«Карт бойдок» тасмасынын 1-бөлүгү көпчүлүктүн көңүлүнөн орун алып, 3 жумада эң көп көрүлгөн тасмалардын катарына кирген. Фильмдин продюсери Съездбек Искеналиев кино сүйүүчүлөрүн кайрадан кубантып «Карт бойдок-2» тасмасын эл алдына алып чыкты. 13-ноябрь күнү бет ачары болгон «Карт бойдок-2» тасмасы 2 жуманын ичинде рекорд коюп, эң көп киреше тапкан тасмалардын катарын толуктоодо. Анда маекти Съездбек Искеналиев менен уланталы.
– Съездбек мырза, тасманын биринчи бөлүгүндө өзүңүз да роль жараткан элеңиз. Бул жолу да өзүңүз тартылдыңызбы?
– Ооба, бул жолу да чакан роль жараттым. Тасманын биринчи бөлүгүндөгү жеке ишкер болгон образым экинчи бөлүктө жөнөкөй айдоочуга айланат. Кыскасы, мурунку эле образдын уландысын ойнодум.
– Заманбап тасмалардын арасында үй-бүлө менен чогуу отуруп көрө тургандары аз. «Карт бойдок-2» тасмасы кайсы жаш курактагыларга арналган?
– Мына дал ушул көйгөйдү жокко чыгаруу үчүн биз сценарийдин үстүнөн кылдаттык менен иштедик. Биздин тасманы үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү менен көрүүгө болот. Жашы, карысы, бөбөгү болобу ар бирине жеткиликтүү, түшүнүктүү жана оңой сиңирүүчү тамашаларга толгон, тарбиялык мааниси терең комедия.
– Актёрлорду тандоодо эмнесине көңүл бурдуңуздар?
– Көпчүлүк тасма жаратуучулар актёрдун келишимдүү келбетине чоң көңүл буруп, анын профессионалдуулугун экинчи планга коюп коюшат го. Биз биринчи кезекте профессионалдуу актёрлорду чогулттук. Жыйынтыгында сыймыктануу менен «Карт бойдок-2» тасмасына жалаң гана өз ишин мыкты билген актёр жана актрисалар тартылды деп айта алам.
– Ошондо тасмада мурунку эле баш каармандардын үйлөнгөндөн кийинки жашоосу чагылдырылабы?
– Албетте, эки бөлүк тең бири-бири менен байланышып турат, эски каармандардын дагы жашоосунан кабар берип өтөбүз. Бирок бул ирет тасманын негизги каарманы катары Шапа-007 аттуу жеңе болду. Тасманын биринчи бөлүгүндө Шапа жеңе айылдан келет эмеспи. Ошол бойдон ал шаарда отурукташып калып, жаштарды табыштыруу үчүн агенттик ачып, кызуу ишке киришет. Карьера деп төшүн каккан эки жашты табыштыруу үчүн кандай гана нерселерди ойлоп таппайт. Муну биз көрөрмандарга аябай кызыктуу окуялар менен жеткиргенге аракет жасадык. Мындан улам да киного келген адамдын агымы азайбай, күн сайын өсүп жатса керек.
– Тасманын сапаты тууралуу эмне дейт элеңиз?
– Сапаты өзүнчө чоң тема. Себеби азыр элдин алкышына татып жаткан «Курманжан датка» фильминде колдонулган айрым камераларды колдондук жана анда иштеген адамдар бизде да иштешти. Сапаты жагынан «Курманжан даткадан» кийинки эле орунда турат десем болот. Биз да жыл сайын такшалып, элдин табитине ылайык жакшы тасма тартууга белсене баштадык. Жыйынтыгы жеке мага гана эмес, көрөрмандарга да жакты.
– «Карт бойдок-2» комедиясын көрө электерге эмне дейт элеңиз?
– Тасманы көргөн адамдардын арасында кинозалдан капалуу чыккандарын учураткан жокмун. Ыраазычылык айтып чалгандар да көп болууда.
Бул комедияны көрө электер көп нерседен куру калышат го деп ойлойм. Себеби фильмден ар ким өзүнүн кыял-жоругун таанып, турмушундагы тааныш окуяларды көрө алат. Анын үстүнө жагымдуу тамашага бөлөнүп, маанайын көтөрүшөт. Жыйынтыгында ошол тааныш кырдаалдардан туура жол табып чыгууну үйрөнүшүп, жеке өздөрү үчүн жакшы турмуштук сабак алышат. Андыктан бардык көрөрмандарды «Карт бойдок-2» тасмасын көрүүгө чакырып кетмекмин.
– Маегиңизге рахмат, ишиңизге ийгилик.
Нуркыз Курманбек кызы