“ДОСТУК” & “САЯКТАРГА” КИМ ТЕҢЕЛЕТ?

Күлкү ден-соолуктун мүлкү

21-22-ноябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Тамашоу” лигасынын 2-сезону расмий түрдө старт алды. 2 күндүк күлкү майрамында баары болду: боорду эзген тамашалар, сулуу жана кооз жеңиштер жана ошондой эле алгачкы курмандыктар...

ТУПТУУРА 50 КОМАНДА
Күлкү кечесин ачып жатып алпаруучу Эрмек Нурбаев быйыл “Тамашоуго” катышкан командалардын саны туптуура 50гө жеткендигин жар салды. Албетте, бул түптөлгөнүнө 1 гана жыл болгон “Тамашоунун” зор ийгилиги. Көпчүлүгү студент болгон жаш «тамашоучулардын» заңгыраган Спорт Ордосун ээлеп, чогулган элди күлдүрүп жаткандыгын көрүп кубанбай койбойсуң. Анткени кечээ эле алар Сейтек борборунда сахнага жаңыдан чыгып, сүрдөө менен күрөшүп жаткан балдар эле. А азыр болсо балык өзүн сууда кандай эркин сезсе, алар сахнада өздөрүн дал ошондой сезишет. Сахнанын акулаларына айланып баратышкандай. Учурда ар бир команданын өз күйөрмандары бар жана жеке өзүлөрүнө гана тиешелүү ойноо стили калыптанган. Айтор, 2-сезондун жарым чейрек финалын карап отуруп ушундай ойлор жаралды. “Тамашоунун” ар бир оюну күлкү майрамына айланып бараткандыгына эки күн катары менен Спорт Ордосунан жүздөгөн күлкү күйөрмандары далил боло алышат.

КЕЧЕНИН КУРМАНДЫКТАРЫ
Бул күндөрү таш боор жарым чейрек финал сахнага чыккан 14 команданын ичинен 2 курмандыгын тандап алды. Бул көрүнүш кадимки орус рулеткасын эске салды. Калыстар тобунун упайларынын негизинде орус рулеткасынын огуна “No name” жана “KG 77” командалары учушту. Мындай натыйжа өзгөчө “KG 77нин” жигиттерин катуу ызалантканбы, айтор, алар төмөнкүдөй саптарын соңку сөз ордуна айтышты:
Анжелика кайдан келдиң жюриге?
“КG 77ге” “3тү” койдуң эмнеге?
Абдан тийип биздин жинибизге,
Кылыктанбай “4” койсоң болбойт беле?
Жюрилердин кулагына күмүш сырга,
Тамаша ойлоп табуу аста-аста.
А ойноп коюу бир паста,
Ушуну эсиңерге тутуп жүрсөңүздөр дайыма.
Учуп кеткен жана калган командаларга айтарыбыз:
Барга көппөгүлө, жокко чөкпө­гүлө!
Ал эми күйөрмандарыбызга Кышкы фестивалдан жолугушканча демекчибиз. “Тамашоунун” күйөрмандарына ийгилик!

СТАБИЛДҮҮ “ДОСТУК” ЖАНА МААНАЙГА ЖАРАША “САЯКТАР”
Дал ушул аталган 2 топ күйөр­мандардын купулуна толгон тамашаларды тартуулашып жеңүүчү аталышты. “Достуктун” соңку мезгилдеги стабилдүү оюндарын эске алсак, алардан жеңишти күткөндөр болгон. Ал эми нарындыктар чындыгында жарым чейрек финалдын ачылышы болушту. Эмнеси болсо да алдыда мыкты сезон күтүп турат десек жаңы­лышпайбыз.

КАЛЫСТАР ТУУРАЛУУ
Аталган командалардан тышкары, сахна четинде калыстар тобу деген дагы бир команда отурду. Жарым чейрек финалда калыстардын милдетин режиссёр жана продюссер Рысбек Жабиров, Улуттук биринчи каналдын башкы менеджери Айбек Молдокадыров, “Супер-Инфо” гезитинин башкы редактору Шаиста Шатманова, КВНчи Саламат Алиев жана кыргыз шоу-дүйнөсүнүн өкүлдөрү ырчылар Урмат Усенов, Тата Улан жана Анжелика аркалашты.


ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРДӨН ТАМАША
Мусулмандар үчүн чочко тумоосу менен ооруу бул – харам!
Бишкекте ар бир онунчу таксист оштук, Ысык-Көлдө ар бир онунчу таксикоман-таксист.
(«Достук»)

Христиан дининин кечилдери айылдарды кыдырып башташты. Элге айткандары жеткиликтүү болуш үчүн алар өзү менен кошо котормочуну алып жүрүшөт.
Апостол (А): Добрый день, братья и сёстры! – Котормочу (К): Ассалоому алейкум, братишкалар!
А: Послушайте, завет истинный – К: Мобул кишиге беш мүнөт көңүл буруп койгулачы.
А: В начале было слово – К: Көп сөз – бок сөз.
А: И создал бог на седьмой день землю прекрасную – К: Кыргызстан эгемендүүлүккө жетти.
А: И создал он на земле Адама и Еву – К: Акаевдер бийликке келишти.
А: И вкусила Ева запретный плод – К: Майрамдын көзүн май басты.
А: И разгневался бог и пустил он на Землю кару небесную – К: 24-март...
А: И начался на земле всемирный потоп – К: “Народный”, “Гоин”, “Бета Сторес”...
А: И после этого спаслись на земле каждой твари по паре – К: Бакиев-Кулов тандеми түзүлдү.
А: И настали благие времена – К: Салымбеков кинотеатрларды ачты, Нариман Түлеев мэр болду, А “Дордой” - чемпион!
А: Приходите на проповеди, братья и сестры – К: “Тамашоуго” келип тургула, сестрёнкалар!
А: И ибо воздастся вам –
К: Ооба.
А: Аминь! – К: Оомийин!
(«Саяктар»)


21-ноябрда
“Ак-Өргө city” (Бишкек),
“ No name” (Ош технологиялык университети),
“Достук” (Ататүрк Ала-Тоо университети),
“Ак Кеме” (Кыргыз-түрк Манас университети),
“Юристтер “(Кыргыз-орус славян университети),
“Не дай бох” (Кыргыз технологиялык университети)
“2-рота” (Бишкек жогорку аскер окуу жайы)

22-ноябрда
“Жигиттер” (Көркөм сүрөт академиясы),
“Саяктар” (Нарын мамлекеттик университети),
“Чез” (Кыргыз улуттук университети),
“KG 77” (Бишкек),
“Юрский период” (Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы),
“Веселый строитель” (Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети)
“Алтын кен” (Тоо-кен институту)

Базарбек Абдураимов
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
kydykov
2009-11-30 17:54:00
dostuk champion. ala-too-ataturk vpered. let's go have a rest,"DOSTUK" is the best.
0
aidosh18_05
2011-08-10 21:07:42
KG77 мага аябай жагат!!! алга!!! СУПЕР команда.
0
№ 369, 27-ноябрь - 3-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан