Чет өлкөдө бактысын сынап, ийгиликтерге жетип жүргөн мекендештерибиз четтен табылат. Алардын арасында кара жумуштан профессионалдуу рингге чейин жеткен мушкер Урмат Рыскелдиев да бар. Келечектен көптү үмүттөндүргөн, учурда АКШда жашап, иштеп жүргөн спортчубуз өзү тууралуу кенен маек куруп берди.
Аты-жөнү – Урмат Рыскелдиев
Туулган жылы – 1990-жыл, 22-март
Туулган жери – Жумгал району, Чаек айылы
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Жетишкендиктери – 2009-жыл. Кыргызстандын чемпиону, Д.Шопоковдун элесине арналган мелдештин алтын медалынын ээси.
Профессионалдык рингде 6 беттеш өткөрүп, бешөөсүн утса, бирөөсүндө теӊ чыккан.
– Урмат мырза, маекти алгач кандайча спортко келип калганыӊыз жөнүндө баштасак?
– Бокс спортуна келип калганыма атамдын кичүү иниси, Кенжебек байкем себепкер. Ал өзү бокс менен машыкчу. 10 жашымда улуу байкем экөөбүздү спорт залына ээрчитип барган. Ал жактагы балдардын машыгуулары мени арбап, кызыгуумду жараткан. Ошондон бери спорт атмосферасы мени арбап келет десем болот.
– АКШга кандайча барып калдыӊыз эле?
– Мен алгач Түштүк Кореяга баргам. Ал жакта бир аз иштеген соӊ Америкага аттандым. Бул жакка келип калганыма бир тууган байкем Өмүрбек түрткү болду. Виза жагынан жардам берип, каражат таап берип кетирген. Алгач келгенде дароо эле рингге чыгам деп ойлогом. Бирок келгенден кийин бизге окшогон мигранттар үчүн жашоо, жумуш таап иштөө бир топ кыйын экенин көрүп, көӊүлүм калып калган эле. Боксту унутуп, рингге чыкпай каламбы деп да коркком.
– Анан кантип профессионалдык рингге чыгып калдыӊыз?
– Башында көп эле кыйынчылыктарга тушуктум. Себеби жумуш менен боксту чогуу алып кетүү өтө эле татаал. Тамак-аш, батир, документ иштери сыяктуу нерселерге акча керек да. Иштебесеӊ да болбойт. Алгач АКШнын Филадельфия шаарына келгем. Ал жакта бир жарым ай үйлөрдүн чатырларын жаап иштеп, аны менен катар бир аз машыгып жүрдүм. Анан бир досум “Лос-Анжелесте Керим деген байкем иштеп, бокс менен машыгат” деп айтып калды. Аны менен байланышсак “келгиле, бул жактын боксу абдан күчтүү” деп чакырды. Муну уккандан кийин иштеп, акча чогултуп, Лос-Анжелеске сапар тарттым. Керим байке тосуп алып ошол жердеги эӊ күчтүү деген “Wild Card” спорт залына алып барган. Ал жерде 3 ай машыккандан кийин акчам түгөнүп калды. Айла жок, машыгууларды токтотуп, иштөө керек болду.
8-9 айдан кийин азыркы менеджерим, кыргызстандык Жаныш Осмон жумуштан жардам берип, машыгууларыма бир аз болсо да жол ачып берди. Чындыгында ортодо көп кыйынчылыктар болду. Бул жакка келе калып, дароо эле рингге чыгып кетиш өтө эле кыйын. Демөөрчүӊ болбосо, бизге окшогон мигранттар үчүн спорт жаатында жыйынтык көрсөтүү өтө татаал.
– Өткөргөн беттештериӊиз тууралуу айта кетсеӊиз?
– Профессионалдык рингге 2013-жылы ноябрь айында чыккам. Алгачкы беттеш болгондуктан, толкундануулар да болбой койгон жок. Тушоо кесүүчү беттешимде теӊ чыгуу катталды. Андан кийин дагы 5 беттеш өткөрүп, баарында теӊ жеӊишке жетиштим. Акыркы беттеш биз үчүн күтүүсүз болду. Анда мексикалык мушкерди 1-раундда эле нокаут менен утуп алдым. Ноябрь айында дагы бир беттеш болмок, бирок атаандашымдын баш тартканына байланыштуу болбой калды. Учурда 6 раунддук беттештерге чыгып жатам. Дагы ийгиликтерге жетишсем, 2015-жылы 8-10 раунддук беттештерге чыгып калышым мүмкүн.
– Профессионалдык бокс менен сүйүүчүлөр арасындагы бокстун айырмачылыгы дароо сезилсе керек?
– Профессионалдык бокс менен сүйүүчүлөр арасындагы бокстун айырмасы чоӊ экен. Эрежелери бир аз айырмаланып, машыгуу системи да ар башка. Менин түшүнүгүм боюнча профессионалдык бокс – бул шоу-бизнестей. Акча, бизнес, күйөрмандар дегендей.
– Американын спортко болгон мамилеси өзгөчө эмеспи. Муну жон териӊизде сезип жатасызбы?
– Башка спорттор тууралуу айта албайм, бирок Америкада бокс абдан популярдуу. Бул жакта көп акча айланып бизнес жүрүп жаткандыктан, укмуш эле. Спорт беттештерин уюштуруу, аны өткөрүү жогорку деӊгээлде.
– Машыктыруучуӊуз, дегеле өзүӊүздүн командаӊыз тууралуу айта кетсеӊиз?
– Командабыз абдан жакшы. Менеджерлерим айтып өткөндөй, Жаныш Осмон жана америкалык Энтони аттуу мырза. Машыктыруучуларым мексикалык Жуан жана Эрни аттуу мырзалар. Ар улуттан болсок да, бардыгыбыз ынтымактуубуз. Беттештерге өз өлкөмдүн атынан чыгам. Башка элдер Кыргызстан жөнүндө кызыгып сурап да калышат.
– Кыргызстанда профессионалдык беттешиӊизди өткөрүүгө мүмкүнбү?
– Аны азырынча айта албайм. Себеби бул жакта бокс да шоу-бизнеске киргендиктен, көп акча сарпталат экен. Биз азыр титулдук беттеш үчүн чыга элекпиз, ушуга окшогон маселелер да бар. Кыскасы, даяр эмеспиз. Деӊгээлибиз ошого жооп бере тургандай болуш керек деп ойлойм.
– Боксту жашооӊузда колдонгон учурлар болду беле? Көчөдө мушташып дегендей...
– Мындан 8-9 жыл мурун болсо керек эле. Бишкектеги базардан бирөөлөр менен уруша кетип, жекеме-жеке чыкканыбыз эсимде. Ошондо бокстун жардамы тийген. Андан кийин деле андай учурлар көп эле болгон. Бирок көчөдөн мушташкандан коркчу элем. Себеби Марат Болжуров агайыбыз “көчөдөн мушташпагыла, майып болуп калсаӊар, жашоого же спортко керегиӊер жок болуп калат. Бутуӊар бар, дароо качкыла” деп күндө какшачу. Чогуу жүргөн досторум деле “Урмат баары бир көчөдөн урушпайт” деп калышкан.
– Келечекке кандай максаттарды коюп жатасыз?
– Спортто демөөрчү керек экен. Бирок демөөрчү табыш үчүн көп иштеш керектигин түшүнүп турам. Кудайым ден соолук берсе, аман болсок, кийинки жылдары чемпиондук кур үчүн беттешип калабыз деген жакшы ниеттерибиз бар. Азыр ошол пландар боюнча командабыз менен иштеп жатабыз.