Режиссёр Темир Бирназаровдун «Кумар» аттуу киносун көргөндөр актриса Калипа Усенованын кандай талант экенин байкаса керек. Актриса ал жерде жеңил ойлуу кыздын ролун ойногон эле. Калипа эми режиссёр Айдай Чотуеванын жаңы тасмасында азгырыкка алдырып, кореялык мырзага турмушка чыккан кыздын ролун жаратууда. Ролу туурасында актриса: «Ушул ролго сени бекиттик. Сенин мыкты ойнооруңа көзүбүз жетет деп чакырышты»,- дейт.