Санжар Бердибеков: “ТРАКТОР АЙДАЙ АЛБАЙМ“

Калп тапкыч

Бул жолу калп тапкычтын сынагынан куудул Санжар Бердибековду өткөрдүк. Ал бизди берилген суроолордун баарына эркекче ачык жооп берип таң калтырды. Коногубуздун мындай аракетин эрдик дебегенден башка айла жок.

“Талак” тасмасында ролду аткарууда кыйынчылык туулдубу?
Санжар: Жок.
Детектор: Жок.
Санжардын комментарийи:
– Ачыгын айтканда, мен үчүн роль жаратуу
кыйынчылык туудурган жок. Болгону, башкалардын өз ролун аткара албай жатканын көрүп кыйналып кетип жаттым.

– Өзүңүздү үлгүлүү үй-бүлө кожоюну деп эсептейсизби?
Санжар: Ооба.
Детектор: Ооба.
Санжардын комментарийи:
– Мурда бул суроого ооба деп жооп берсем калп айткан болмокмун. Анткени ал мезгилде арак ичип, мушташып, гастролго чыгып үйгө айлап келбей койгон күндөр болгон. Учурда токтолуп калбадыкпы.

– Ырчы Бек Борбиев сизге материалдык жактан жардам береби?
Санжар: Жок.
Детектор: Жок.
Санжардын комментарийи:
– Бек Борбиев менин өкүл атам. Ал мага жашоодо далай ирет жардамын аяган эмес. Мени сахнага алып чыккан да ошол киши. Мындан тышкары милициядан канча жолу алып чыкканын айтпай эле коёюн.

– Жашооңузду спирт ичимдиктерисиз элестете аласызбы?
Санжар: Жок.
Детектор: Жок.

– Сизди “сахнага арак ичип чыгат” деп айтышат. Бул чынбы?
Санжар: Ооба.
Детектор: Ооба.
Санжардын комментарийи:
– Азыр сахнада сейрек көрүнүп калбадымбы. Кезинде арак ичип эле чыгып жүргөм. Эми ал допинг да.

– Саунага барганда кыздарды чакырасызбы?
Санжар: Ооба.
Детектор: Ооба.

– Улгайган кишилерге жолдон өтүүсүнө жардам берген учурлар болгонбу?
Санжар: Ооба.
Детектор: Ооба.

– Трактор айдай аласызбы?
Санжар: Жок.
Детектор: Жок.
– Өзү мен тракторчулукка окууга тапшыргам. Бирок куудулдукка кызыгып, окууну таштап салгам. Ошентип, трактор айдашты да үйрөнө албай калдым.

– Аялыңызга кол көтөргөнсүзбү?
Санжар: Ооба.
Детектор: Ооба.
Санжардын комментарийи:
– Турмушта казан-аяк кагышпай койбойт экен. Кудай сактасын, аялыма кол көтөрбөй калганыма көп жыл болду. Чогуу жашаганыбызга 10 жылдан ашты. Түшүнүшүп бүттүк да. Кол көтөргөнгө да себеп жок.

– Гастроль учурунда аялыңыздын көзүнө чөп салгансызбы?
Санжар: Ооба.
Детектор: Ооба.
– Жок десем баары бир билинип калат да, чынбы? Артисттик жашоодо андай иштер болбой койбойт экен.

АДИСТИН ПИКИРИ
Олег Булатов: Чындыгында, менин тажрыйбамда мындай мисал биринчи болуп жатат. Санжар калп тапкычты алдамак турсун, алдоого аракет да кылган жок. Ал абдан шайыр, ачык жана ак көңүл жигит экен. Анан дагы жубайы алтын аял экен, баа бердим. Санжар мурдагыдан токтолсо токтолуп калгандыр, бирок шок жигит экендиги көрүнүп турат.

Базарбек Абдураимов
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
bahajora
2009-12-05 18:43:26
эркек экенсин санжар
0
№ 369, 27-ноябрь - 3-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан