25-ноябрда «Бир Бол» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары биргелешкен расмий билдирүү таратышты. Эки партия өлкөдөгү жана дүйнөлүк мейкиндиктеги өкүм сүрүп жаткан окуяларды эске алуу менен, кыргыз мамлекетинин, элибиздин алдында жоопкерчиликти сезип, кайдигер карап тура албай, өлкөбүздүн бүтүндүгүн, элибиздин биримдигин камсыз кылуу, пайда болуп жаткан коркунучтарга жана кыйынчылыктарга бирге туруу, эл аралык аренада Кыргызстандын кадыр-баркын көтөрүү, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында биригүүгө кадам ташташканын жарыялады.
«Бир Бол» менен «Бүтүн Кыргызстан» өлкө кызыкчылыгы үчүн бардык иштерди бирге жүргүзүүгө бел байлаганын билдиришти.
«Күн санап өзгөрүп жаткан дүйнөлүк кубулуштарда Кыргызстан татыктуу жана абройлуу орунду ээлеши зарыл деп билебиз жана ал үчүн бардык күчүбүздү, өмүрүбүздү жумшайбыз»,- дешет саясатчылар. Алар бул ыйык максаттарды ишке ашырууда ою таза, көкүрөгүндө ыйманы, жүрөгүндө жалыны бар бардык күчтөр менен кызматташууга даяр экенин айтып чыгышты. «Бүтүн Кыргызстан» жана «Бир Бол» партиялары күчтүү эл, бай мамлекет болуу үчүн бир болууга чакырат.
Бул тууралуу SUPER.KG порталына «Бир Бол» партиясынын аткаруу комитетинин жетекчиси Досалы Эсеналиев төмөнкүлөрдү билдирди:
«Эки партия бир канча айдан бери консультация жүргүзүп келген. Эки саясий партиянын бүгүнкү тараткан биригүүсү биргелешип иш алып баруудагы биринчи кадамы десеңер болот. Негизги максат Кыргызстандын келечеги үчүн учурдагы жаңы саясий системде партиялардын биригиши мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп калды. Эки партия азыр атайын жумушчу топ түзүп, жаңы устав, жаңы программанын жана башка уюштуруу иштеринин үстүндө иш алып барууда».
Учурда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын төрагасы Адахан
Мадумаров Түркияда. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн шериктештигинин башкы катчысынын орун басары болуп бир жылдан бери иштеп келатат. Партиянын төрагасынын милдетин аткаруучу Дүйшөн
Сооронбаев элдин кызыкчылыгы үчүн эки партиянын мамлекетти чыңдоодо, элибиздин турмушун жакшыртууда ой-максаттары төп келишкендиктен, биригүүгө кадам ташталганын билдирди. «Азыр партиянын аты-жөнү тактала элек. Жакын арада биргелешкен съезд өтөт. Ошол жерде партиянын позициясы, жоболору каралып, партиялардын бириккенден кийинки аталышы жана аны жетектөө маселелери талкууланат»,- деп маалымдады.
Наргиза Бекжанова,
politika@super.kg