Гүлзат Байзакова:«АПАМ ТӨРТ БАЛАСЫН ЖАЙЛООДО ТӨРӨП, КИНДИГИН ӨЗҮ КЕСИПТИР»

Жайдары, сөзмөр, колунан көөрү төгүлгөн, тамактын даамын чыгара жасаган Айымбүбү апа – кыргыздын сыймыктанчу кызы Гүлзат Байзакованын энеси. Айымбүбү апа учурда 73 жашта. Гүлзат айым апасы туурасында кызыктуу маек куруп берип жатып «апам» дегенде көздөрү жайнап, ички толкундоосу сыртка төгүлүп турду. Анда ырчынын апасы туурасындагы баянга назар салыӊыз.

«АПАМ 14 ЖАШЫНДА ТУРМУШКА ЧЫККАН»
– Апам 1941-жылы, Улуу Ата Мекендик согуш башталганда төрөлүптүр. Бирге чыкканда атасы каза болуп калат. Бүтүнүрөөк кийим кийбей, курсагы нанга жетпей өтө кыйын кезеӊди башынан өткөрүптүр. Таенем бир түйүнчөк буудай же арпаны самандын арасына катып келет да, кечкисин эл жатканда кайненеси экөөлөп жаргылчакка тартып, нан жасап балдарынын курсагын тойгузушчу экен. «Колубузга нан кармаган күнү кадимкидей майрам болчу» деп калат апам.
8 жашында апасынын да көзү өтүп, томолой жетимге айланат. Анан эжелеринин колуна, Көлдүн Тору-Айгыр айылына барат. Жетим болсо да дилгирлигинен 7-классты окуп бүтөт. Ошондо бир тууган агасы «туулуп-өскөн айылыӊа, Тоӊдун Коӊур-Өлөӊүнө барып, туугандарыӊ менен учурашып кел» деп алып кетет. Ал кезде болгону 14төн 15ке караган кыз экен. Анан Коӊур-Өлөӊдөн коӊшу Көл-Төр айылына атам ала качып кетет. Атам ал кезде 23 жашта экен. Апам ошол кезин «күйөөгө тийди дегенди деле билбептирмин, өзүмдөн кичүү кайын сиӊдим бар болчу, ошону менен ойноп эле жүрчүмүн. Кайненемдин мыктылыгынан бүлө болуп кеттим. Мени кызындай көрүп башымдан сылап, билбегенимди акырын айтып түшүндүрчү» деп көп эскерет.

«ТӨРӨП КАЛСАМ КЕРЕГИ ТИЕТ ДЕП ЛЕЗВИЕ АЛЫП ЖҮРЧҮ ЭКЕН»
– Апам 17ни төрөгөн. Бирок жети баласы чарчап калган. Эки баласы удаасынан чарчап калгандан кийин эркек бала төрөлөт. Ошондо баласы токтосун деп ырым кылышып башка үйгө барып төрөтүшүп, кайра чоӊ атам сатып алыптыр. Анда ата-энем колхоздун малын багып жайлоодо жүрүшчү экен.
Кийинки эжем Гүлай төрөлөр күнү атам бир күнчөлүк жерге туз алып келгени жайлоодон айылга түшөт. Ичи ооруганына карабай апам малды карап коёюн деп жалама бийик аскага чыгып кетет. Боорунда атчан адам өтө алгыдай жалгыз аяк жол бар экен. Аскадан ылдый карасаӊ күрүлдөп аккан суу. Бир убакта толгоосу катуулап такыр эле баса албай калат. Эки жагын караса төрөгөнгө кененирээк жер жок. Бир таштын жанында чекенде өсүп туруптур, аны жулуп ыргытып, ошол жерге жайгашат. Төрөп калсам деп салып жүргөн лезвиеси менен баласынын киндигин кесип, йод сүйкөп, белиндеги жоолугуна ороп үйгө келиптир. Кыйындыгын карабайсыӊбы, бир эмес, төрт баласын эч ким жок ээн жайлоодо төрөп, киндигин өзү кесиптир. Тамга таанып 7-классты бүткөнүнүн пайдасы – баланын киндигин кантип кесиш керектигин, тону түшпөй калса кантип түшүрүүнү китептен окуп билип алыптыр.
Атамдын эжеси Жумакан гинеколог эле, апам ооруп ооруканага жатып калат. Ошондо да жөн отурбай гинеколог эжемдин китептерин окуптур. Мен мектепте жүргөндө айылдагы келиндерди өзү эле төрөтүп койчу. Азыр деле балдар ооруп калса дем салат, жүрөгү түшсө көтөрөт, кыскасы, айылыбыздагы билерман, кадырлуу байбичелерден.

«АСМАНДАН МОНЧОК ЖААЙТ ДЕГЕНГЕ ИШЕНИПТИРМИН»
– Атам жоош, токтоо, бир да баласын какыс-кукус кылбаган киши. Апам болсо ал кишини толуктап турат. Он баласынын ичинен бирибиз да ага азыркыга чейин каяша айта албайбыз. Кичинебизде тилин укпай койсоӊ, саныӊды көгөртө чымчып алчу. Үн чыгарбай ичибизден ыйлап кала берет элек. Үнүӊ чыкса экинчи саныӊды оюп алчу. Жаныбызды да койчу эмес, «сабак оку» деп убакыт бөлгөнү менен, башка мезгилде жүн тыттырат, суу ташытат.
8-класска чейин ата-энем менен кошо каникулда жайлоого чыкчумун. Ал жактан деле баягы, ойноп алсам дегенде эки көзүм төрт. Шырдак, ала кийиздин түрүн жасайт. Бизге керээлден-кечке жүн тыттырат, сабатат. «Мойнуӊарга чейин тытсаӊар асмандан мончок жаайт» дей берчү. Ошол сөзгө катуу ишенип алыптырмын, жан алакетке түшүп, эч нерсеге алаксыбай тытам. Мойнума жеткенде алаканы менен басып-басып салса тизеден ылдый болуп калат, ыйлагым келип отуруп калам. Анан колубузга экиден момпосуй карматып коёт. Мен агамды аябай жакшы көрчүмүн, момпосуюмду жебестен ага берер элем.
Бир жолку окуя эсимден кетпейт. Жумуштан катуу тажап, жылаӊаяк качып кетип, сайдын жээгинде ойноп отуруп алдым. Артымдан иним бут кийимимди көтөрүп чуркап келиптир, бир аз ойногондон кийин агам «апам чакырып жатат» деп кыйкырып калды. Барсак сабайт деп ойлодук, коркконубуздан бизден 3 чакырым алыста жашаган туугандарыбыздыкына кетип калдык. Аларга апамдан качып келдик дегенден уялып «айран уюткуга жиберди» деп койдук. Балдары менен моокумубуз кангыча ойноп, анан айран көтөрүп алып үйгө кайттык. Апамдын көзүнө көрүнгөндөн айбыгып кой кайтарып жүргөн атама барып, кечинде чогуу келдик. Анткени атамдын көзүнчө ура алчу эмес.

«ТОПУРАГЫМДЫ ТҮЙҮП БЕРЕМ ДЕГЕН»
«Таласка турмушка чыгам» десем, Таласка өмүрү барбаган апам «чыкпайсыӊ, кетсеӊ топурагымды түйүп берем» деди. Кыйкырынып жатса деле «бул жигит» деп Ишендин сүрөтүн көрсөтүп койдум. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы институтта окуп жүргөнүмдө жатаканага тамак-ашын көтөрүнүп көп келчү. Бир жолкусунда «Байзакова Гүлзатты чакырып койгулачы» десе, Ишен вахтада турган экен, «мен чакырып келем» деп чуркаптыр. Апам дароо аны таанып коюптур. Бөлмөгө алып келип, чай бергенден кийин Ишен менен тааныштырдым. Өӊүн көрсө жүз тайыйт болуп «барбайсыӊ» деп күүлөнүп жаткан апам ошондо бизге батасын берди.
Улуу балам төрөлгөндө кайнатам, кайненем, жолдошум болуп төркүнүмө бардык. Кайненем «Гүлзат окуусун таштасын, баласын багып үйдө отурсун» деди. Апам өтө кыраакы, курч адам эмеспи «кандай болбосун окуусун бүтөт. Мен аны билимдүү болсун деп төрөгөм. Балаӊарды бага албайм, өзүӊөр баккыла, бирок кызым окуусун таштай албайт» деди. Ошентип 3 айлык уулумду кайната-кайненеме берип, окуумду уланттым. Кайындарым Сокулукта жашашчу. Анда да апам санаасы тынчыбай «жээн неберем эмне болду?» деп Сокулукка барыптыр. Экөөнүн баламды карап жатканын көрүп, санаасы тынып үйгө кайтыптыр.

«АПАМ БИР ТЕӉ, ЗАЛДА ОТУРГАНДАР БИР ТЕӉ БОЛДУ»
– 2003-жылы биринчи концертимди бердим. Концертке чейин Чүйдүн тегерегинде гастролдоп жүргөн элем. Эртеӊ концерт деген күнү тамагым ооруп калыптыр. Апам жанымда, биздин үйдө болчу, дасторкон үстүндө отурсак эле сүйлөбөй калды. «Тез жардам» чакырып, дароо ооруканага алып жөнөдүк. Көрсө, «элдин баарын чакырып алды, эми кантип ырдайт тамагы ооруп калса?..» деп ойлонуп, микроинсульт алып калыптыр. Ал күнү апама бардым, бирок эртеси концертке деп жүрүп бутум жеткен жок.
Сахнага жаӊы чыкканда отургандарды караганга деле алым келген жок. 3-4 ыр ырдагандан кийин элди көӊүл коюп карасам, апам дарыгери менен алдыӊкы катарда отурат. Сүйүнгөнүмдөн көзүмдөн жашым куюлуп ыйлап алып ырдадым. Аны алдыӊкы отургучта отургандар байкаса керек. Ошондо залда отургандар бир теӊ, апам бир теӊ болгон.
Анан ооруканадан чыгарып келип, бир туугандар дасторкон жайып майрамдадык. Ушул жерден айта кетпесем болбос, биз канчалык аракет кылбайлы, дасторконубуз апамдыкына жетпейт. Апамдын мантысын жесеӊ бир күн кечке тамак жебейсиӊ. Колуӊ менен алганда беш салааӊдан май агат десеӊ. Илгери каскан жок, чоӊ чараны өзү мык менен тешип жасап алган. Жайлоодон казанга суу куюп, чарага мантыларын тизип отко бышырып берчү. Азыр да укмуш сонун жасайт.

"Канчалык аракет кылбайын тамакты апамдыкындай жасай албайм. Кичүү уулум "таенемден үйрөнсөӊүз боло" дей берет".

"Атам, апам жана бир туугандарым менен. Ушул сүрөттү көрсөм жайлоодо жүргөн кезимди эстеп сагынам".


Сүйүн Кулматова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Төрт баламдын тең киндигин өзүм кескем" дейт Гүлзат Байзакованын апасы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
suiuktuujar
2014-12-08 11:16:18
карысы бай уйдун ырысы бар
+1
Ainura789
2014-12-08 11:42:06
Апаныз коп жашасын ылайым! Озунузго чыгармачылык ийгилик, уй булолук бакыт! Сизди кыргыз эли урматтап суйуп угат ырларынызды!
+1
Kroxa
2014-12-08 13:07:18
Жаш корунот Экен чабан болсо дагы жаш кезинде 100чыксын
+1
Aylin.91kg
2014-12-08 16:17:14
Ушу эженин ырларын суйуп угам да, аман болунуз! Мен да апамды аябай сагындым Аллахым апаларыбызга узун омур ден- соодук берсин.
+1
admin_media
2014-12-08 17:51:15
sinekod,
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат! Эскертүү!
0
Leili
2014-12-09 10:50:51
Апасы Аябай жакшы Адам Экен Мага Жактты Гулзат Эже Козу Аябай Чон го
+1
Begimkyz
2014-12-09 12:51:03
Илгерки аялдардын чыйрактыгына баа берем да. Апаңыздын дагы да болсо өмүрүн берсин!
+1
Beise
2014-12-09 17:16:08
Кандай бактылуулук омурлору узун болсун энелердин!!!
0
Oceana
2014-12-09 17:19:37
Apalar aman esen bolsun.
0
Aksy-13
2014-12-09 20:32:37
Накта кыргыз жуздуу аял экен. Гулзат чыгармачылыгына ийгилик!
0
Faina
2014-12-09 20:33:29
Апаларыбыз бар бактыбыз бар
0
pakiistanka
2014-12-10 17:22:57
Apasinin kopiyasy eken gulzat eje..Nakta Naaryndik ayaldar go ee?
0
Nur92
2014-12-12 23:23:12
Ийгилик каалайм.Дон-Талаадан!
0
Titi
2014-12-13 01:38:10
Ал кезде Бишкекте Гагарин кочодо жашачумун гулзада эженин кызыл пассат машнеси бар болчу ак оргодон чыгып Гагарин менен келе жатам аялдамадан эжекебиз машнесин катуу айдап чыга калды мен машнеми аран буруп отконго улгурдум сигналды бассам мени ашып отту да ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ. Ошондон кийин сыйлабай калдым бул адамды.болбосо ОЗУ куноолу
0
admin_superstan
2014-12-15 13:30:17
Titi, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз.
0
Senuchunzhashaim
2014-12-13 14:08:50
Ииий мага такыр жакпайт ушул айым. Дегеле ырларын укпайм... уну раздрожает
0
№ 631, 5-декабрь-11-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан