Октябрь айында ички иштер министри болуп бекитилген Мелис Турганбаев аймактарга, чет жерге кызматтык сапарларга чыгууга жетишип, атүгүл Жогорку Кеңештин депутаттарына арызданууга да үлгүрүп, активдүүлүгүн көрсөтүп жатат. Бирок милициянын ишинде жылыш байкалды деп айтууга тил барбайт. Тескерисинче, өзгөчө мыкаачылык менен карактоо-тоноо, адам өмүрүнө кол салуу фактылары өстү. Ири ишканаларга, ишкерлерге кол салуу дамамат кайталанып, чоң акчага ууга чыккан кылмышкерлерди кармоого милиция кызматкерлеринин чамасы жетпей турат.
21-ноябрь күнү ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы «Атлас крипт» компаниясынын кеңсесине буга чейин козголгон кылмыш ишинен улам тинтүү жүргүздү. Кенен маалымат тергөөнүн кызыкчылыгына шылтоолонуп азырынча айтылбай жатат. Аталган компания 2011-жылдан бери Кыргызстанда мамлекеттик документтердин түрдүү бланктарын, негизинен, айдоочулук күбөлүктү даярдоо менен алектенип келет. «Атлас крипт» аркылуу калктын эсебинен топтолгон чоң суммадагы каражат чет жерге чыгарылып жатат дешүүдө.
23-ноябрда Бишкек шаарында жайгашкан «ЭкоИсламикБанк» банкынын филиалына эки куралчан эркек киши бастырып кирип, тоноочулар 2 миллион сомдон ашуун каражатты алып чыгып кетишкен. Эртеси Бишкек ШИИББи банкты тоноого шектүүлөрдүн бири кармалганын, уурдалган акча кайтарылганын маалымдады.
Акыркы мезгилде ири ишкерлерге, чоң акчага ууга чыккан кылмыштуу топ иштеп жаткан өңдүү. Соңку окуяларды эле алсак, сентябрда Бишкекте «Дельта-Восток» күзөт агенттигине караштуу инкассатордук унаадан 1,7 миллион доллар тонолгон. Кылмышкерлер адам өмүрүн аяшпады, күзөт агенттигинин жетекчиси алардын огунан көз жумган. Ноябрда Токмок шаарында «Бренд» күзөт компаниясына тиешелүү инкассатордук унаа тонолуп, анда
5 миллион сомго жакын акча каракталган. Ушул эле айда Баткенде ишкерлердин үй-бүлөсүнө кол салуу болуп, бычакталган Асылкан
Шүкүрова бейтапканада жан берди.
Ушул жана башка окуялардын баарын карап отурсак, ички иштер органдарынын милдетин аткарууда чабалдык кылып жаткандыгы көрүнөт. Коомчулуктун коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулуктун алдын алуу, криминалдуулукту түп-тамырынан жоюу Мелис Турганбаев үчүн жаңы жарала калган милдет эмес. Буга чейин деле ал Кыргызстандын борбор калаасынын милиция кызматын жетектеп келген.
Наргиза Бекжанова,
politika@super.kg