«2013-жылдын супер ырчы айымы» наамынын ээси Чолпонайдын колун продюсери Эрнест Уметалиев сураганынан кабардар болсоңуз керек. 2013-жылдын аягында Эрнест ырчы кыздын колуна бриллиант көздүү шакек салып, эл алдында «жубайым болчу» деп колун сураган эле. Экөө тең чыгармачыл адамдар эмеспи, жумуш менен жүрүп тою жазга белгиленгенин айтат Эрнест. «Экөөбүздүн ата-энебиз мен режиссёрлук кылган «Классташтар KG» фильминин бет ачарында жакындан таанышышты. Буюрса, үйлөнүү тоюбузду жазга белгилеп жатабыз»,- дейт продюсер.