Нурлан Насип 1-декабрда быйыл көчүп барган жаӊы өргөөсүнө чоӊ той берди. Азыр кимдин-кимдин заманы, Нурлан Насиптин заманы болуп жатабы, айтор, үй тойго Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова, Эмгек сиӊирген ырчы Бек Борбиевдер баш болуп, мен ырчымын дегендердин баары төш болуп барышыптыр. Бек Борбиев өз сөзүндө иниси Нурланга “чырактай кезиӊде там сатып алып, той берип жатасыӊ, ушундай тырышчаактыгыӊдан жазба” деген куттук сөзүн айтты. Той ээси Нурлан: “Күтүлбөгөн жерден эле той берип калдым. Негизи үй тойду күзүндө беребиз деп жатканбыз, бирок убакыт тар болуп ушул күнгө туш келген экен, минтип жакын санаалаштарымдын курчоосунда өткөрүп жатам”,- дейт.