«МЕДИЦИНАЛЫК ЖАРДАМ КАТТООГО КАРАП КӨРСӨТҮЛӨБҮ?»

– Жакында катуу ооруп, медициналык жардамга муктаж болуп калдым. Борбордогу ооруканалардын бирине барсам кабыл албай, башка ооруканага жиберишти. Жаның кыйналып турганда ары-бери топтой кылып тепкендери жаныма тийди. Каттоодо жок болсоң оо дүйнөгө узап кете берет экенсиң деген ой туулду. Мен ушул учурда өз укугумду коргогонго акым барбы?

Курман, Бишкек шаары

-Сиз мамлекет кепилдеген медициналык тейлөөнү каттоодо бар-жок экениңизге карабай пайдаланууга укуктуусуз. Ошол себептен сизге мыйзамдан тыш мамиле жасап, кабыл албагандыгы үчүн арыз менен аталган оорукананын жетекчилигине кайрылышыңыз керек болчу. Сиздин кайрылууңуздун негизинде жетекчи эмне себептен сизди кабыл албай койгондугун текшерип чыкмак.

Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «Фемида» юридикалык компаниясынын жетекчиси АЗИЗ ТОКТОСУНОВ жооп берет.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеңештерге муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же
kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Султан Төрөбеков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Sekelek.
2014-12-01 15:37:39
Юрист красавчик го...Бойдок бекен, ыя? ))
+1
Rifle
2015-02-03 19:51:27
Озунуздун каттоого турган поликлиниканыздан направление алып, анан кайрылып корунуз.
0
№ 630, 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан