап экоонун мунозу окшош шарт эле бетке айтып салышат го жашырып арамзалаганды билишпейт бактылуу болунуздар
+2
raxatka
2014-12-02 03:54:49
Бактылуу болгула. Кичинекейинердин ден соолугу чын кыргыз эли сыймыктанган уулдардан болсун))
+1
jojolove
2014-12-02 22:25:20
Мага да жагат экообу тен.Баланардын жакшылыгын эле коргуло ар-дайым.Таланттуу жубайлар!!!
+1
mi-li-na
2014-12-06 01:50:12
Бир-бирине топ келген тугойлор, бактылуулук!!!
0
kama_future_millioner
2014-12-06 09:03:38
Өмүрү мн берген болсун Искендердин
0
№ 630, 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан