Өкмөт 20-ноябрда электр жана жылуулук энергиясынын жаңы тарифтерин бекитти. Ал күчүнө декабрь айынын биринчи декадасында кирет, бирок абоненттер үчүн жаңы тариф 1-декабрдан тартып эсептеле баштайт. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинин адиси Адилет Жолдошбеков билдирди.
Маалым болгондой, электр энергиясын тиричилик үчүн колдонгон абоненттер 700 киловатт-саат үчүн ар бир киловатт-саатына 70 тыйындан төлөшөт. Эгер социалдык нормадан ашып, мисалы, бир айда 1000 киловатт-саат электр энергиясын сарптаса, 700 киловатт-сааты үчүн 70 тыйын, калган 300 киловатт-сааты үчүн
2 сом 5 тыйындан төлөйт. Тиричилик максатында эмес, өндүрүштүк колдонуучулар үчүн социалдык норма каралган эмес. Алар 1 киловатт-саатынан баштап 2 сом 19 тыйындан төлөшөт.
Импорттоло турган электр энергиясынын баасына келсек, Кыргызстан Казакстандан сүйлөшүлгөн 1,4 миллиард киловатт-саат электр энергиясынын 1 миллиардын сатып алганы жатат. Анын баасы салык төлөмдөрү менен кошулуп отуруп 5 сом 61 тыйындан болот.
Кыргызстандын өзүндө өндүрүлгөн электр энергия абоненттерге бериле баштаган убактан тартып 700 киловатт-сааттан ашык колдонгондорго ар бир киловатт-сааты үчүн
1 сом 20 тыйындан эсептелет.
Ал эми жылуулук энергиясынын баасы карапайым калк үчүн 1 гигакалориясы 917 сом 78 тыйын болду. Өндүрүштүк категориядагы жылуулук колдонуучулары үчүн тариф бул жылдын июль айынан бери келе жаткан 1 гигакалориясы 1557 сом 35 тыйын бойдон калды. «Бишкек жылуулук тармактары» ишканасынын берген маалыматына ылайык, орточо эсеп менен 35 чарчы метрлик үй жылуулук берилчү мезгил учурунда (5 айда) 3,5-3,6 гигакалорияны сарптайт. Демек, 1 гигакалория жаңы тарифтик саясатка ылайык, жөнөкөй абоненттер үчүн
917 сом 78 тыйын болсо, анда: 917,78 х 3,5 = 3212 сом чыгат. Аны 5 айга бөлсөк, ар бир айына
642 сомдон тиет.
Наргиза Бекжанова,
politika@super.kg