Алмазбек Атамбаев: “МЫРЗАКМАТОВ БОЮНЧА ИНТЕРНЕТТЕН ОКУП, ЭМИ МУНУ ДА МЕНДЕН КӨРҮШӨТ ДЕП КЫЖАЛАТ БОЛДУМ”

1-декабрь күнү Алмазбек Атамбаевдин мамлекет башчысы катары кызматка киришкенине 3 жыл болду. Буга байланыштуу өлкө башчысы ишинин жыйынтыктары жана келечек пландары тууралуу маек берди. Биз анын урунттуу учурларына токтолдук.

“ГАЗ СУРАП КОӉШУ ӨЛКӨГӨ ЧУРКАЙ БЕРБЕЙ, МАСЕЛЕНИ БИРОТОЛО ЧЕЧИШ КЕРЕК”
– Кудай буюрса, кыштан аман-эсен чыгабыз. Электр энергиясынын маселеси боюнча Казакстан менен сүйлөшүлүп, чечилди. Тиешелүү акча Энергетика жана өнөр жай министрлигинин эсебине которулду.
Ошто газдын өчүрүлүп калганы дагы бир маселе болду. Акыркы айлар ичинде бул маселени чечүү боюнча катуу иштеп жатабыз. Учурда 2 жолун таптык. Биринчиси – Кызыл-Кыянын жанында көмүрдөн синтетикалык газ өндүрүү боюнча завод куралы деп чечтик. Буга инвестор да табылды, декабрдын ортосуна чейин Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен инвестордун ортосунда келишимге кол коюлат. Экинчи жолу – "Баткеннефтегаз" ишканасы Баткенден газ резервдерин тапты. Ал өлкөнүн түштүгүн 5-10 жыл газ менен камсыз кылууга жетет экен. Бул боюнча "Газпромго" да кайрылдык.
Соӊку 20 жылдын ичинде коӊшу өлкө тарабынан биринчи жолу газ өчүрмөй, жолду жапмай болуп отурган жери жок. Көп жолу эле болгон. Андайда биздин чоӊдор чуркап барып, туура эмес келишимдерге кол коюп берип келишкен. 2001-жылы да, 2008-жылы да Кыргызстандын кызыкчылыгына таптакыр жооп бербеген келишимдерге кол коюлуптур. Кыргыздын бийлиги жалдырап күздөн баштап 31-декабрга чейин “газ береби-жокпу?” деп Ташкентте жүрчү. Бул жолу дагы газ өчүрүлгөндө кыргыздын премьери, президенти чуркап келишет деп ойлошту. Жыл сайын чуркап отурбай, бул маселени түп-тамырынан чечип, өзүбүз башка булак табышыбыз керек. Кандайдыр бир мамлекет менен башка бир талаштар болсо, ошол эле убакта ошол мамлекетке көз каранды болсоӊ, жаман бүтөт экен да. Мындан ары мындай болбойт. Кыргызстан бутуна туруп, коӊшулар менен теӊ ата сүйлөшөт.

БАЖЫ БИРИМДИГИ ЖАНА КЫРГЫЗСТАН
– Бул кадамга 3 жылдан бери даярданып жатабыз. Өткөн жылы декабрда Москвага барсак, "Кыргызстандын Евразиялык биримдикке кире турган жол картасы даяр, кол коёбуз" дегенде мен "мындай шарттар менен кирбейбиз" деп айткам. Эми биз койгон шарттар менен кирип жатабыз. Айрымдар "биримдикке кирсек реэкспорт кыла албай калабыз" деп жатышат. Кирбесек да кыла албай калабыз, андан да жаман болгону турат. Сый менен кирип алганыбыз туура.
Ошол эле Бажы биримдиги эми Евразиялык экономикалык биримдик болот, ага кирбесек, азыр алып жаткан бензиндин ар бир тоннасы дароо 300 долларга кымбаттайт. "Кытайдан келген товарды сатып жан багып жатабыз" деп жатышпайбы, аны эч жакка чыгара албай калабыз. Казакстанда, Орусияда жашап иштеп жаткан биздин 500 миӊдей кыз-жигитибиз кадимкидей ошол жергиликтүү орус менен казактай эле болуп, өзүн адам катары сезип калат да. Ал эми буга каршы болуп жаткандар – бизге жакшылык каалабаган күчтөр.

“ЭЛ КЕЛЕЧЕГИН ОЙЛОП, 500 СОМГО АЛДАНБАЙ ДОБУШ БЕРИШИ КЕРЕК”
– 2007-жылы өткөн шайлоодо участкалык комиссия же бийлик өзү "бул партия мынча алды, тиги партия тигинче алды" деп жазып койгон. Ошол эле комиссиялар урналарга керектүү бюллетендерди салып коюшчу. Ушул маселени жок кылыш үчүн бул жолу биометрикалык шайлоо кылалы деп жатабыз. Ар бир адам бюллетень алыш үчүн компьютерге өз бармагын басат. Эгерде бармагынын изин бере албаса, анда бюллетень ала албайт. Ошондуктан кошумча бюллетендер болбойт. Бул шайлоого абдан күчтүү партиялар биригип туруп катышканы турат. Участкаларга ар бир партиялардын өкүлдөрү отурат, катуу көзөмөл болот.
Эл өзүнүн келечегин ойлошу керек. Бир бөтөлкө аракка же 500 сомго алданып калбай, добушун ойлонуп туруп бериш керек.

“ЖАГАБЫ-ЖАКПАЙБЫ, МАМЛЕКЕТ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ МАСЕЛЕЛЕРГЕ БААРЫ БИР КИРИШЕ БЕРЕМ”
– Араба сынбасын, өгүз өлбөсүн деп, өз жанымды багып жыргап жүрө берсем деле болмок. Бирок эл кийин баары бир менден сурайт. Жыл сайын өкмөт алмашып жатса, депутаттардын кээ бирлеринин деӊгээлин көрүп жатабыз, парламент дагы жаӊы бутка туруп баратса, мен четте жыргап отурсам эчтекеге кабатыр болбой, анда акыбал өтө эле кыйын болмок. “Бул өкмөттүн иши да, эмне киришип жатат, же эмне үчүн парламентке мындай сөздөрдү айтып жатат?” деши мүмкүн мага айрымдар. Бул маселелерге айла жоктон киришип жатам. Ошол эле энергетикага киришпесем, жарык азыр өчүп турмак. Жагабы-жакпайбы, мына үч жыл калды, мен мамлекет үчүн керектүү маселеге өзүмдүн укугумдун чегинде, Конституцияны бузбастан баары бир кирише берем.

“КАЧАН МАГА КЕЗЕК КЕЛЕТ ДЕП ҮРПӨЙҮП КҮТКӨНДӨР КӨП”
– “Качан мага кезек келет?” деп үрпөйүп күткөндөр көп. Саясатка барам деген жаран таптаза болушу керек. Мен деле 15 жыл оппозицияда жүрдүм. Акаевдин бийлиги да, Бакиевдин бийлиги да канча издегени менен, мага каршы эч нерсе таппай койду, анткени эч нерсе жок болчу. Азыр бирөөгө карата кылмыш иши козголсо эле дароо ооруп калууда. Же “бул бийликтин мага каршы уюштуруп жаткан иши” деп кыйкырып чыгууда. Менин бирөөнү аӊдыгандан башка кылар ишим жокпу?
Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматовго кылмыш иши козголгонун интернеттен окуп алып, чынын айтайын, кыжалат болдум, “эми муну да менден көрүшөт экен” деп. Бирок депутат болобу же мэр болобу, өзүн пайгамбар же хан катары көрүп, кылыктарды кылса, эртели-кеч ал чыгат. Кандай кыйкырык, кандай ушак болбосун, коррупция менен күрөш мындан ары да улана берет. Башка жолубуз жок. Кыргызстанды мамлекет катары чиритип жаткан илдеттердин бири – бул коррупция. Муну менен күрөшүүнү токтотпош керек.


“КУМТӨРдөгү” ӨЗ АКЦИЯЛАРЫБЫЗДЫ КОЛДОНУУ УКУГУНАН АЙРЫЛГАНЫ ТУРАБЫЗ”
– Өткөн жылы эле бул маселени чечип, орток ишкана түзгөндө, канадалыктар биздин акцияларды камакка алмак эмес. Быйыл болсо биздин акциялардын бөлүктөрүнө канадалыктар тарабынан жыл башында бир жолу арест салынды, мына азыр экинчи жолкусу. Биринчисин алдырсак, эми экинчи фирма биздин акцияларга арест койдуруп жатат. Минтип отурса, бул өӊдүү аракеттер адат болуп, өзүбүздүн колубуздагы 33 пайыздык акцияларды пайдалануу укугубуздан айрылганы турабыз.
Былтыр популизмди азайтып, парламент Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтүн колдоп койгондо, бул маселе чечилип калмак. Азыр 50 пайызы Кыргызстанда боло турган мүмкүнчүлүктөн да ажыраганы турабыз. Ошондуктан бул маселени тез арада өкмөт менен парламент чечиш керек. Төө кушка окшоп башыбызды катып отурсак, такыр эле талаада калганы турабыз. Жок дегенде бир чечимге келиш керек.



“ПРЕЗИДЕНТТИК МӨӨНӨТҮМДҮ УЗАРТЫП АЛАЙЫН ДЕГЕН ОЮМ ЖОК”
– Сот реформасын анча жакшы жүргүзө албай жатабыз. Такыр эле болбой баратса, мүмкүн, чын эле Конституциянын айрым беренелерин карайбыз. Мен аны, Конституциянын атасы деп коёбуз го, Өмүрбек Чиркешович Текебаев менен дагы сүйлөшкөм. Акыркы жолу кеӊешмеде колдон келишинче мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү менен башка бир жолун тапсак деп айттым. Конституцияга тийбей турганыбыз жакшы.
Менин президенттик мөөнөтүмдүн бүтүшүнө үч жыл калды. Өз жаныӊды бакпай, туугандарыӊды, чөнтөгүӊдү ойлобой, Кыргызстан үчүн иштейм десеӊ президент болуп иштеш өтө кыйын. Күнү-түнү мамлекет деп жашаш керек. Алты жылда жакшы иштерди бүтүрүп берип кетсем, мага ошол эле жетишет. Мөөнөтүмдү узартып алайын деген оюм жок. Үч жылдан кийин элибиз татыктуу президентин шайлап алат деп ойлоп турам.

“КЫРГЫЗСТАН КЕДЕЙ МАМЛЕКЕТ ЭМЕС”
– "Кедей мамлекетпиз" дей беребиз. Элибиз да, маалымат каражаттары да байкабай калышты, бирок быйыл расмий түрдө Кыргызстан кедей мамлекеттердин тизмесинен чыгарылды. Кыргызстан кедей мамлекет эмес.
Кыйынчылыктар болот. Бирок биз кыйынчылыктардан кантип чыгабыз, кайда барабыз, жакшы билебиз. Ошол эле энергетикада эгемендик болуш керек, каражатта эгемендик болуш керек. Чыныгы эгемендикке жетиш үчүн эмнелерди жасаш керек, аларды Улуттук стратегияда Жол картасына жазып алганбыз. Кыргызстандын 25 жылына, 2016-жылга чейин бир топ олуттуу маселелер чечилет. Мамлекетибизди сактап калбасак, баасын түшүнбөсөк, бизди Кудай урат. Тынччылык болсо, аманчылык болсо, элибизде ынтымак болсо, Кыргызстандын келечеги кеӊ.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (114)
4ok4oloi
2014-12-11 15:23:37
Ииииий байкуш корсо аябай эле кыжалат болгон турбайбы озунун жанын ойлоп,биз сизден корбойбуз анткени сиз суттон да аксыз
0
Ananasky
2014-12-11 18:55:08
Ушул ажо суйлосо укмуш элди алдар , эч бир результат жок .
+3
hansol_oh
2014-12-11 20:28:32
Кыргыздар адамды качан убагында сыйлачу эле!Кыргызстан ушунчалык болуп калганына шугур!
0
edelveis0088
2014-12-11 23:40:56
ото эле укмуш суудан таза суттон ак
0
Rashinboy
2014-12-13 20:09:38
edelveis0088, Жанылбас жаак, мудурулбос туяк болбойт тууган.
0
papanstan
2014-12-12 14:13:46
Мен Атамбаевди президент катары корбойм,
0
tolkun85
2014-12-12 19:07:03
Атамбаевди тааныбаган Кыргызстанга биринчи жолу келген адам окуп калса ушуларды... ойлойт оо азамат жигит екен бул президент деп,алдап жатканы менен иши жок.(((
0
taku0214
2014-12-13 00:48:39
Биз парламентик олкобуз. Депутаттар иштеш керек эле.
+1
Rashinboy
2014-12-13 20:08:53
Мурунку эки президент 5-15 жылда жеп, туготуп кетсе аны А.Ш.А. 3 жылда кантип оз ордуна коймок эле, кичине ойлонуп жазсанар, ал деле адам да, колунан келгенин кылып атат да. Ичип-жебеген адам болбойт, Мелис келсе жыргатат дейсинер ал келсе ал деле чонтогуно салат да билгизбей, аны деле соз кылып чыгасынар да " М. Мырзакматов ичип-жеп атат"-деп. Адамдын богу сасык-деген соз чын да.
0
ENGELSA
2014-12-13 23:13:28
Урматтуу АША 2016 мындай болобуз анан 2017 мындай болобуз деп ишти аткарбай туруп кантип кайсы бетиниз менен элге соз берип жатасыз??? Озунуз намаз окуйм дейсиз а бирок элди неге курук соз менен ишендирип жатасыз??? Адам баласы 5 муноттон сон эмне болоорун ким билет эчким билбейт бир гана Алладан башка. Элге ошентип суйлоордон алдын аткарып коюп анан айтпайсызбы. эмчектеги балдарды багып аткансып бирге чыкса басып калат анан екиге чыкса суйлоп калат дебей.
0
jaklin.kg
2014-12-13 23:33:13
качып кеткен эконо караганда жакшыле иштеп атат, иштебейт деп депутаттарды айтыш керек адамга негизи эч нерсе жакпайт баарынар эле кыйратып ийчидей жазыптырсынар.
0
kuba-kj
2014-12-14 12:16:51
Жон адам ажо болбойт да, " беш кол тен эмес" мурунку ажого азыркыбызды салыштырганга болбойт! Кандай иштеп жатканы кандай адам экенин шайлоодо билебиз да. Эгер эл шайлаган болсо татыктуу ишеген ажо болот да.
0
cheremuwka
2014-12-15 00:00:27
zato karimov realnyi karait
0
xperia_kg
2014-12-15 00:01:34
Мырзакматовду каратып туруп эле алдын тороп жатасынар го, макул Мырзакматов жебесе да жеди дейли бирок ал жесе да иштеп жаткан бир жакшына, результат бар болчу. Силерчи (азыркы бийликтегилер)жеп, ичип деле иштебей жатпайсынарбы, кундон кунго Кыргызстанды артка тартып жатасынар!!!! Бетинер биразда болсо чымырап, оо дуйноону да ойлодунар бекен?
0
cheremuwka
2014-12-15 00:08:34
бир Мелис аганын иши эмес башкалары да сизден болуп жатат го
0
Bako.baike
2014-12-18 14:00:59
мамлекет онолгонго АША дан башкада адам керек аша бир озу баарын кыла албайт кыргызстан бай олко эмес бир нерсе кылайын десе акча тартыш. проблема коп. мырзакматов мамлекетти жеп копуро салып жатат дейтго. копуро салуу зарыл эмес эле эл ачка калат
0
№ 631, 5-декабрь-11-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан