Дүйнөлүк рынокто нефти баасынын арзандашына байланыштуу рубль өз наркын жоготууда. Эл аралык соода-сатык сессиясынын жүрүшүндө Орусияга тиешелүү «Brent» нефти маркасынын баррели 1-декабрга карата 68 доллардан ылдыйды көздөй түштү. Орусиянын акча бирдиги алсырап жатса, доллар күндөн-күнгө күчтөнүүдө.
4-декабрга карата Бишкектин акча алмаштыруучу жайларында рублдун баасы сатып алууда
1 сом 9 тыйын, сатууда 1 сом 11 тыйын болду. Ал эми доллардын сатыктагы баасы 58 сом
5 тыйынды түздү. Айта кетсек, өлкөдө рублдун курсу акыркы 4-5 айдан бери кескин төмөндөө үстүндө. Өткөн жылдын 4-декабрында рублдун сомго карата курсу 1 сом 47 тыйынды түзүп турган.
Бул көрүнүш Орусияда акча таап Кыргызстандагы үй-бүлөсүн, жакындарын багып жүргөн мекендештерибизге оор залал келтирет.
Наргиза Бекжанова
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg