«КАТТООДО ЖОК АДАМДАРДЫ КАЙДА ЖҮРӨТ ДЕП КИМ КАРАЙТ?»

– Жалал-Абад облусунан кең Чүйгө келгениме беш жылдан ашты. Кара курсакты кампайтып, жумуш чыга калса ылгабай аткарып жан багып жүрөм. Үй-бүлөм жок. Эч жерде каттоого турган эмесмин. Ата-энемден эрте ажырап калгам. Менде паспорт турсун, күбөлүк да жок. Мага окшогон көмүскөдөгү адамдарды кайда, кантип жүрөт деп мамлекет тарабынан көзөмөлдөй турчу кызмат барбы? Же биз эптеп-септеп жан багып, эл ичинде сандалып жүрө беребизби?

Багышбек, Чүй облусу

-Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 9-беренесинин 2-пунктуна ылайык, социалдык жактан корголбогон жарандарга эмгек акынын кепилденген өлчөмү төлөнүп, эмгекти жана ден соолукту коргоого колдоо көрсөтүлүшү керек. Ошол укугуңуздан пайдалансаңыз болот. Ал үчүн тиешелүү органдарга: Социалдык фондго, Эмгек миграциясы жана жумуш менен камсыздандыруу бөлүмүнө, ЗАГСка каттоого коюуга, документтерди кайра жасатууга арыз менен кайрылыңыз.

Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «Фемида» юридикалык компаниясынын жетекчиси АЗИЗ ТОКТОСУНОВ жооп берет.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеңештерге муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же
kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Султан Төрөбеков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 630, 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан