Белгилүү болгондой, өкмөт 4-ноябрда көмүрдүн баасына 90 күндүк мамлекеттик көзөмөлдөө киргизген. Ал эми 1-декабрь күнү Монополияга каршы мамлекеттик жөнгө салуу агенттиги көмүр өлкөбүздүн кайсы аймагында кандай баада сатыларын эсептеп чыкты.
Эскерте кетсек, аталган ведомство өлкөдөгү 100дөй көмүр казып алуучу ишканалардын көмүргө болгон өздүк баасын бекитти. Андан ары ишканалар көмүр казып алгандыгы үчүн баага 10 пайыздан ашпаган сумма кошуп, сатуучуларга чыгарат. Дүңүнөн сатуучулардын көмүрдү сатып алган баадан сатыкка кошкон баасы 10 пайыздан ашпашы керек. Кийинки майда соода түйүндөгүлөр, чекене сатуучулар көмүр сатууда алган баасына 5 пайыз гана кошумча кошо алышат. Ошону менен көмүрдүн өздүк баасына бардыгы болуп 25-30 пайыз гана кошулушу керек. Буга чейин соодагерлер көмүрдүн наркына 50-70 пайыз кошуу менен керектөөчүлөргө сатышчу.
Төмөндө өлкө боюнча 1 тонна көмүрдүн чекене баалары берилди.
Жогоруда аталган сатык баалардын сакталышын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматы, салык кызматы жана Монополияга каршы мамлекеттик жөнгө салуу агенттиги көзөмөлдөмөкчү. Эгер белгиленген баалар сакталбаса, административдик кодексти бузгандарга 10 миң сомдон 50 миң сомго чейинки айып салынат.
Наргиза Бекжанова
koom@super.kg