– Шаарга келгениме жарым жылдан ашты. Ушул кызыл шапкечендерден кутула албай койдум. Көчөдөн көрсө эле душманындай кармап кетишет. Башында паспортум жоктугун шылтоо кылышып акча өндүрүшчү. Паспорт алып эми кутулдум го дегем. Жакында кармап алып «каттоодо жок турбайсыңбы» дегени жанга тийди. Кыргызстанда жашап эркин жүрө албайм. Мени жөн эле текшерип, акчамды ала бергенге аларга укук берилгенби?
Шумкар, Бишкек шаары
Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «Фемида» юридикалык компаниясынын жетекчиси АЗИЗ ТОКТОСУНОВ жооп берет.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеңештерге муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Султан Төрөбеков
kenesh@super.kg