«2009-жылдын супер спортчусу» наамынын ээси футболчу Азамат Байматовдун жашоосу учурда бир калыпка салынып, өзү айтмакчы «план боюнча кетип бара жатат». Дегенибиз, Кореянын Инчхон шаарында өткөн Азия оюндарына олимпиадалык курама команданын лидери катары барып келди. Декабрда болсо футбол боюнча Кыргызстан улуттук курама командасы менен Кытай курама командасынын ортосунда болчу беттешке даярдануу үчүн Таиландга жөнөп жатат.
Ал эми жеке жашоосунда да жакшы жаңылыктары бар өңдүү. Азаматтын акыркы учурда интернеттеги өздүк баракчасына байма-бай киргизген сүрөттөрүнөн, жазган сөздөрүнөн жаңы сүйүүсүн тапканбы деп ойлодук. Айткандай эле футболчу учурда бактылуу экенин билдирди. «Жубайым менен жарым жылдай жашап, ажырашып кеткеним мага сабак болду. Ал кызды өзүм тандагам, эч кимди күнөөлөбөйм. Үй-бүлөлүү досторумду көрүп мен дагы ата болоюн, сүйүнүчүмдү жакындарым менен бөлүшүп той берейин дегем, бирок ортодо уруш-талаш, түшүнбөстүктөр көп болуп кетти... Мындай окуядан кийин эл көзүнөн, сөзүнөн качып калгам. Эми баары жакшы, мени бактылуу кылчу сүйүүмө жолуктум. Сүйлөшкөн кызымдан мурунку жубайымдан, буга чейин достошкон кыздардан таппаган жылуулукту таптым. Мен эмнени туура деп эсептесем дайыма колдойт»,- дейт спортчу жигит.