ЖАҢЫ ЖЫЛГА ЧЕЙИН ОРУСИЯДАН 100 МИЛЛИОН ДОЛЛАР КЕЛЕТ

24-ноябрь күнү президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда Кыргызстан менен Орусия өкмөттөрүнүн ортосунда кыргыз-орусиялык өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Мамлекет башчы логистика, кийим тигүү, кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарбасы менен ипотекалык кредиттөө тармактарындагы долбоорлорго артыкчылык берүү зарылдыгын белгиледи.
Фонддун уставдык капиталы – 500 миллион АКШ доллары. Алгачкы 100 миллион 2014-жылдын 31-декабрына чейин келип түшөт. 400 миллион доллар 2016-жылдын 29-майына чейин которулат.
Маалымат үчүн: Фонд Кыргызстандын аймагында катталган жана ишмердигин жүргүзгөн чарба
субъектилерине карыз берет, ошондой эле экономиканын артыкчылык берилген, өзүн-өзү актаган тармактарындагы долбоорлорду каржылайт.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Looks
2014-12-01 11:18:53
Мага 4000$ заранее ээлеп коёюн.
+2
doni89
2014-12-02 07:57:51
Looks, сага чейин эле уже ээлеп алышкан бийликтегилер...егер калса сен аласыңда) ))
+2
Multicam
2014-12-07 15:03:38
doni89,
калбайт
0
nazikerbol
2014-12-01 16:52:44
Ушундайды укканда журок зыркырай турган болду,бул деле элге эч кандай пайдасы тийбейт оздору чондор жок кылышат анан мамлекеттин карызы кобойот кайрале келип элге кыйын,бир нерсе десе мамлекеттин карызы коп айлык,пенсия которулбойт.
+1
elmaramahamat
2014-12-03 09:14:19
nazikerbol, Эн туура айтасыз
0
bakaika
2014-12-01 18:34:54
дагы кредитби, мен жон эле акча келет экен баш бактым эле бул баракчага.
0
dkanu
2014-12-01 19:59:16
Кимдин чонтогуно?
+1
alikbaevich
2014-12-03 10:27:08
dkanu, Менин коркбогула боорукермин болуп берем :D
0
Multicam
2014-12-07 15:04:48
alikbaevich,
:) утур точка жок кызыкча маанини берет экен суйломун.
0
tourist
2014-12-05 13:32:09
Чондор жакшы оз ишин актай алчу долбоорлорду каржыласа экен,,,,биринчиден КРде кандай долбоорлор бар ошолордун списогун тузуп, планын коруп акчасын болуп берсе онугобуз)))
0
nukesh
2014-12-08 12:59:59
Бул акчалар уже болуштурулуп бутту бараар жерин тапты
0
№ 630, 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан