Апта башында өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Орусияга иш сапары менен барып, орусиялык премьер Дмитрий Медведев баштаган үлкөндөр менен жолугушту. Эки
премьер Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча долбоорлорунун ишке ашышын, Орусияда иштеп жүргөн мекендештерибиздин абалын талкуулашты.
Иш сапардын жыйынтыктарына токтолгон Жоомарт Оторбаев «23-декабрга белгиленген Евразиялык экономикалык союздун саммитине карата даярдык иштерибиз жүрүүдө. Ал күнү Кыргызстан аталган биримдиктин толук укуктуу мүчөсү болот деп күтүп жатабыз. Кеӊири масштабга келсек, 2015-жылдын 1-майында кыргыз-казак чек арасы ачылып, бажы посттору алынат деп турабыз» деди. Жоомарт Оторбаевдин айтымында, өкмөттүн планына ылайык, 9-майга барып Кыргызстан Евразиялык экономикалык союздун мүчөсү болуп калат.
Наргиза Бекжанова
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg