СООДАГЕР АЙЫМ БИР БӨТӨЛКӨ АРАК ҮЧҮН ӨЛТҮРҮЛГӨНБҮ?

Үстүбүздөгү жылдын 13-октябрь күнү Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күнгөй айылында жүрөк үшүн алган окуя катталды. Аталган айылдагы дүкөндөрдүн биринде сатуучу аял белгисиз кылмышкердин колунан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

“АПАМ “БААТЫР ЭНЕ” НААМЫН ЖАКЫНДА ЭЛЕ АЛГАН”
Маркумдун кызы Махабат Өмүрканова окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Апам Гүлжан Мусаева 55 жашта эле. Нарын облусунан болот. 7 баланы төрөп, чоӊойткон. Жакында эле “Баатыр эне” наамын алган. Көп жылдан бери соода менен алектенип келген. Апамды 13-октябрь күнү Беш-Күнгөй айылында акыркы 1 жарым айдан бери өзү ижарага алып иштетип жүргөн дүкөндө бирөөлөр мыкаачылык менен өлтүрүп кетишти. Көп өтпөй бул кылмышка шектүү делинип Улан деген бала кармалган. Ал алгач кылмышын толугу менен моюнуна алып, апамды кантип өлтүргөнүн көрсөтүп берген болчу. Милиция кызматкерлерине “чөнтөгүмө таш салып келип, отурган жеринен башка 3-4 жолу чапкам. Кассасында акча жок экен, 1 бөтөлкө арак алгам” деп көрсөтмө бериптир.
Апам дүкөндүн бир бөлмөсүндө жашап соода кылчу эле. Жанында курбусунун 8-класста окуган Салтанат (белгилүү себептерден улам аты өзгөртүлдү) аттуу кызы чогуу жатчу. 12-октябрь күнү Улан карызга бир бөтөлкө арак сурап келсе, апам бербей койгон экен. Экөө ошондо уруша кетип, Уландын сөгүнүп, ызырынып кеткенин Салтанат көрүптүр. Милиция кызматкерлери ошол кыздын көрсөтмөсү менен фоторобот түзүшүп, 28-октябрь күнү аны Бишкек шаарындагы наркологиялык ооруканадан үйүнө чыгып келе жаткан маалда кармашты. Ал бала ошол айылдагы Майрам аттуу эжесинин үйүндө убактылуу жашачу экен. Апамды өлтүргөндө дүкөндүн ичинде кылмышкердин бутуна кийген көлөчүнүн бир түгөйү калып калыптыр. Милиция кызматкерлери ал жашаган үйдү тинтишкенде көлөчтүн бир түгөйүн Улан өзү катып койгон жеринен таап бериптир. Ошентип ал баланы милиция кызматкерлери тергөө абагына камашкан болчу. Уландын жездеси Жогорку Кеӊештеги депутаттын биринин бир тууган агасы, өзү да Жогорку Кеӊеште иштейт экен. Ал адвокат жалдап, наркология бөлүмүнөн “кылмыш болгон күнү Улан ооруканада жаткан” деген жасалма документ жасатыптыр. Ошентип кайнисин “силер камаганга акыӊар жок” деп 4 күндөн кийин тергөө абагынан чыгарып кеткен.

“КЫЛМЫШКЕР ЖАСАЛМА ДОКУМЕНТТИН АРТЫ МЕНЕН ЭРКИНДИККЕ ЧЫГЫП КЕТКЕНИ ЖАТАТ”
Окуянын андан ары кандай уланганын маркумдун бир тууган иниси Каныбек Абдылдаев айтып берди:
– Биз кайра даттанган соӊ наркологиялык бөлүмдү текшерүүгө алышып, соттук-медициналык экспертиза ал кагаз жасалма экендигин тастыктады. Ошентип милиция кызматкерлери Уланды алыскы Тогуз-Торо районундагы өз айылына качып кетип калган жеринен кармап келип, кайра камашты. Мындайча айтканда, врачтар ооруканага жатканы келип, кайра чыгып кеткен Кочевников деген бейтапка ачылган оорусунун тарыхы жазылган кагазды бурмалап, Уландын аты-жөнүн жазып коюшкан. Ал эми наркологиялык ооруканада иштеген дарыгерлер кылган күнөөсүн моюндарына албай жатышат.
Бул жаатта милиция кызматкерлери да жакшы иштебей жатышабы деп ойлойм. Эжемдин кыркылык ашы өтсө да натыйжалуу иш кылыша элек, дарыгерлерди да толук суракка алышкан жок. Азыр биз экспертизага деле ишенбей калдык. Бул жакта адам өлүп жатса, дарыгерлер документтерди бурмалап, кылмышка шектүүлөрдү боштондукка чыгарып жатканына зээниӊ кейийт. Уланга адвокаты, жезделери үйрөткөн окшойт, азыр болсо биринчи берген көрсөтмөсүн танып, таптакыр башкача көрсөтмө берүүдө. Ички иштер министрлигинен жана Саламаттыкты сактоо министрлигинен бул ишти адилеттүү териштирип беришин суранабыз.

“КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ ДАЙЫМА МАС БОЛУП КЕЛИП, КАРЫЗГА ЖАЗЫЛЧУ”
Андан соӊ маркум менен кылмышка шектүүнүн уруша кеткенине күбө болгон Салтанат менен маектешүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ал окуя тууралуу буларга токтолду:
– Мен апамдын курбусу, бир чети тууганы Гүлжан эжеге каралашып, кээде түнкүсүн анын жанында жатып калчумун. 13-октябрь күнү да апам үйгө келген соӊ кечке жуук дүкөнгө бардым. Барсам дүкөндүн эшиги жабык, жарык өчүп турат. Ичине кирбей 2-3 жолу эжени атынан чакырсам жооп болгон жок. Дүкөндүн артында даараткана бар, ошол жакка кеткен окшойт деп эшиктин алдында 2 мүнөттөй күтүп турдум. Анан эженин чөнтөк телефонуна чалсам дүкөндүн ичинен коӊгуроо угулду. Дүкөнгө кирип жарыкты күйгүзсөм эле эже канжалап жерде жатыптыр. Эшикке чуркап чыксам көчөдөн бир киши өтүп бараткан экен, ага айттым. Анан атама телефон чалдым. Алар келишип, милиция кызматкерлерин чакырышты. Улан деген баланы таанычумун. Дайыма мас болуп келип, карызга жазылып кетчү. 12-октябрь күнү кечинде да карызга арак сурап келип, Гүлжан эже менен уруша кеткенин көргөм.

“КАЙНИМ КҮНӨӨЛҮҮ БОЛСО ЖАЗАСЫН АЛСЫН”
Кылмышка шектүү делинген Уландын жездеси Аманды да издеп таап, анын окуя боюнча өз чындыгына кулак түрдүк:
– Улан менин кайним болот, биздин үйгө конокко келген. Ачыгын айтыш керек, ичимдикке жакын бала. 11-октябрь күнү “сен бизди уят кылдыӊ” деп үйдөн кууп чыккам. Кайнимдин айтымында, милиция кызматкерлери аны кылмышты моюнуна алдыруу үчүн сабашыптыр. Мен тергөө иштерине кысым кылып же аны бурмалоого аракет кылган жокмун. Тергөөчүгө кылмышкерди тапкыла деп айткам. Эгер Улан күнөөлүү болсо, тиешелүү жазасын алсын. Негизи окуя болгон күнү Улан ооруканада жаткан. Бирок ал жакта иштеген дарыгерлер кассага акча төлөтпөй, кайним берген акчаны өз чөнтөктөрүнө салып, ага оорусунун тарыхы тууралуу кагаз ачышпаптыр. Эми ошол иштери үчүн жооп берип жата беришсин. Мен ал дарыгерлерди тааныбайм, документтерди жасатып койду деген чындыкка жакындашпайт.

“ТЕРГӨӨ УЛАНУУДА”
“Бул окуя боюнча кесиптик териштирүү жүрүп жатабы же жокпу?” деген сурообузга жооп алуу максатында Улуттук наркология борборунун жетекчиси Руслан Токубаевге байланышканыбызда, негедир ал бул тууралуу айтуудан баш тартты. Ал эми Чүй ОИИББинин басма сөз кызматкери Айбек Арзиматовго кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– Бул иш боюнча Аламүдүн РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан 13-октябрда Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Жогорудагы кылмышка шектүү делинип Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун 1988-жылы туулган тургуну кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат жана жасалма кагаздарды жасоо боюнча да өзүнчө экспертизалар дайындалган.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Эне бир бөтөлкө арак үчүн өлтүрүлгөн
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
tavanova.sarah
2014-12-08 14:51:59
Бекеринен айтпайт экен "милиция м.н врачка кунун тушпосун" деп. Кудай сактасын, айттырбай келген кырсыктан.
+2
ALIK-BRO
2014-12-08 18:49:11
Таза бовой калды гоо
0
kyrgyzka96
2014-12-09 00:47:17
Эх ушул аракчы адамдын баарын жееп бутчу болду. Мамлекет тараптан арак сатыгуу тыйуу салса абдан Жакшы болот эле, анткени арактын айынан канча адамдар бир туугандарынан ата энелеринен айрылып жатат. Ичимдик сатууга мамлекет тарабынан каттуу козомолго салса абдан жакшы болот эле.
+2
Aziz_9292_kg
2014-12-09 20:03:51
Туура ичимдикти Кыргызстандын ичинде сатканга тыйуу салса жакшы болмок. Акча табабыз деп ичимдикти сатышат бирок пайдасыданда зыяны коп анын... Эх качан Кыргызстан онолот? Негизи президент жакшы болбой жатабы каттуу кармаш керек мындайларга жол бербей. Баарына ыйман берсинчи.
+1
emigo
2014-12-10 01:31:13
Бул жерде эн тан калыштуусу жездеси 11-октябрь куну бизди уят кылдын деп уйдон кууп чыккам дептир да кайра кайнисин больницада еле деп комент бериптир окуя 12си болуптур..,.,,.,.кандай тушунсо болот?
+1
Parish
2014-12-10 11:19:47
Оооой адамдар кайда баратабыз. Ушул ичимдик эч жакшылыкка алып барбайт эч качан :@
+1
wolk85
2014-12-10 15:46:25
Вабще жездеси эмне деп эле суйлоп койгон тушунуксуз .Э адамдар эмне эле болуп баратасынар .Ошо баланы каматып салыш керек .Ал бала дагы ушундай иштерди кылат уже кан коруп калды ал бала
0
wolk85
2014-12-10 15:48:02
Наркы дунуйго барганда жооп берет ал бала
0
Aslan.
2014-12-11 03:32:57
Соз жок териштирбей эле атып салса
0
Saribulak
2014-12-11 14:35:31
Ким куноолуу эчким билишпет.Акча баарын ойнойт азыркы заманда туугундар.
+2
bayas.07
2014-12-11 20:20:18
Жогорку кеңеште иштегендердин туугандары 1 ише арака акчасы жетпегени сонунго, эжеге жаман болуптур, бейиштен орун алган болсун!
0
miwka94
2014-12-12 13:41:39
Бири жан багайын деп арак сатат, бири инисин куткарам деп наамысын сатат, бири бир ише аракты деп адам олтурот ж.б. Бул Кыргызстанда болуп жаткан кунумдук процесстер.
+2
Senuchunzhashaim
2014-12-13 18:05:32
Тан гору онолбодук да биз
0
tursunmurat1991www
2014-12-14 16:13:07
Ошол жинди сууну саттууга тыйуу салуу керек
0
xperia_kg
2014-12-15 01:00:22
Адамдын тагдырын акча чечип калганы окундурот, мамлекетибиз онугуп, маяналар жакшы болсо коррупсия азаймак бир аз да болсо.
0
№ 631, 5-декабрь-11-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан