БИР БҮРКҮМ

  • Жогорку Кеӊештин депутаты НУРЛАН ТӨРӨБЕКОВДУН диплому жасалма экендиги аныкталды. Муну аталган фактыны иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү Курманбек Дыйканбаев билдирди. Ал «Н.Төрөбеков университетте 13 жыл окуп, бирок диплом албай калган» деп айтты.
  • САУД АРАБИЯСЫНЫН Кыргызстандагы элчилигинин имаратын курууга өкмөт Бишкектен 2 гектар жер бөлүп берди. Түштүк магистраль жана Тынчтык проспектисинин кесилишинде жайгашкан 2 гектар жер тилкеси акысыз пайдалануу үчүн 49 жылга берилди.
  • Жогорку Кеӊештин Соттук-укуктук маселелер боюнча комитети букмекердик конторалар менен тотализаторлордун ишмердүүлүгүнө тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Учурда өлкөдө 107 БУКМЕКЕРДИК КОНТОРА иштейт.
  • Бишкек шаарында жайгашкан МЕКТЕПТЕР 75 миӊ окуучуга ылайыкталган. Бирок бүгүнкү күндө борбордук мектептерде 130 миӊ бала окуйт. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Айгүл Рыскулова билдирди.
  • Улуттук илимдер академиясынын президенти АБДЫГАНЫ ЭРКЕБАЕВДИН айтымында, аталган академиянын башкармалыгы менен түзүмүн 3,5 эсеге кыскартуу сунушталып жатат.
  • Билим берүү жана илим министри КАНАТ САДЫКОВ 1-декабрдан баштап эмгек өргүүсүнө чыкты. Ага чейин Башкы прокуратура өкмөт башчыдан 24 абитуриентти Кыргыз-Орус Славян университетине мыйзамсыз өткөрүү боюнча кылмыш ишине байланыштуу министрди кызматтан кетирүү тууралуу маселени карап чыгуусун өтүнгөн болчу. Эмгек кодексине ылайык, жаранды эмгек өргүүсүндө жүргөндө иштен алууга болбойт.
  • «Өлкөдө мектептердеги окуучулардын ата-энелери өз ыктыяры менен берген төлөмдөрдүн жылдык бюджети 2 миллиард 200 миллион сомду түзөт»,- дейт Жогорку Кеӊештин депутаты ДАСТАН БЕКЕШЕВ.
  • Чүй облусундагы өкмөт өкүлүнүн орун басары Кылыч Урманбетовдун айтымында, аталган дубанда 1 миллиондон ашуун жаран жашайт, анын ичинен 200-300 миӊин ИЧКИ МИГРАНТТАР түзөт.
  • Бишкек жана Чүй облусунда 8, башка облустарда 15 КУРАЛ-ЖАРАК саткан дүкөн иштейт. Бул тууралуу ИИМдин өкүлү Арман Насипкулов айтты.
  • Экономика министринин орун басары Данил Ибраевдин айтымында, Кыргызстан БАЖЫ СОЮЗУНА кирген соӊ баалар 15-20 пайызга кымбаттайт.
  • ЖАТАК-МЕКТЕПТЕРДЕ тарбияланган балдардын күнүмдүк тамак-ашына бөлүнгөн каражат 30 сомдон 60 сомго жогорулайт.

Наргиза Бекжанова
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 631, 5-декабрь-11-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан