Мирлан Абдулаев, актёр: «БААРЫН ТАШТАП, ДҮЙНӨ КЕЗИП КЕТИШИМ ДА МҮМКҮН»

Кино дүйнөсүндө «жигиттин кара торусу, кыздардын жүрөк оорусу» аталган бир жигит бар. Ал – көптөгөн көрүнүктүү ролдорду жаратып келе жаткан Мирлан Абдулаев. Актёр бойдокчулук менен кош айтышканына 3 айдын жүзү болду. Каарманым менен үй-бүлөлүк жашоосу, максаттары жана сүйүктүүсү тууралуу кенен маектештик.

– Мирлан мырза, бойдокчулук менен коштошуу оор болгон жокпу?
– Үй-бүлө адамдын жашоосундагы эӊ негизги нерсе эмеспи. Аны түшүнгөн бар, түшүнбөгөн бар дегендей. Мен бойдокчулук менен коштошууга башкача көз караш менен карадым. Сүйүктүүмө баш кошуп, бүлө куруп, жашоомдогу эӊ бактылуу күндөрдү башымдан өткөрүп жатам.

– Жубайыӊыздын кандай сапаттарына арбалдыӊыз?
– Жубайым Назик акылдуулугу, назиктиги, жоопкерчиликтүүлүгү менен мени багындырды. Чогуу бир тасмада эмгектенип жүргөн кезде «жашоомду ушул кыз менен өткөргүм келет» деген чечимге келдим. Айрым жигиттер да чыдабаган кыйынчылыктарды кыӊк этпей жеӊди. Маанилүү чечимдерди кабыл алып жатканына, өзүн татыктуу алып жүргөнүнө баа бердим.

– Мындай тыӊ кыздын жүрөгүн багындыруу дагы оӊойго турбаса керек?
– Жүрөгүн жөнөкөйлүгүм менен багындырдым болуш керек. Чуркап жүрүп 3 ай дегенде анын жүрөгүн жибиттим. Анан биз түбөлүккө чогуу боло аларыбызды түшүндүк. Мурун «унаам – менин экинчи үйүм» десем, азыр көп нерсе өзгөрдү. Үйдө сүйүктүү жубайым бар дегендей (күлүп).

– Деги актёрлук жана режиссёрлук менен мекенибизде үй-бүлөнү татыктуу багууга болчудайбы?
– Кесибим боюнча юрист эмесминби, бирок бул кесип мага жакпайт. Мен деле көп адамдардай офисте камалып отурсам болот. Бирок өзүмдү зордоп эртеӊ менен кеӊсеге кирген бойдон кечинде чыккан жумуш мен үчүн эмес. Эркин ойлонгон адаммын, андай жумушта иштесем кекиртегимди бирөө бууп койгондой туюлат. Адам жасаган жумушунан ырахат алышы керек да. Азыр алектенген ишимден ырахат алам. Маянам деле мага жетиштүү, наалыбайм.

– Мүнөзүӊүздө дагы кандай өзгөчөлүктөр бар?
– Өзгөчөлүгүм өзүмдү чектеп жашоого көнгөн эмесмин. Күтүлбөгөн жоруктарды кылып коё алам, тактап айтсам, ойлогонумду кыла берем. Мисалы, мындан бир нече жыл мурун кыздардын «Импульс» деген тобуна продюсерлик кылып баштагам, бир заматта эле баарын таштап, чет өлкөгө окууга кетип калдым. Азыр режиссёрлук менен алектенип жатам, кааласам баарын таштап, дүйнө кыдырып кетип калышым мүмкүн. Негизи, кыялымда ааламды кыдырып келгим келет.

– Ааламды азыр эле кыдырып баштоого эмне тоскоол болуп жатат?
– Чын эле, жакшы айттыӊыз, ойлонуп көрүү керек экен... Бирок 2-3 жылдан кийин ошентип эле кетсем керек.

– Жумушуӊузга кайрылсак, режиссёрлукка кайсы шамал айдады?
– Тасмаларда роль жаратып жүрүп бул жумушка кызыгып калдым. Бир жолу мен тасмасында ойноп жаткан режиссёр кыйынчылыкка учурап калды. Ал абалдан чыгуунун айласын таппай кыйналып, ызы-чуу болуп жатты. Мага анын маселеси аябай оӊой эле чечилчүдөй туюлду, анан өзүмдүн кеӊешимди айткам. Ошондон тартып режиссёрлук мен аркалачу кесип экен дедим.
Толук метраждуу алгачкы тасмамды тартуудан мурун көп долбоорлордун артынан эмгектендим, өзүмдү ар тармакта сынап көрдүм. Бул кесиптин дагы бир өзгөчөлүгү оюӊду чектөөнүн кереги жок. Албетте, каражат маселесине келгенде көп нерселерди ишке ашыра албай каласыӊ, бирок жалпысынан менин кыялымдагы жумушка эӊ жакыны ушул.

– Актёрлук эми экинчи планга өтүп кетпейби?
– Күчүмдүн жетишинче эки тарапты теӊ чогуу алып кетүүгө аракеттенем.

– «Курманжан датка» фильминде Акбалбандын ролун жараттыӊыз. Мындай масштабдуу долбоордо иштөө кандай сезимдерди калтырды?
– Кадимки эле жумуш. Болгону бул жолу ар бирибиз өз жумушубузду жасадык. Мисалы, мен актёрмун, мен тартылчу саатта барам, тартылып бүткөн соӊ кетем. Мындай чындыгында бизде өөн көрүнүш да. Биз актёрлуктан сырткары майда-чүйдөнү ташыша коюп, режиссёрго жардамдашып көнгөнбүз (күлүп).

– Жумушуӊуз туруктуу эмес экен, графигиӊизге жубайыӊыз таарынбай элеби?
– Кудайга шүгүр, айтпадымбы мен үчүн ал өзгөчө жан деп. Жумушумду толугу менен колдоп, түшүнүп турат.

– Жаӊы кесипти аркалап, жаӊы үй-бүлө куруп турган чагыӊыз эмеспи. 10 жылдан кийин сизден дагы кандай жаӊылыктарды күтсөк болот?
– Эӊ биринчи келбетим өзгөрсө керек. Себеби мындан он жыл мурун кыйла арык элем, азыр болсо 100 килограммдан ашып кетпедимби. Он жылдан кийин үй-бүлөдө камкор ата, мыкты күйөө болуп калам го, буюрса. Режиссёрлукта бир катар жакшы тасмаларды тартып, кинофестивалдардын эшигин каккылап калгым келет. Адамзаты эртеӊ эмне болушун билбейбиз да, бирок ушундай таттуу кыялдар менен жашайбыз.

МИРЛАН АР КАНДАЙ РАКУРСТА
Тасма талаасында
– Ишине так, образга кирүү үчүн бардык күчүн жумшаган, тырышчаак актёрмун.

Кадр артында
– Дароо жүзүмдө жылмаюу пайда болот. Өзүбүзчө тамашалашып, жайдары адамдарга айланабыз.

Күйөө катары
– Башка мырзалардай элемин го. Болгону жубайыма гүл тартуу кылганды жактырбайм. Себеби кийин алардын соолуганын көргүм келбейт.

Эс алууда
– Тынч жерде эс алганды сүйөм. Албетте, балык уулап эс алуу мен үчүн жагымдуу.

Жини келгенде
– Бул акыбалда мени эч ким көрүшүн каалабайм.

Жан дүйнөсү тынч абалда
– Жайдары болуп калам.

Социалдык тармактарда
– Адамдарга орду менен жооп жазган адаммын. Бирок кээде жаныӊды кашайткандар кездешет, аларга көӊүл бурбай, берген суроолорун жоопсуз калтырууга аргасыз болом.

Балакайлар менен
– Балдарды катуу кармайм. Алардын өтө эркелеп кетишин каалабайм. Балдарымды да катуу кармаган ата болсом керек.

Жалгыздыкта
– Музыка укканды жактырам. Маанайыма жараша музыканы тандап уга берем.

Достукта
– Досторум аябай аз. Ошондуктан алар өзгөчө сыйга ээ. Жардамым керек болсо аябайм, ишенем, алар деле мага ошондой жакшылыкты кайтарышат.

Кандай уул
– Дайыма апамдын көӊүлүн алып турууга аракет кылам.

«Жубайым Назик акылдуулугу менен мени багындырды».

«Курманжан датка» тасмасына тартылуу менен жакшы тажрыйба топтодум».

«Кинодо көбүнчө мага такыр окшобогон адамдардын образын жаратам. Жашоомдо каармандарымдай каардуу эмесмин».


Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Мирлан Абдулаев: "Актёрлук билим алган эмесмин"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
begusia
2014-12-08 10:15:11
Аялы аябай эле жонокой ,татынакай экен. Бактылуу болгула)
+3
Nurmatova
2014-12-08 10:26:28
Бактылуу болгула!!!
Мага ушу актер озгочо жагат.....
Бакыт каалайм!!!
Аялы жакшынакай экен!!!:)
0
Kroxa
2014-12-08 12:50:03
Жашоодо жумшакболсон эмнегедир сурдуу каарду кебетен бар
0
papanstan
2014-12-08 12:58:19
Бактылуу болунуздар!
0
angelo4ka_96
2014-12-08 13:38:49
Мага ушу актер жагат да жагат. Каалоорум үй-бүлөлүк бакыт жана ийгиликтер!
0
angelo4ka_96
2014-12-08 13:40:52
Ананчы "Үч курбу" чыгармадагы Дастандын элесин ушул актерго окшотуп окуй берем :Р
0
ZANIA-92
2014-12-08 22:11:40
angelo4ka_96, чын эле Дастандын образын жаратса сонун болмок экен кудай буйруп кино тартылып калса .
0
kandaisyn
2014-12-08 14:18:06
ангелочка кулгузосунда? :)
0
angelo4ka_96
2014-12-08 19:18:53
kandaisyn, чында))
0
kymaw
2014-12-09 00:28:30
Магада жагат ушул актер.бактылуу болунуздар.
0
tentewka88
2014-12-09 11:04:33
Бактылуу болсун,бажырап балалуу болсун!!!
0
Aselya-345
2014-12-10 02:50:29
Оор басырыктуу, жонокой мыкты актёр. Келбети да озгочо.Лично мен аябай сыйлайм ушул жигитти. Бирок жубайын таптакыр башкача элестеттим эле ((. кантсе да бактылуу болушсун...
+1
sumaya
2014-12-16 05:41:10
Aselya-345, мен дагы башкача элестеткем))) бактылуу болушсун....чынында мыкты актер соз жок.....
0
kykenbai
2014-12-10 14:20:45
0
4ok4oloi
2014-12-10 23:38:12
Сонун актёр
0
mersedes2013
2014-12-11 02:02:57
Актер катары мага жагат ,рольдорду мыкты аткарат
0
naz_aika87
2014-12-13 14:11:28
Бактылуу жашагыла
0
Senuchunzhashaim
2014-12-13 14:11:58
Мага жагат ушул актер азамат жигит! Уй булолук бакыт каалайм.
0
№ 631, 5-декабрь-11-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан