«ӨЗБЕКСТАНДЫН ЖАРАНЫМЫН, ПАСПОРТ АЛАЙЫН ДЕГЕМ...»

– Мен коңшу Өзбекстан өлкөсүнүн жараны болчумун. Турмушка Кыргызстандын жаранына чыккам. Жолдошумдун паспорту жок болуп, нике күбөлүгүн алган эмеспиз. Өзбекстан өлкөсүнөн алган паспортумдун мөөнөтү бүтүп калды. Азыр чек арадан өтө албайм. Ата-эне, бир туугандарымды көрө элегиме 4 жылдан ашты. Кантип паспорт алышым керек?

Фатима, Ош облусу

-Паспорт боюнча Кыргызстандагы Өзбекстандын элчилигинин дипломатиялык өкүлчүлүгүнө кайрылыңыз. Ошол жерден сизге тиешелүү жол-жобосун көрсөтүп беришет. Нике күбөлүгүн алуу үчүн паспортуңузду калыптандырып, каттоого турууңуз керек.

Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «Фемида» юридикалык компаниясынын жетекчиси АЗИЗ ТОКТОСУНОВ жооп берет.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеңештерге муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же
kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Султан Төрөбеков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
admin_media
2014-12-01 17:48:04
jazy, aibek92, Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга, ушундай иш-аракеттерди жасоого тыюу салган талап бар. Провокацияга жол берилбейт!
0
dani2014
2014-12-02 22:26:09
Озбекстанда канчалаган кыргыз айылдар бар,ооба алар той топурга да кенири келип кете алышпайт
0
Multicam
2014-12-07 15:06:45
жакшы соз айткым келди , бирок бан мага.
0
nayman90
2015-12-06 23:00:45
узбекстандан учеттон чыкпай кыргызтандан паспорт алса болобу
0
№ 630, 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан