“КРЕМЛЬ” ШАМПАНЫ АЛТЫН МЕДАЛГА ТАТЫДЫ

Үстүбүздөгү жылдын 30-октябрынан 3-ноябрына чейин Бишкек шаарында 22-эл аралык “Бишкек-2014” көргөзмө-жарманкеси болуп өттү. Бул жарманке-көргөзмөгө ата мекендик жана Түркия, Орусия, Иран, Казакстан сыяктуу чет элдик 80ден ашуун ишкана жана компаниялардын продукциялары коюлду. Тамак-аш, жеӊил өнөр жай, косметикалык жана башка көптөгөн продукциялар көрсөтүлдү. Көргөзмө-жарманкеге катышкан Кыргызстандагы алдыӊкы компаниялардын бири “Алтын Шампаны” тартуулаган “Кремль” шампаны соода жана өнөр жай палатасынын комиссия мүчөлөрүнүн көптөгөн мактоолоруна татып, мыктылардын мыктысы деп табылды.
“Алтын Шампаны” компаниясы сапатты биринчи орунга коюп, шампан жана шараптарды жасоодогу көп жылдык тажрыйбаны, салтты сактап, жогорку сапаттагы продукцияларды чыгарып келет. 30-40 жылдык эмгек тажрыйбасы бар технологдордун мыкты ишинин арты менен шампан өндүрүшү сапатын жоготкон жок, тескерисинче, жакшырууда. Ошол себептүү кыска аралык ичинде эле сатып алуучулар арасында кадыр-баркка ээ болуп отурат.
“Кремль” шампаны жалаӊ гана табигый таза өстүрүлгөн жүзүмдөн жана Союз мезгилинен бери келе жаткан уникалдуу технологиялар менен даярдалган.
Кыргызстанда биринчи жолу “Кремль” шампаны Жаӊы жылдык акция – Дубай шаарына 2 кишилик 5 жолдомо ойнотууда.
Эрежелери: “Кремль” шампанын сатып алып, фольганын алдындагы стикердин сыр катылган катмарын сүртүп, 5 жолдомонун бирин утуп ал. Акция 1-ноябрдан 15-январга чейин жүргүзүлөт.
ЭСКЕРТҮҮ: Байгелерди акчалай алууга мүмкүн эмес.
“БАРДЫК ЖАӉЫ НЕРСЕ – УНУТУЛГАН ЭСКИ ЭЛЕС”
“КРЕМЛЬ” ШАМПАНЫ – АР БИР МАЙРАМДЫН ЭЭСИ!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 630, 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан