Эл уулунун жасаган иштери элдин ак батасына арзыды
Жакында эле Жогорку Кеӊештин депутаты, «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусунун үч районун кыдырып, элдин ал-абалынан кабар алып келди. Эл өкүлү Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондорунда болду. Бир эмес, эки райондук ооруканага атайын палаталарды ачып, бейтаптар менен баарлашып, алардын сунуш-пикирлерин эске алды. Ооруканадагы оӊдоо иштерин талап кылган палаталарды толук оӊдоп-түзөөдөн өткөзүп, керектүү буюм, эмеректер да алынып берилди.
Бизде 44 район болсо, ар бир райондогу оорукананын бирден палатасын бүгүнкү күндүн талабына жооп бере турган абалга келтирүү – партиянын негизги максаттарынын бири. Мындай жагымдуу ишти жасоо Бакыт Төрөбаевдин жеке демилгеси. Анткени эл өкүлүн бул жарык дүйнөгө алып келген алтын апасы ооруканада анын көз алдында каза болгон. Ошондо «Биздин апаларыбыз, эжелерибиз, жеӊелерибиз ооруп калса, жакшы шартта дарыланса экен» деп өзүнө өзү сөз бергенин айтып калат. Азыр бой жетип, күчкө толуп турган кези. Ошол балалык чагындагы максаттарын ишке ашырчу мезгил да келди. Ошондуктан эл өкүлү бул ишмердүүлүгүн токтотпой, мындан ары да уланта бермекчи.
Оӊдоп-түзөөдөн өткөн палаталардын кызыл тасмасын кесип жатып, «Ар бир кыргыз жараны жылуу, жарык, толук шарты бар ооруканаларда дарыланууга укуктуу. Тоолуу райондордогу ооруканалар эмне үчүн Бишкек шаарындагы ооруканалардай болбошу керек? Менин жасап жаткан ишим – Өкмөт алыскы райондордогу тургундарыбыз кандай шартта дарыланып жатканына көӊүл буруп койсун деген кыйкырыгым» дейт депутат.
«Кыштын кычыраган суугунда элден кабар алып, алардын ден соолугуна кам көрүп, жашоо турмушунан кабар алуу ар бир депутаттын милдети деп белгилеп койсок ашыктык болбос. Албетте, уулуӊ тыӊ чыгып, туугандарына эле эмес, бүтүндөй элге жардамы тийип турса сыймык экен. Бул палаталар эле ачылып калбастан, элге ыӊгайлуу болсун деп «Өнүгүү-Прогресс» партиясы автобус да сатып алып берген. Бул болсо кадимки таксилерден 50 пайызга арзан» дейт карапайым эл.
Эми жаз алды менен Ала-Бука районуна партия МТС ачып берсе, Чаткалга жазында 10 көчмө трактор жөнөтүлсө, элдин колу узарып, дыйкандардын маӊдай теринин акыбети да кайтат. Ошентип эл уулунун алыскы райондорго болгон сапары элдин ак батасына арзып жыйынтыкталды.