ЧЕМПИОН ДЕПУТАТТАН ЖЕҢИЛДИБИ?

Кумирдин кумири

Ар бир эле адамдын башкалардан өзгөчө көрүп сыйлаган адамы болот эмеспи. Депутат Ибрагим Жунусов балбан Канат Бегалиевди бааласа, Канат Ибрагим Жунусовдун ырлары менен чоңоюп, аны кумир тутуп келет. Эл сыйлаган эки инсан бири-бирин сырттан тааныганы эле болбосо, атайын жолугушуп, сырдашкан эмес. Бүгүн депутат менен спортчу жолугушуп, килемде күч сынашты.

Белгилүү инсандар Раатбек Санатбаев атындагы спорт залында чер жаза маектешип, тер чыкканча күрөшүштү. Ага-инилердин бири-бирине кылган мамилелеринен урмат-сый көрүнүп турду. Жылдызы келишкен бул эки инсан кыргыздын үлгүлүү үй-бүлөсүндө тарбиялангандыгы сырттан караган адамга байкалып турат экен. Таймашта Канат акесин аяп жаттыбы же Ибрагим аке ошончолук балбанбы, айтор, беттеш 5:5 эсебинде достук жеңиши менен аяктады.

СПОРТ ЗАЛЫНДАГЫ МАЕК
– Ибрагим байке, спортко аябай кызыгат окшойсуз. Кыргызстандын белгилүү чемпиону менен беттешкенден коркпойсузбу?
– Менин спорт менен машыкпай калганыма 30 жыл болуптур. Ага чейин 9 жыл эркин күрөш менен машыккам. Музыка мугалими “булчуңдарың чыгып кетти, спортту ташта” дей бергенинен музыкага ооп кеткем. Бирок машыктыруучу агайым “спортту таштап кеттиң” деп мага 3 жылга чейин таарынып жүрдү. Качан гана алгачкы “Алтын апа” деген жеке концертимди бергенде машыктыруучум келип куттуктап, “туура кылган экенсиң” деп батасын берген. Кыргыздын чемпиону менен ар ким эле күрөшө бербейт да. Мен өзүм деле Канат менен күрөштө күч сынашкым келип жүргөн. Мына силердин демилгеңер менен кыялым ишке ашты десем болот (күлүп).
– 30 жылдан соң күрөшүп жатсаңыз, кыйналып калба­ды­ңызбы?
– Албетте, башында бир аз кыйналдым. Бир-эки күрөшүп алгандан кийин терең дем алып, илхам келип чындап ийиле баштадым.
– Канат, Ибрагим байке сени менен таймашканы келди, сен да аны менен сахнада, балким, саясатта таймашсам деген тилегиң жокпу?
– Азыр ырчылар көп, ошолордун арасынан профессионалы саналуу гана. Алардын бири Ибрагим байке дээр элем. Биз Ибрагим байкенин ырлары менен чоңойдук. Бала кезден сыйлап, кумир туткан адамым болчу. Бирок Ибрагим байкенин күрөштүн эрежелерин мыкты билгени мен үчүн жаңылык болду. Мурда машыкканы да байкалып турат. Спорт жөнүндө түшүнүгү жок адам менен күрөшсөң, ал сөзсүз жаракат алары анык. Депутат байке менен күрөшүү мага жеңил болду. Ал эми сахнада же саясатта таймашка чыгам деп азыр айта албайм. Убакыт көргөзөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
laser
2009-11-30 22:52:39
жакшы соз жок
0
Гука
2009-12-03 16:40:22
SupeR!!!
0
leylaaa
2009-12-03 22:42:58
iii maga uwu kanat bayke jagat!
0
№ 369, 27-ноябрь - 3-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан