«Кыргыз Республикасынын калкынын репродуктивдүү саламаттыгын коргоо боюнча улуттук стратегия» жүргүзгөн анализге ылайык, өлкөдө аялдардын орточо өмүр сүрүү курагы 73,7 жылды, эркектердики 65,7 жылды түзөт.
Прокуратуранын экс-кызматкери Канжар Кадыралиевдин ишине байланыштуу Абдимитал Бекташев тосмо арыз жазганына карабастан, анын кылмыш иши токтоп калбайт.
Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин өмүр бою берилүүчү стипендиясы 6 миң сомдон, 9-Майдагы стипендиясы 10 миң сомдон турат.
«2014-жылдын 6 айынын ичинде өндүрүштө катталган кырсыктардан 26 адам, анын ичинде курулушта 5 адам кайтыш болду»,- деди Тоо-металлургиялык профсоюзунун төрагасы Э.Тажибаев.
Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректорлук кызматынан Чыңгыз Шамшиев бошотулуп, анын ордуна Алмаз Насыров дайындалды.
Саламаттыкты сактоонун экс-министри Динара Сагынбаева Улуттук госпиталдын башкы дарыгери болуп дайындалды.
2014-жылдын III кварталында которуу системи аркылуу Кыргызстанга жөнөтүлгөн каражат 1,7 миллиард долларды түздү. Анын 95 пайызынан көбүрөөгү Орусиядан которулган.
«2014-жылдын жыйынтыгы боюнча, Бишкектин ар бир тургунуна болгону 7 чарчы метр бак-дарак туура келди. Совет мезгилинде орнотулган норма боюнча бул көрсөткүч 105 чарчы метрден турушу керек», - деди «Биздин укук» коомдук фондунун өкүлү Калича Умуралиева.
Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасы Абдырахман Мавляновдун айтымында, өлкөдө 3397 илим кандидаты, 713 доктор жана 625 профессор бар.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиев: «Өлкөдөгү медициналык мекемелер учурда 453 генераторго муктаж»,- деди.
«Кыргызстанда жасалган» лейбли менен тигилип, Орусия менен Казакстанга экспорттолгон кийим-кеченин 40 пайызы Кытайда өндүрүлөрүн экономика министринин орун басары Данил Ибраев айтты.
Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева: «Жыл сайын өспүрүмдөрдүн арасында 1300 аборт катталат. Анын 200дөн ашууну 14 жашка толо элек кыздар. 15-17 жаштагы кыздардын да төрөшү көбөйүүдө»,- деди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.