Эсептөө палатасы Каржы министрлигинде жүргүзгөн аудит иштеринин жыйынтыктары менен бөлүштү. Ага ылайык, аталган министрликтин башчысы Ольга Лаврова 2013-жылкы иш сапарларында учуу кызматтарын пайдалануу үчүн бюджеттен 630 миӊ сом жумшаган. «Лаврова бул сумманы 6 жолу чет өлкөгө учууга гана жумшаган. Министр бизнес-класс менен учса, аны коштоп жүргөндөр эконом-класс менен учушуп, алардын чыгымы 233 миӊ сомду түзгөн. Муну менен Лаврова бюджеттин эсебинен 396 миӊ сомду ысырап кылган»,- деп жазылат маалыматта.
Буга байланыштуу маселе парламентте да көтөрүлүп, «Республика» фракциясынын лидери Максат Сабиров каржы министрин сынга алды. Жогорку Кеӊештин төрагасы Асылбек Жээнбеков: «Менден башка депутаттардын баары бюджеттик каражатты үнөмдөө максатында эконом-класс менен учушат. Бул маселе текшерилип чыгат»,- деди.
Лаврова жөн калбаганы бат эле билинди. Эсептөө палатасынын төрайымы Эльмира Ибраимова «аудит жыйынтыгы ачыкка чыгарылгандан кийин жыл сайын бөлүнүп келген Эсептөө палатасынын фондунун быйылкы чыгымдарын Каржы министрлиги кесип салды» деп чыкты. Министр айым мамлекет ишенип тапшырган кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып жатканы өкүнүчтүү. Министр мындай турсун, Монголиянын президенти Цахиагийн Элбегдорж Бишкекте өткөн ШКУнун саммитине катардагы эле коммерциялык каттам менен учуп келген. Эки жетекчи айымдын тымызын тиреши дагы уланат көрүнөт...
Наргиза Бекжанова
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg