САУД АРАБИЯДАН 5 МОБИЛДҮҮ КЛИНИКА КЕЛЕТ

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттары жана Катарда иш сапары менен жүрөт. 2-декабрда Атамбаев Сауд Арабияга барып, аталган өлкөнүн падышасы Абдалла бин Абдель Азиз Аль Сауд менен жолугушуп, бир катар маселелерди талкуулашты. Буга катар эле Кыргызстандын экономикасын көтөрүү үчүн ири инвестициялык фондду түзүү тууралуу макулдашышканы белгилүү болду.
Иш сапардын алкагында Алмазбек Атамбаев Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Ахмад Мохамед Али Аль Мадани менен да жолугушуп, анда Кыргызстанга өлкөнүн алыскы райондорунда медициналык тейлөөнү жакшыртууга багытталган 5 мобилдүү клиниканы акысыз берүү тууралуу макулдашууга кол коюлду. Бул долбоор 10 миллион долларга бааланат.
Ошондой эле президент Мекке шаарында кичи ажылык зыяратты жасап, андан кийин Мухаммед пайгамбардын мечитине да барды.

Наргиза Бекжанова
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
suiuktuujar
2014-12-08 11:43:33
5моб клиниканын келгени жакшы экен карапайым элге жетсинда ошол нерсе
0
miwka94
2014-12-12 13:25:30
Зыяратыныз кабыл болсун!
0
№ 631, 5-декабрь-11-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан