Саламаттыкты сактоонун экс-министри Динара Сагинбаева Улуттук госпиталдын башкы дарыгери болуп дайындалганын өткөн саныбызда жазганбыз. Эске салсак, Д.Сагинбаева 24-сентябрда министрлик кызматтан бошотулган болчу. Коомчулукта «Динара Сагинбаева кызматтан отставкага кетүү менен кутулуп кетпей, иштеген учурундагы кемчиликтери үчүн жоопко тартылышы керек» деген пикирлер айтылган эле. Алардын айрымдарын атай өтсөк.
«Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаев жаза мөөнөтүн аягына чейин өтөбөй, «2-3 күндүк өмүрү калыптыр» деген шылтоо менен Кыргызстандан шашылыш чыгып кеткени билингенде эле Сагинбаеванын отставкасын талап кылып чыгышкан. Анткени кылмышкерге «ден соолугу начар, аз күндүк өмүрү калды» деген аныктаманы медкомиссия берип, судья ошол жыйынтыктын негизинде оор кылмышка айыпталып камалган Батукаевди бошоткон. Андан бери бир жылдан ашуун убакыт өттү, Батукаев Чеченстанда аман-эсен жашап жаткан кези.
2014-жылдын башында Кызыл-Жар психиатриялык ооруканасынан ээн-эркин чыгып, Боом капчыгайында МАИ кызматкерлерин атып салган Заур Магомедовдун окуясында кайрадан Д.Сагинбаеваны кызматтан кетирүү керектиги парламентте чоӊ талкууну жараткан.
Төрөт үйлөрүндө ымыркайлар уурдалды, сатылды, тирүү наристелер өлүктөргө алмаштырылды, аман туулган балдар белгисиз жагдайда төрөтканадан чыга электе чарчап калып жатты...
Эми экс-министр моралдык жана башка жоопкерчиликти аттап өтүп, Улуттук госпиталды башкарууга келип отурат.
Наргиза Бекжанова
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg