ЭлТР телеканалындагы “60 мүнөт” берүүсүнүн алпаруучусу МАКСАТ ДОВРАНОВ

Тааный жүрүңүз

Көрүүчүлөрдү жума күндөрү 1 саат ЭлТР телеканалына байлап келаткан берүү бар. Ал – “60 мүнөт” берүүсү. Берүүнүн алпаруучусу Максат Довранов менен кенен таанышууну максат кылып, конокко чакырдык.

1988-жылы, 12-февралда Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында туулган. Үй-бүлөдө 3 уулдун ортончусу.
Кесиби – Модельер-конструктор.
Ош шаарында жашайт.
Бойдок.
Учурда ЭлТР телеканалында телеалпаруучу.

– Максат, кандай тагдыр менен телеге келип калдың?
– Жогорку окуу жайды аяктап жатканымда алпаруучулукка кастинг жүрүп жатканын угуп калдым. Көп эле балдар катышкандай болгон, жыйынтыгында мени тандап алышты.
– Эфирге алпаруучу катары чыга баштагыча телеканалдын коридорлорун далай таптагандырсың?
– Ооба, андай күндөр көп эле өттү. Биринчи жолу түз эфирге 15 мүнөттүк “СМС-шанс” деген рубрика менен чыккам. Камераны карабай, продюсердин көзүн тиктеп алып сүйлөп, тердеп-кургап, айтор, бир топ эле кыйналгам. Андан соң “Кутман таң” көрсөтүүсүн алып бара баштадым. Бул учурда кыйналганым таң эрте туруу болчу. Анткени эртең мененки саат 6да жумушка барып калышың керек. Ошентип жүрүп отуруп “60 мүнөт” долбоору иштелип чыкты. Башта берүүнү 3 адам алып барчубуз. Кийинчерээк жалгыз өзүм алып баруучу да, редактор да болуп калдым.
– Түз эфирде иштеп жатып ыңгайсыз абалда калган учур болду беле?
– Биздин жумушта андай кызыктар көп эле болот. Бирөөсүн эле айтайын. Бир жолу эфирде клип көрсөтүлүп, мен болсо тердеп кетип гримдөөчүнү чакырып, бетимди тазалатып жаткам. Режиссёр ошол абалыбызда бизди эфирге чыгарып жибериптир. Эмне кыларды билбей алдастап калгам. Негизи, телеалпаруучу ушундай абалдардан да ыңгайын таап чыга билиши керек.
– “Мына достор, ооба достор, кана эмесе достор” өңдүү сөздөрдү өтө көп колдоносуң. Ушуну өзүң байкайсыңбы?
– Достор деген сөздү жакшы көрөм. Анткени жалпы көрөрмандар менин досторум да (күлүп). Моюнума алам, мындай эскертүүнү бир нече адамдан уктум. Башында ушул сөздү эч эбин келиштирип айта алчу эмесмин. Сыягы, ашыра үйрөнүп алсам керек.
– Клибин эфирге чыгаруу үчүн пара, белек-бечкек сунуш кылган ырчылар болобу?
– Бул көрүнүш бардык эле тармакта болсо керек. Айрыкча кандайдыр бир сынактар болсо, белегин көтөрүп келип же чай ичели дегендер көп болот. Бирок андай азгырыктарга алдырып, берүүнүн сапатын начарлатууга акым жок.
– Эми жеке жашооңо да баш багып көрсөк. Кайда, кимдер менен жашайсың?
– Ушул күнгө чейин өз алдымча жашап көрө элекмин. Азыр да эки эжем менен чогуу турам. Экөөнө эркелеп үйдө бир ишке колум барбайт. Ачка калсам да качан келишет деп күтүп отура берем. Кээде тамашалап күлүп калам, мен үйлөнгөндөн кийин турмушка чыгасыңар деп.
– Кыздар өздөрү келип таанышабы же дайыма демилге сен жактан болобу?
– Жигит болгондон кийин кызды сөзгө тартып таанышуу жакшы нерсе. Бирок өздөрү келип таанышкан кыздар да кездешет. Аларды туура эле кабыл алам. Бул да кыздардын өзүнчө искусствосу эмеспи.
– Спортко мамилең? Залга барып, машыгып дегендей...
– Сарык оорусу менен жабыркаганым үчүн 7-класска чейин дене тарбия сабагына катышкан эмесмин. Өзүм кызыгып катышкым келсе да, мугалимдер каршы болушчу. Ошентсе да волейболго кызыгып, бала кезимден ойноп келем.
– “Өз тагдырым өз колумда” деген адам­­­­сыңбы же “маңдайга жазганын көрөбүз” дегендердин катарындасыңбы?
«Кечээки күн – өтмүш, бүгүнкүсү – тагдыр, эртең­киси – табыш­мак» деп коюшат го. Бүгүнкү күндө турганда мен деле тагдырым өз колумда дей берем. Келечекке көз салсак, баары табышмак. Андайда маңдайга жазганын көрөм деп калам.
– Анда маңдайыңа жазылганы жалаң жакшылыктар болсун. Максат, ишиңе ийгилик.

Шаиста Шатманова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
bayash
2010-05-11 14:25:11
Максат, эфирге чыгаар алдында азыраак чаптансан болбосбу,эмне мынча коп чаптайсын,анан дагы оозунду,кашынды,козунду боебой эле койчу сага жарашпайт экен!!!
+1
№ 369, 27-ноябрь - 3-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан