«КОМУЗ МЕНЕН ДОМБРАНЫ БИРИ-БИРИБИЗГЕ ҮЙРӨТТҮК»

Кыргыз-казак өнөрпоздору мурунтадан айтышып, күч сынашып келишкен. Жакындан бери интернетти жарган комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу менен казак домбрачысы Ержан Жаменкеевдин айтышы көңүл чордонунда болууда. Комуз менен домбранын айтышын Түркияга барып көрсөтүп келген таланттарды кепке тарттык.

ЗАКИРБЕК ДҮЙШӨНБЕК УУЛУ

Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 7-январь
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, бир кыз, бир уулдун атасы
Сыйлыктары – Чыңгыз Айтматовдун колунан алган Карамолдо Орозов атындагы атайын сыйлык. Ошондой эле фольклор жаатындагы сынактар боюнча 15ке жакын баш байгенин ээси

– Закирбек мырза, 6 жашыңдагы интервьюңда «эмнени кыялданасың?» деген суроого «кыргыздарга комуз үйрөтөм» деп жооп берген элең. Кыялдар аткарылып жатабы?
– Үй-бүлөдө апам гана комуз чертпейт. Атам, эки агам, эжем баары комуз чертишет. Мен дагы 5 жашка толо элегимде комузду үйрөндүм. 6 жашта журналисттин «эмнени кыялданасың?» деген суроосуна «бүт кыргызды комузга үйрөтөм» деп жооп берген элем. Чебер комузчу болуп кетпесем да, элге өнөрүмдү көрсөтүп келе жатам. Жаш комузчулардын чакан мектебин ачканды ойлоп жүрөм.

– Сага кандай күүнү чертүү жакын. Кара күү, айтым же шыңгырамабы?
– Бала кезде айтым, шыңгырама күүлөрдү чертчүмүн. Жашым улам жогорулаган сайын кара күүнү черткенге басым жасап жатам. Кара күү аркылуу философиялык ойду камтып, терең маани берсе болот. Аларга «Сынган бугу», «Чоң кербез» сындуу күүлөр кирет.

– Жакында эле Түркиянын телеканалдарынын биринде казак домбрачысы Ержан Жаменкеев экөөңөр күү тартыш өнөрүн көрсөтүп келдиңер. Ал жакка кандайча барып калдың?
– Түркиянын ТРТ Аваз телеканалында кыргыз кыз иштейт экен. Мага телефон чалып, «күү өнөрүн көрсөтүп бербейсизби?..» деди. Кандай иш-чара экенине деле кызыккан жокмун. Барганда гана Ержан менен күү чертишеримди билдим.

– Экөөңөр «мен бул күүнү чертем, сен муну черт» деп кеңешесиңерби?
– Даярданып алса кызыгы болбой калбайбы, даярданбай эле эл алдына чыгабыз. Болгону, биз аягында биргеликте чертип жүргөн күүбүздү «бул жерин минтебиз, тигил жерин мындай кылабыз» деп кеңешебиз.

– Демек, атаандашуу болот экен да?
– Жашырганда эмне, атаандаштык болот. Бирок бири-бирибизди жеңип, күү түгөнүп, бирөөбүздүн чабалдыгыбыз байкала элек. Негизи биз элге жакшы маанай, шоу көрсөтөлү деп чыгабыз.

– Экөөңөр комуз-домбраны алмаштырып черттиңер. Домбраны качантан бери черте баштадың?
– Мурун домбрам жок болгондуктан көп кызыкчу эмесмин. Казакстанга барганда бир агам мага домбра белек кылды. Ошондон тарта кыңылдатып чертип баштадым. Ержан да мындай черт деп үйрөттү. Домбраны ойноп жатканда бир кылы жок болуп, издей берем. Ержан «Маш ботой» күүсү домбрага оңой келгендиктен комузду бат эле үйрөнүп алды.

– Комузду күүлөгөндөн башка колуңдан кандай иштер келет?
– Сүрөт тартам. Портрет, жаратылышты тарткан жагат. Мындан сырткары бильярд ойнойм. Сегиз жылга жакын таэквондо менен машыгып келдим. Колумду чыгарып алгандан кийин бул спорттон алыстай түштүм.

– Үй-бүлө күтүп, ата болуп калдың. Сөзүбүздү чакан мамлекетиң туурасында кеп кылып бүтүрөлү...
– 20 жашымда үйлөнгөм. Кызым 3кө чыгып калды. Уулум жакында 1 жашка толот. Жубайым менен бала кезибизден тааныш болчубуз.

ЕРЖАН ЖАМЕНКЕЕВ

Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 6-июнь
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы
Сыйлыктары – Калк аралык Шабыт фестивалынын лауреаты. Н.Тилендиев атындагы республикалык сынактын баш байгесинин ээси

– Ержан мырза, Казакстанда сени чебер домбрачы деп таанышат, эми кыргызстандыктарга өзүңдү тааныштырып өтсөң...
– Мен карапайым үй-бүлөдө, Алматы калаасында жарык дүйнөгө келгем. Атам жогорку окуу жайда физика-математика мугалими, апам мыкты ашпозчу. Апамды «менин шеф поварым» деп тамашалап калам (күлүп). Менден кийин иним, карындашым бар.

– Домбраны канча жашыңдан тарта чертип баштадың?
– 6 жашымдан тартып домбра чертип келем. Азыркы учурда Курмангазы атындагы Казак улуттук консерваториясынын магистратурасында 2-курста окуйм. Ошондой эле ушул жылдан тартып мугалимдердин катарын толуктап, домбрадан сабак берип жатам.

– Сен домбраны өзгөчө өнөр менен чертесиң, бул өзүңдүн фантазияңбы?
– Колума домбраны кармаганыма 18 жыл болду. Бул жылдар аралыгында кооздоп чертүүнү үйрөндүм. Азыр угармандын табитин табуу өтө кыйын. Андыктан замандаштарыбызга, ини-карындаштарга домбрага ушундай шоу кошуп тартууласак жакын кабыл алышат. Күүнүн темасына карап колум менен ар кандай элементтерди жасайм.

– Закир менен кандайча айтышып калгансың?
– 2011-жылы күздө ырчы Сауле Жанпеисова эжебиз мени Бишкекке «кыргыз комузчусу менен айтышасың» деп алып барган. Көрсө, КРнын Эл артисти Роза Аманованын эки күндүк концерти болмок экен. Концерттен Закирбек досум менен тааныштым. Ал керемет, меймандос жигит экен. Ушул күнгө чейин жакшы мамиледебиз. Андан кийин Кыргыз радиосунун 80 жылдык мааракесинде да күү тартыш өнөрүн көрсөткөнбүз.

– Угушума караганда, комузду эки саат ичинде үйрөнүп алыптырсың. Домбра менен комуздун жакындыгын сездиңби?
– Ооба, Закирбек досумдун жардамы менен комузду да үйрөндүм. Биздин дилибиз, тилибиз жакын болгондой эле, комуз менен домбра да жакын десем болот. Комузду ойноо мага жакты. Эми мындан да жакшы үйрөнөм.

– Сени «Курманжан датка» тарыхый тасмасынан да көрдүк. Кандайча тартылып калдың?
– 2013-жылы күзүндө кино тарткан чыгармачыл топтон мага «чоң тарыхый кино тартылып жатат, ошого тартылып бербейсиңби?..» деген сунуш түштү. Эч ойлонбостон макул болдум.

– Түркиядагы айтыш тууралуу сөз кылсак...
– Бул дагы менин жашоомдогу унутулгус тарыхый окуя. Ал жактагы кыргыз-казак туугандарыбыз келип, бизди колдоп-коштоп отурушту. Түрк туугандарыбыз меймандостугун көрсөтүшүп, жогору баа беришти.

– Өзүңдүн чакан мамлекетиңде кандай жаңылык бар?
– 2012-жылы үй-бүлө кургам. Азыр кылыгына тойбогон кызым бар. Жубайым да өнөр жолунда, кыякчы. Консерваторияны бирге бүтүргөнбүз.

Султан Төрөбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
suiuktuujar
2014-12-01 10:52:08
кыргыздын комузун дуйного таанытып журо бер уй булоолук бакыт чыгармачылык ийгилик
0
Ayka1994
2014-12-01 10:59:50
ооо жакшы экен казак-кыргыз бир тууган дейт эмеспи мындан кийин да казак эли менен достугубуз бекем болсун. Эки жигитке ийгилик, уй-булолук бакыт каалайм.
+1
laki
2014-12-01 13:55:38
Азаматтар, достугуңар бузулбасын!
0
GULZAT.83
2014-12-07 23:45:09
Азаматтар. достугунар башка казак кыргызгада. улгу болот деген умуттомун.
0
№ 630, 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан