Мелис Мырзакматовго карата кылмыш иши козголгондон бери Ош шаарынын экс-мэри учурда кайда экендиги белгисиз. Эске салсак, 28-ноябрь күнү Башкы прокуратура Мелис Мырзакматовго карата «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Ал «Ош шаарынын башчысы болуп турганда түштүк калаасынын Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөнү курууда кызматтык абалынан пайдаланып, бир топ мыйзам бузууларга барган» деп айыпталып жатат. «Маанилүү жана кымбат баалуу объектини куруу алдында экономикалык далилдер менен техникалык негиздеме иштелип чыккан эмес, эстакадалык көпүрөнүн курулушун баштоо жана каржылоо боюнча мэриянын кызматкерлерине мыйзамсыз көрсөтмө берген. Жыйынтыгында мамлекетке 29 миллион сомго зыян келтирилген» деп жазылат Башкы прокуратура тараткан маалыматта.
Чек ара кызматы Мелис Мырзакматов үстүбүздөгү жылдын 27-сентябрь күнү кыргыз-казак чек арасындагы «Ак Жол» көзөмөл өткөрүү бекети аркылуу өлкөдөн чыгып кеткенин билдирген. Ош шаардык сотунун экс-мэрди камакка алуу боюнча чыгарган чечимине ылайык, ага издөө жарыяланган. ИИМ 4-декабрдан баштап Мелис Мырзакматовдун эл аралык издөөгө да жарыяланганын маалым кылды. Бирок Интерполдун сайтында анын изделип жаткандыгы тууралуу маалымат жарыялана элек. Айрым маалымат булактары «экс-мэр Кытайда жүрөт» деп жазып чыкты. ИИМ мындай маалыматты «тактала элек» деп билдирди.
Акыркы күндөрү Мелис Мырзакматов башында турган «Улуттар биримдиги» менен «Ата Мекен» партиясынын ортосунда биригүү боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатканы ММКларда байма-бай талкууга алынган эле. Бийликте бул эки күчтүн биригүүсүн каалабагандар көп өӊдүү.
Наргиза Бекжанова
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg