«КАТТООСУ ЖОК ЖУМУШКА ОРНОШО АЛАМБЫ?»

– Жакшыраак жумушка орношоюн десем шаардык каттоомду сурап, эч жерде каттоодо жоктугумду билишери менен мен кирчү жумуштун каалгасы дароо бекийт. Каттоосу жок жумушка орношуунун жолу жокпу?

Марат, Нарын шаары

-Эмгек кодексинин 64-беренесинде эмгек келишиминин негизинде ишке кирчү адам жумуш берүүчүгө төмөндөгү документтерди көрсөтүшү керек:
Паспорт же жеке адамга тиешелүү эмгек китепчеси жана сиз орношчу жумушка тиешелүү талап кылынган документтерди тапшырышыңыз зарыл. Эгерде биринчи жолу жумушка орношуп жатсаңыз, жумуш берүүчү эмгек китепчеңиз менен социалдык коргоо күбөлүгүн ачып берет. Жумушка алууда шаардык каттоонун болушу зарыл деп жазылган эмес. Сиздин кайсы аймакта каттоодо тургандыгыңыз паспортуңузда көрсөтүлгөн.

Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «Фемида» юридикалык компаниясынын жетекчиси АЗИЗ ТОКТОСУНОВ жооп берет.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеңештерге муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же
kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Султан Төрөбеков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 630, 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан